КЫТАЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫТАЕВ</b> Насыр (июнь, 1917, Чүй өрөөнү, азыр­кы Аламүдүн | <b type='title'>КЫТАЕВ</b> Насыр (июнь, 1917, Чүй өрөөнү, азыр­кы Аламүдүн району, Кой-Таш кыштагы – 6. 8. 1999, ошол эле жер) – Кыргыз ССР эл артисти (1967). | ||
[[File:КЫТАЕВ49.png | thumb | none|342x342px]][[File:КЫТАЕВ50.png | thumb | Н. Кытаев – Курманбек, К. Жантөшевдин «Курман­бек» спектакли.]] | |||
Фрунзедеги музыкалык окуу жайында окуган (1932). Москвадагы А. Луначарский атындагы театр институту­нун актёрдук факультетин В. А. Орловдон таалим алып бүтүргөн (1941). Кыргыз мамлекеттик драма театрында 43 жыл иштеп, 150дөн ашык роль аткарган. Улуттук театр искусстосунун өнүгүшүндө чоң салым кошкон. Кытаевге образ­дардын коомдук ордун так ачып берүү мүнөздүү. Не­гизгилери: Лир, Кассио (У. Шекспир, «Король Лир», «Отелло»), Фердинанд (И. Шиллер, «Жүзү каралык жана сүйүү»), Осип (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Паратов, Любим Тарцов (А. Островский, «Сеп­сиз кыз», «Кедейлик кемтик эмес»), Олег Ко­шевой (А. Фадеев, «Жаш гвардия»), Курманбек, Камалбек апенди (К. Жантөшев, «Курман­бек», «Каныбек»), Үмөталы (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»), | |||
Бабажан корбашы (К. Ма­ликов, «Бийик жерде»), Нияз, Сабыр, Садыр­кул, Катаган (Т. Абдумомунов, «Абийир ке­чирбейт», «Тар капчыгай», «Атабектин кызы», «Сүйүү жана үмүт»), Болот (А. Көбөгөнов, «Бо­лот менен Тынар»), жана башкалар. Операда: Учей-Фунун (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Кошойдун (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас»), Кузнецовдун (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз») жана башка партияларын аткарган. Н. Кытаев киного да тартыл­ган («Салтанат», «Биринчи мугалим», «Саман­чынын жолу», «Каныбек», «Токтогул», «Жоро», «Көчө» жана башкалар). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белги­си» ордендери жана медалдар менен сыйланган. | |||
Ад.: <i>Львов Н.</i> Киргизский театр. М., 1953; <i>Бруд­ный Д.</i> Театральное искусство Киргизии. М., 1959. | |||
Ад.: <i>Львов Н.</i> Киргизский театр. М., 1953; <i>Бруд­ный Д.</i> Театральное искусство Киргизии. М., 1959. | |||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
07:48, 19 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫТАЕВ Насыр (июнь, 1917, Чүй өрөөнү, азыркы Аламүдүн району, Кой-Таш кыштагы – 6. 8. 1999, ошол эле жер) – Кыргыз ССР эл артисти (1967).


Фрунзедеги музыкалык окуу жайында окуган (1932). Москвадагы А. Луначарский атындагы театр институтунун актёрдук факультетин В. А. Орловдон таалим алып бүтүргөн (1941). Кыргыз мамлекеттик драма театрында 43 жыл иштеп, 150дөн ашык роль аткарган. Улуттук театр искусстосунун өнүгүшүндө чоң салым кошкон. Кытаевге образдардын коомдук ордун так ачып берүү мүнөздүү. Негизгилери: Лир, Кассио (У. Шекспир, «Король Лир», «Отелло»), Фердинанд (И. Шиллер, «Жүзү каралык жана сүйүү»), Осип (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Паратов, Любим Тарцов (А. Островский, «Сепсиз кыз», «Кедейлик кемтик эмес»), Олег Кошевой (А. Фадеев, «Жаш гвардия»), Курманбек, Камалбек апенди (К. Жантөшев, «Курманбек», «Каныбек»), Үмөталы (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»),
Бабажан корбашы (К. Маликов, «Бийик жерде»), Нияз, Сабыр, Садыркул, Катаган (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт», «Тар капчыгай», «Атабектин кызы», «Сүйүү жана үмүт»), Болот (А. Көбөгөнов, «Болот менен Тынар»), жана башкалар. Операда: Учей-Фунун (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Кошойдун (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас»), Кузнецовдун (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз») жана башка партияларын аткарган. Н. Кытаев киного да тартылган («Салтанат», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Каныбек», «Токтогул», «Жоро», «Көчө» жана башкалар). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Львов Н. Киргизский театр. М., 1953; Брудный Д. Театральное искусство Киргизии. М., 1959.