КЫЧКЫЛТЕК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫЧКЫЛТЕК</b> (лат. Oxygenium), О – элемент­тердин мезгилдик системасынын VI тобундагы | <b type='title'>КЫЧКЫЛТЕК</b> (лат. Oxygenium), О – элемент­тердин мезгилдик системасынын VI тобундагы химиялык элемент; атомдук номери 8, ат. м. 15,9994. Табиятта кычкылтектин массалык сандары <sup>16</sup>О, <sup>17</sup>О ж-а | ||
<sup>18</sup>О болгон 3 туруктуу изотобу кездешет. Эркин түрүндө эки модификацияда О<sub>2 </sub>ж-а О<sub>3 </sub>(озон) | |||
кычкылтектин массалык сандары <sup>16</sup>О, <sup>17</sup>О ж-а | болот. Кычылтек металл эместердин ичинен эң актив­дүүсү (фтордон кийинки). Таза түрүндөгү кычкылтекти биринчи жолу 1772-ж. швед химиги К. Шееле KNO<sub>3</sub>, NаNO<sub>3</sub>, Mg(NO<sub>3</sub>)<sub>2</sub>ден, 1774-ж. англтялык хи­мик Ж. Пристли HgOдон бөлүп алган. 1775-ж.франсуцз химик А. Лавуазье абанын курамын анык­тап, ал кычкылтек м-н азоттон турарын айткан ж-а кис­лоталардын курамына киргендиктен, oxygene – «кислота пайда кылуучу» деп атаган. Кычкылтек эң ке­ңири таралган элемент. Атмосферада массасы боюнча 23,10%, көлөмү боюнча 20,95%ке чейин болот ж-а ал азоттон кийинки 2-орунду ээлейт. Гид­росферада 85,82%, литосферада 52,8%ти түзөт. Курамында кычкылтек бар 1400дөн ашуун минерал бел­гилүү. Окистенүүнүн, күйүү, чирүү ж-а дем алуу­нун натыйжасында атмосферада азайып, өсүмдүктө жүрүүчү <i>фотосинтез</i> кубулушунда бөлүнүп чы­гуучу кычкылтек м-н толукталат. Кычкылтек жытсыз, даамсыз, түссүз газ. Абадан бир аз оор, сууда аз эрийт. Сууда жашаган тирүү организмдер үчүн кычкылтектин эригичтигинин мааниси өтө зор. –182,9°С ж-а нормалдуу басымда кычкаылтек көгүлтүр түстөгү суюк­тук; –218°Сде көк түстөгү катуу кристаллга ай­ланат. Кычкылтек гелий, неон ж-а аргондон башка бар­дык элементтер м-н хим. бирикмелерди пайда кылат. Au, Pt, Xe, Kr ж-а галогендерден башка элементтер м-н түздөн-түз аракеттенет. Фтордон башка жөнөкөй заттар м-н болгон реакцияла­рында окистенткич болуп саналат. Кээ бир зат­тар, мисалы, азот оксиди кандын гемоглобини кычкылтек м-н бөлмө температурасында биригет. Кычкылтектин каты­шуусундагы реакциялардын мүнөздүү өзгөчөлү­гү – жылуулукту ж-а жарыкты бөлүп чыгаруу­су болуп саналат. Мындай процесс <i>күйүү</i> деп ата­лат. Кычкылтек суутек м-н реакцияга кирип, сууну пай­да кылат. Реакция катализатордун катышуу­сунда 80°–100°Сде тез жүрөт. 500°Cден жогорку температурада реакция жарылуу м-н жүрөт. Ката­лизаторлордун катышуусу м-н көп окистенүү реакциялары тездейт. Кычкылтек күкүрт, селен, теллур­дан айырмаланып, 2 валенттүү. Суутек м-н ка­димки температурада өтө жай, 550°Сдан жогорку темп-рада жарылуу м-н, ал эми күкүрт, кө­мүртек, азот, фосфор м-н да кадимки шартта жай кошулат. Кычкылтек дээрлик бардык металлдарды окистендирет. Кыскылтек мезгилдик системанын II то­бунун элементтери м-н реакцияга кирет. Мисалы, Ba 20–25°Сде, Mg ж-а Be 500°Сден жогорку темп­рада күйөт. Реакциянын натыйжасында