КЫТАЙ ТИЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
мNo edit summary
 
(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЫТАЙ ТИЛИ – </b>кытайлардын тили; КЭРдин
<b type='title'>КЫТАЙ ТИЛИ – </b>кытайлардын тили; КЭРдин
расмий тили. Тибет тилдеринин тобуна кирет. К. т-нде Тайвань, Сингапур, Индонезия, Лаос, Вьетнам, Бирма, Таиланд, Малайзия кытайла&shy;ры сүйлөшөт. К. т. 7 негизги диалектилик топ&shy;ко бөлүнөт: түндүк, у, сян, гань, хакка, юэ, минь. Диалектилеринде тыбыштык айырма чоң болгондуктан, алардын өкүлдөрү бири-бирин түшүнүүсү кыйын же түшүнүшпөйт. Бирок диа&shy;лектилердин граммат. түзүлүшү, негизги кура&shy;мы бир. Байыркы кытай жазма даректери б. з. ч. 2-миң жылдыктын 2-жарымында пайда болгон деп болжолдонот. Байыркы адабий эс&shy;телиги – «Шуцзин» («Тарых китеби») ж-а «Шиц&shy;зин» («Ыр китеби»). Байыркы кытай адабий тили (вэньянь) ошол кездеги диалектилердин негизинде түзүлгөн. Ал ар кандай өзгөртүүлөр м-н 20-к-га чейин колдонулган. Б. з. 1-миң жыл&shy;дыгынын башында жазма тилдин жаңы үлгүсү –
расмий тили. Тибет тилдеринин тобуна кирет. Кытай тилинде Тайвань, Сингапур, Индонезия, Лаос, Вьетнам, Бирма, Таиланд, Малайзия кытайла&shy;ры сүйлөшөт. Кытай тили 7 негизги диалектилик топ&shy;ко бөлүнөт: түндүк, у, сян, гань, хакка, юэ, минь. Диалектилеринде тыбыштык айырма чоң болгондуктан, алардын өкүлдөрү бири-бирин түшүнүүсү кыйын же түшүнүшпөйт. Бирок диа&shy;лектилердин грамматикалык түзүлүшү, негизги кура&shy;мы бир. Байыркы кытай жазма даректери б. з. ч. 2-миң жылдыктын 2-жарымында пайда болгон деп болжолдонот. Байыркы адабий эс&shy;телиги – «Шуцзин» («Тарых китеби») жана «Шиц&shy;зин» («Ыр китеби»). Байыркы кытай адабий тили (вэньянь) ошол кездеги диалектилердин негизинде түзүлгөн. Ал ар кандай өзгөртүүлөр менен 20-кылымга чейин колдонулган. Б. з. 1-миң жыл&shy;дыгынын башында жазма тилдин жаңы үлгүсү –
б а й х у а (жөнөкөй, түшүнүктүү тил) пайда болгон. Байхуа жалпы элдик К. т-не негиз бо&shy;луп, п у т у н х у а (жалпыга түшүнүктүү тил) аталган. 20-к-дын 1-жарымында путунхуа ве&shy;ньянды сүрүп чыгарып, кытайдын улуттук ада&shy;бий тилине айланган. Анын фонет. нормасы ка&shy;тары Пекин говору алынган. Байхуанын кол&shy;донулушу м-н К. т-де эки муундуу сөздөр көбөйгөн ж-а сөз, форма жасоочу аффикстер, жөнөкөй муундуу сөздөр пайда болгон. Путун&shy;хуада 414 муун, 4 түрдүү тон бар; ар бир муун 2ден 4кө чейинки вариантка ээ. К. т-де башка тилдерден түз кабыл алуу болбосо да, семанти&shy;ка, калька жолу м-н кабыл алуу ыгы колдону&shy;лат. Аффикстери анча көп эмес, алар агглюти&shy;нация жолу м-н жалганат. К. т. БУУнун рас&shy;мий ж-а жумушчу тилдеринин бири болуп эсеп&shy;телет. Жазуусуна иероглифтер пайдаланылат.
