ЖООН-АРЫК
ЖООН-АРЫК – Кочкор районундагы чоң суу. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталынан башталган Кара-Кужур жана Төлөк сууларынын кошулушунан пайда болот. Узундугу 34,8 км, алабынын аянты 1340 км2. Кочкор суусу менен кошулуп, Чүй дарыясын түзөт. Ири куймалары: Кара-Кокту, Чалай, Кара-Кужур, Төлөк. Мындан башка 60тан ашык майда куймасы бар. Алабында жалпы аянты 0,15 км2 келген 2 көл жатат. Жылдык орточо чыгымы 11,4 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы 131 м3/сек, эң азы – 1,97 м3/сек. Апрелде кирип, августтун аягында тартылат. Сугатка пайдаланылат, андан ондон ашык сугат каналдары башталат. Жээгинде Сары-Булак, Көк-Жар кыштактары жайгашкан. Айрым учурларда Жоон-Арыктын Кочкор суусуна куйган жерлер да ушундай тарыхый топоним менен аталат (кара: Жоон-Арык капчыгайы). 1926-жылдагы Кыргызстанды райондоштуруу боюнча Кыргыз БАКнын чечимине ылайык өзүнчө Жоон-Арык болуштугу түзүлүп, 1929-жылга чейин ушул аталышты алып жүргөн.