оксид­дер ж-а пероксиддер пайда болот. Zn, Ca, Hg м-н жогорку темп-рада гана аракеттенет. III топ­тун элементтери температуранын таасиринде гана аракеттенет да, оксиддерди пайда кылат. Ti, Zr, Hf К-тин таасирине туруктуу. Кычкылтек көмүртек м-н реакцияга киргенде СО<sub>2</sub> пайда болуп, көп жы­луулук бөлүнүп чыгат. Азот м-н 1200°Сден жо­горку темп-рада гана аракеттенип, NOну пайда кылат. NO андан ары NO<sub>2</sub> чейин кычкылданат. VI топтун элементтери S, Se, Te бир аз ысыт­канда эле кычкылтек м-н аракеттенет. W ж-а Mo эле­менттеринин окистениши 400°Сде байкалат. Лабораторияда кычкылтек оксиддерди, пероксиддерди, окси кислоталардын туздарын (KNO<sub>3</sub>, KClO<sub>3</sub>, KMnO<sub>4</sub>) тер­миялык ажыратуу м-н алынат. Өнөп жайда кычкылтек аба­нын курамынан – 40°Сде ж-а 40 атмосферанын басым ас­тында суюктукка айлантып, ректификациялоо жолу м-н алынат. Техникада кычкылтек металлдарды ширетүүдө, кесүүдө, авиацияда, суу астындагы сүзүүчү кемелерде ж-а медицинада дем алуучу газ катары, металлургияда, жасалма суюк отундарды, күкүрт, азот кислоталарын, сода ж. б. химиялык заттарды алууда, жардыруу иштеринде колдо­нулат.<p align='right'><i type='author'>Д. Сатыбалдиев.</i></p> | ||
<sup>18</sup>О болгон 3 туруктуу изотобу кездешет. Эркин | |||
түрүндө эки модификацияда О<sub>2 </sub>ж-а О<sub>3 </sub>(озон) | |||
болот. | |||
«кислота пайда кылуучу» деп атаган. | |||
ж-а ал азоттон кийинки 2-орунду ээлейт. Гид­росферада 85,82%, литосферада 52,8%ти түзөт. Курамында | |||
эригичтигинин мааниси өтө зор. –182,9°С ж-а | |||
нормалдуу басымда | |||
Ba 20–25°Сде, Mg ж-а Be 500°Сден жогорку темп­рада күйөт. Реакциянын натыйжасында оксид­дер ж-а пероксиддер пайда болот. Zn, Ca, Hg м-н жогорку темп-рада гана аракеттенет. III топ­тун элементтери | |||
реакцияга киргенде СО<sub>2</sub> | |||
пайда болуп, көп жы­луулук бөлүнүп чыгат. Азот м-н 1200°Сден жо­горку темп-рада гана аракеттенип, NOну пайда | |||
кылат. NO андан ары NO<sub>2</sub> | |||
чейин кычкылданат. | |||
VI топтун элементтери S, Se, Te бир аз ысыт­канда эле | |||
<p align='right'><i type='author'>Д. Сатыбалдиев.</i></p> | |||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
04:40, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫЧКЫЛТЕК (лат. Oxygenium), О – элементтердин мезгилдик системасынын VI тобундагы химиялык элемент; атомдук номери 8, ат. м. 15,9994. Табиятта кычкылтектин массалык сандары 16О, 17О ж-а 18О болгон 3 туруктуу изотобу кездешет. Эркин түрүндө эки модификацияда О2 ж-а О3 (озон)
