ЖАМГЫРЧИНОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖАМГЫРЧИНОВ</b> Бегимаалы (15. 10. 1914, Пиш&shy;пек уезди, азыркы Сокулук р-ну, Күнтуу айы&shy;лы – 31. 10. 1982, Бишкек) – тарых илимд. док&shy;тору (1950), проф. (1951), Кыргыз ССР ИАнын
<b type='title'>ЖАМГЫРЧИНОВ</b> '''Бегимаалы''' [15. 10. 1914, [[Россия империясы]], [[Түркстан генерал-губернаторлугу]], [[Жети-Суу облусу]], [[Пишпек уезди|Пиш&shy;пек уезди]] (азыркы [[Сокулук району]]), [[Күнтуу айылы|Күнтуу айы&shy;лы]] – 31. 10. 1982, [[СССР]], [[Кыргыз ССРи]], [[Фрунзе шаары]]] – тарых илимдеринин док&shy;тору (1950), профессор (1951), Кыргыз ССР ИАнын
 
[[File:ЖАМГЫРЧИНОВ54.png | thumb | none]]академиги (1954), Кыргыз
ССРинин илим ж-а техни&shy;ка б-ча мамл. сыйл. лауреа&shy;ты (1970), кыргыз тарыхын изилдөөгө өзгөчө салым кош&shy;кон тарыхчылардын бири. 1936-ж. Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөндөн кийин, ошол эле ин-тта окутуучу, 1943–50-ж. СССР ИАнын
Кыргыз филиалында улук
ил. кызматкер, 1950–51-ж. филиалдын Тарых, тил ж-а адабият ин-тунда директор, 1951–54-ж. КМУнун ректору, 1954– 55-ж. Кыргыз ССР ИАнын академик-катчысы, 1965–76-ж. вице-президенти, 1976–82-ж. Тарых ин-тунда сектор башчы, бөлүм башчы болуп иш&shy;теген. Ж. өз эмгектеринде негизинен кыргыз&shy;дардын этногенезин ж-а этностук тарыхын, мад&shy;тын («Кыргыздар Ормон хандын доорунда», 1944;
«Кыргыздардын 18-кылымдын аягындагы согуш
мамилелеринин тарыхынан», 1945; «Кыргыздын санжырасынан», 1946 ж. б.) изилдөөгө алган. Айрыкча Кырг-н м-н Россиянын алакасына («Кыргызстандын Россияга кошулушу», 1959;
«Кыргызстандын Россиянын составына ыктыяр&shy;дуу кошулушу», 1963 ж. б.) ж-а кыргыз тары&shy;хынын ар кандай багыттарына арналган көлөм&shy;дүү эмгектерди, о. эле окуу куралдарын жазган. Кырг-ндын тарыхынын бардык басылыштары&shy;нын авторлорунун ж-а редакторлорунун бири. Ж. 150дөн ашык ил., окуу китептин ж-а эмгек&shy;тин (а. и. 8 монография, 3 китепке авторлош) автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3–4-, 7–8-чакырылыштарынын депутаты. Ленин, Ок&shy;тябрь Революциясы, Эл Достугу, «Ардак Бел&shy;гиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. [[Категория:3-том, 215-326 бб]]


[[File:ЖАМГЫРЧИНОВ54.png | thumb | none]]академиги (1954), Кыргыз ССРинин илим жана техни&shy;ка боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреа&shy;ты (1970), кыргыз тарыхын изилдөөгө өзгөчө салым кош&shy;кон тарыхчылардын бири. 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөндөн кийин, ошол эле институтта окутуучу, 1943–1950-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалында улук илимий кызматкер, 1950–1951-жылдарда филиалдын тарых, тил жана адабият институтунда директор, 1951–1954-жылдарда КМУнун ректору, 1954–1955-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын академик-катчысы, 1965–1976-жылдарда вице-президенти, 1976–1982-жылдарда тарых институтунда сектор башчы, бөлүм башчы болуп иш&shy;теген. Жамгырчинов өз эмгектеринде негизинен кыргыз&shy;дардын этногенезин жана этностук тарыхын, мад&shy;аниятын («Кыргыздар Ормон хандын доорунда», 1944; «Кыргыздардын 18-кылымдын аягындагы согуш мамилелеринин тарыхынан», 1945; «Кыргыздын санжырасынан», 1946, ж. б.) изилдөөгө алган. Айрыкча [[Кыргызстан]] менен [[Россия]]нын алакасына («Кыргызстандын Россияга кошулушу», 1959; «Кыргызстандын Россиянын составына ыктыяр&shy;дуу кошулушу», 1963, ж. б.) жана кыргыз тары&shy;хынын ар кандай багыттарына арналган көлөм&shy;дүү эмгектерди, ошондой эле окуу куралдарын жазган. Кыргызстандын тарыхынын бардык басылыштары&shy;нын авторлорунун жана редакторлорунун бири. Б. Жамгырчинов 150дөн ашык илимий, окуу китептин жана эмгек&shy;тин (анын ичинде 8 монография, 3 китепке авторлош) автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3–4-, 7–8-чакырылыштарынын депутаты. Ленин, Ок&shy;тябрь Революциясы, Эл Достугу, «Ардак Бел&shy;гиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
[[Категория:3-том, 215-326 бб]]

02:31, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

ЖАМГЫРЧИНОВ Бегимаалы [15. 10. 1914, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пиш­пек уезди (азыркы Сокулук району), Күнтуу айы­лы – 31. 10. 1982, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары] – тарых илимдеринин док­тору (1950), профессор (1951), Кыргыз ССР ИАнын

академиги (1954), Кыргыз ССРинин илим жана техни­ка боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреа­ты (1970), кыргыз тарыхын изилдөөгө өзгөчө салым кош­кон тарыхчылардын бири. 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөндөн кийин, ошол эле институтта окутуучу, 1943–1950-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалында улук илимий кызматкер, 1950–1951-жылдарда филиалдын тарых, тил жана адабият институтунда директор, 1951–1954-жылдарда КМУнун ректору, 1954–1955-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын академик-катчысы, 1965–1976-жылдарда вице-президенти, 1976–1982-жылдарда тарых институтунда сектор башчы, бөлүм башчы болуп иш­теген. Жамгырчинов өз эмгектеринде негизинен кыргыз­дардын этногенезин жана этностук тарыхын, мад­аниятын («Кыргыздар Ормон хандын доорунда», 1944; «Кыргыздардын 18-кылымдын аягындагы согуш мамилелеринин тарыхынан», 1945; «Кыргыздын санжырасынан», 1946, ж. б.) изилдөөгө алган. Айрыкча Кыргызстан менен Россиянын алакасына («Кыргызстандын Россияга кошулушу», 1959; «Кыргызстандын Россиянын составына ыктыяр­дуу кошулушу», 1963, ж. б.) жана кыргыз тары­хынын ар кандай багыттарына арналган көлөм­дүү эмгектерди, ошондой эле окуу куралдарын жазган. Кыргызстандын тарыхынын бардык басылыштары­нын авторлорунун жана редакторлорунун бири. Б. Жамгырчинов 150дөн ашык илимий, окуу китептин жана эмгек­тин (анын ичинде 8 монография, 3 китепке авторлош) автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3–4-, 7–8-чакырылыштарынын депутаты. Ленин, Ок­тябрь Революциясы, Эл Достугу, «Ардак Бел­гиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.