«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ»: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ»</b> – кыргыз лексикасындагы сөздөрдүн маа­нилерин ачып, аларды чечмелеп түшүндүргөн | <b type='title'>«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ»</b> – кыргыз лексикасындагы сөздөрдүн маа­нилерин ачып, аларды чечмелеп түшүндүргөн лексикографиялык эмгек. 1969-жылы Ж. <i>Шүкүровдун</i> же­текчилиги астында бир том болуп жарык көргөн. Орточо эсеп менен 25 миң сөз жана сөз ай­каштары камтылган. Кийин 1984-жылы сөздүктүн | ||
1-тому | 1-тому | ||
(<b>А</b>дан – <b>күрө</b>гө чейин) чыгып, 2-тому ар | (<b>А</b>дан – <b>күрө</b>гө чейин) чыгып, 2-тому ар | ||
кандай себептер | кандай себептер менен чыкпай калган. Редактор­лору: Э. <i>Абдулдаев</i> жана Д. Исаев болгон. Сөздүккө негизинен кыргыз адабий тилинин ошол кезде активдүү колдонулган лексикасы кирген. Эскир­ген сөздөр менен диалектилик, кесиптик лексика­нын фактылары бар. Сөздөр алфавит тартиби боюнча жайгаштырылып, кайсы сөз түркүмүнө кирээри грамматикалык белгилер аркылуу көрсөтүлүп, ал сөздөрдүн лексикалык маанилери чечмеле­нип түшүндүрүлүп, тиешелүү мисалдар берилген. Сөздүн өтмө маанилерин, архаизмдер менен исто­ризмдерди, диалектилик лексика фактыларын стилистикалык жактан ажыратууда атайын | ||
белгилер колдонулган. 2010- | белгилер колдонулган. 2010-жылы бир том | ||
(<b>А</b>дан –<b>Я</b> | (<b>А</b>дан –<b>Я</b>га чейин), 2011-жылы академик А. <i>Акматалиев­дин</i> жалпы редакциясы астында кайрадан «Кыр­гыз тилинин сөздүгү» деген ат менен 2 томдугу жаңыланып басылып чыккан. Сөздүктө 50 миң­ден ашык сөз жана сөз айкаштары камтылган. | ||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
03:35, 20 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ» – кыргыз лексикасындагы сөздөрдүн маанилерин ачып, аларды чечмелеп түшүндүргөн лексикографиялык эмгек. 1969-жылы Ж. Шүкүровдун жетекчилиги астында бир том болуп жарык көргөн. Орточо эсеп менен 25 миң сөз жана сөз айкаштары камтылган. Кийин 1984-жылы сөздүктүн 1-тому (Адан – күрөгө чейин) чыгып, 2-тому ар кандай себептер менен чыкпай калган. Редакторлору: Э. Абдулдаев жана Д. Исаев болгон. Сөздүккө негизинен кыргыз адабий тилинин ошол кезде активдүү колдонулган лексикасы кирген. Эскирген сөздөр менен диалектилик, кесиптик лексиканын фактылары бар. Сөздөр алфавит тартиби боюнча жайгаштырылып, кайсы сөз түркүмүнө кирээри грамматикалык белгилер аркылуу көрсөтүлүп, ал сөздөрдүн лексикалык маанилери чечмеленип түшүндүрүлүп, тиешелүү мисалдар берилген. Сөздүн өтмө маанилерин, архаизмдер менен историзмдерди, диалектилик лексика фактыларын стилистикалык жактан ажыратууда атайын белгилер колдонулган. 2010-жылы бир том (Адан –Яга чейин), 2011-жылы академик А. Акматалиевдин жалпы редакциясы астында кайрадан «Кыргыз тилинин сөздүгү» деген ат менен 2 томдугу жаңыланып басылып чыккан. Сөздүктө 50 миңден ашык сөз жана сөз айкаштары камтылган.