болот. Кычылтек металл эместердин ичинен эң активдүүсү (фтордон кийинки). Таза түрүндөгү кычкылтекти биринчи жолу 1772-ж. швед химиги К. Шееле KNO3, NаNO3, Mg(NO3)2ден, 1774-ж. англтялык химик Ж. Пристли HgOдон бөлүп алган. 1775-ж.франсуцз химик А. Лавуазье абанын курамын аныктап, ал кычкылтек м-н азоттон турарын айткан ж-а кислоталардын курамына киргендиктен, oxygene – «кислота пайда кылуучу» деп атаган. Кычкылтек эң кеңири таралган элемент. Атмосферада массасы боюнча 23,10%, көлөмү боюнча 20,95%ке чейин болот ж-а ал азоттон кийинки 2-орунду ээлейт. Гидросферада 85,82%, литосферада 52,8%ти түзөт. Курамында кычкылтек бар 1400дөн ашуун минерал белгилүү. Окистенүүнүн, күйүү, чирүү ж-а дем алуунун натыйжасында атмосферада азайып, өсүмдүктө жүрүүчү фотосинтез кубулушунда бөлүнүп чыгуучу кычкылтек м-н толукталат. Кычкылтек жытсыз, даамсыз, түссүз газ. Абадан бир аз оор, сууда аз эрийт. Сууда жашаган тирүү организмдер үчүн кычкылтектин эригичтигинин мааниси өтө зор. –182,9°С ж-а нормалдуу басымда кычкаылтек көгүлтүр түстөгү суюктук; –218°Сде көк түстөгү катуу кристаллга айланат. Кычкылтек гелий, неон ж-а аргондон башка бардык элементтер м-н хим. бирикмелерди пайда кылат. Au, Pt, Xe, Kr ж-а галогендерден башка элементтер м-н түздөн-түз аракеттенет. Фтордон башка жөнөкөй заттар м-н болгон реакцияларында окистенткич болуп саналат. Кээ бир заттар, мисалы, азот оксиди кандын гемоглобини кычкылтек м-н бөлмө температурасында биригет. Кычкылтектин катышуусундагы реакциялардын мүнөздүү өзгөчөлүгү – жылуулукту ж-а жарыкты бөлүп чыгаруусу болуп саналат. Мындай процесс күйүү деп аталат. Кычкылтек суутек м-н реакцияга кирип, сууну пайда кылат. Реакция катализатордун катышуусунда 80°–100°Сде тез жүрөт. 500°Cден жогорку температурада реакция жарылуу м-н жүрөт. Катализаторлордун катышуусу м-н көп окистенүү реакциялары тездейт. Кычкылтек күкүрт, селен, теллурдан айырмаланып, 2 валенттүү. Суутек м-н кадимки температурада өтө жай, 550°Сдан жогорку темп-рада жарылуу м-н, ал эми күкүрт, көмүртек, азот, фосфор м-н да кадимки шартта жай кошулат. Кычкылтек дээрлик бардык металлдарды окистендирет. Кыскылтек мезгилдик системанын II тобунун элементтери м-н реакцияга кирет. Мисалы, Ba 20–25°Сде, Mg ж-а Be 500°Сден жогорку темпрада күйөт. Реакциянын натыйжасында оксиддер ж-а пероксиддер пайда болот. Zn, Ca, Hg м-н жогорку темп-рада гана аракеттенет. III топтун элементтери температуранын таасиринде гана аракеттенет да, оксиддерди пайда кылат. Ti, Zr, Hf К-тин таасирине туруктуу. Кычкылтек көмүртек м-н реакцияга киргенде СО2 пайда болуп, көп жылуулук бөлүнүп чыгат. Азот м-н 1200°Сден жогорку темп-рада гана аракеттенип, NOну пайда кылат. NO андан ары NO2 чейин кычкылданат. VI топтун элементтери S, Se, Te бир аз ысытканда эле кычкылтек м-н аракеттенет. W ж-а Mo элементтеринин окистениши 400°Сде байкалат. Лабораторияда кычкылтек оксиддерди, пероксиддерди, окси кислоталардын туздарын (KNO3, KClO3, KMnO4) термиялык ажыратуу м-н алынат. Өнөп жайда кычкылтек абанын курамынан – 40°Сде ж-а 40 атмосферанын басым астында суюктукка айлантып, ректификациялоо жолу м-н алынат. Техникада кычкылтек металлдарды ширетүүдө, кесүүдө, авиацияда, суу астындагы сүзүүчү кемелерде ж-а медицинада дем алуучу газ катары, металлургияда, жасалма суюк отундарды, күкүрт, азот кислоталарын, сода ж. б. химиялык заттарды алууда, жардыруу иштеринде колдонулат.
Д. Сатыбалдиев.