б а й х у а (жөнөкөй, түшүнүктүү тил) пайда болгон. Байхуа жалпы элдик Кытай тилине негиз бо&shy;луп, п у т у н х у а (жалпыга түшүнүктүү тил) аталган. 20-кылымдын 1-жарымында путунхуа ве&shy;ньянды сүрүп чыгарып, кытайдын улуттук ада&shy;бий тилине айланган. Анын фонетикалык нормасы ка&shy;тары Пекин говору алынган. Байхуанын кол&shy;донулушу менен Кытай тилинде эки муундуу сөздөр көбөйгөн жана сөз, форма жасоочу аффикстер, жөнөкөй муундуу сөздөр пайда болгон. Путун&shy;хуада 414 муун, 4 түрдүү тон бар; ар бир муун 2ден 4кө чейинки вариантка ээ. Кытай тилинде башка тилдерден түз кабыл алуу болбосо да, семанти&shy;ка, калька жолу менен кабыл алуу ыгы колдону&shy;лат. Аффикстери анча көп эмес, алар агглюти&shy;нация жолу менен жалганат. Кытай тили БУУнун рас&shy;мий жана жумушчу тилдеринин бири болуп эсеп&shy;телет. Жазуусуна иероглифтер пайдаланылат.
[[Категория:4-том, 737-822 бб]]
[[Категория:4-том, 737-822 бб]]

03:24, 20 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЫТАЙ ТИЛИ – кытайлардын тили; КЭРдин расмий тили. Тибет тилдеринин тобуна кирет. Кытай тилинде Тайвань, Сингапур, Индонезия, Лаос, Вьетнам, Бирма, Таиланд, Малайзия кытайла­ры сүйлөшөт. Кытай тили 7 негизги диалектилик топ­ко бөлүнөт: түндүк, у, сян, гань, хакка, юэ, минь. Диалектилеринде тыбыштык айырма чоң болгондуктан, алардын өкүлдөрү бири-бирин түшүнүүсү кыйын же түшүнүшпөйт. Бирок диа­лектилердин грамматикалык түзүлүшү, негизги кура­мы бир. Байыркы кытай жазма даректери б. з. ч. 2-миң жылдыктын 2-жарымында пайда болгон деп болжолдонот. Байыркы адабий эс­телиги – «Шуцзин» («Тарых китеби») жана «Шиц­зин» («Ыр китеби»). Байыркы кытай адабий тили (вэньянь) ошол кездеги диалектилердин негизинде түзүлгөн. Ал ар кандай өзгөртүүлөр менен 20-кылымга чейин колдонулган. Б. з. 1-миң жыл­дыгынын башында жазма тилдин жаңы үлгүсү – б а й х у а (жөнөкөй, түшүнүктүү тил) пайда болгон. Байхуа жалпы элдик Кытай тилине негиз бо­луп, п у т у н х у а (жалпыга түшүнүктүү тил) аталган. 20-кылымдын 1-жарымында путунхуа ве­ньянды сүрүп чыгарып, кытайдын улуттук ада­бий тилине айланган. Анын фонетикалык нормасы ка­тары Пекин говору алынган. Байхуанын кол­донулушу менен Кытай тилинде эки муундуу сөздөр көбөйгөн жана сөз, форма жасоочу аффикстер, жөнөкөй муундуу сөздөр пайда болгон. Путун­хуада 414 муун, 4 түрдүү тон бар; ар бир муун 2ден 4кө чейинки вариантка ээ. Кытай тилинде башка тилдерден түз кабыл алуу болбосо да, семанти­ка, калька жолу менен кабыл алуу ыгы колдону­лат. Аффикстери анча көп эмес, алар агглюти­нация жолу менен жалганат. Кытай тили БУУнун рас­мий жана жумушчу тилдеринин бири болуп эсеп­телет. Жазуусуна иероглифтер пайдаланылат.