КЫРГЫЗ ЭЛДИК МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫРГЫЗ ЭЛДИК МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫ</b> . | <b type='title'>КЫРГЫЗ ЭЛДИК МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫ</b> . Муундан-муунга мурас болуп келе жаткан түрдүү музыкалык аспаптарда кыргыз элинин жашоо-турму­шун, кубанычын, кайгы-капасын, махабатын, эрдиктерин жана башкаларды күүгө салуу, ырга кошуу менен өздөрүнүн кулк-мүнөздөрүнө айкалышкан улут­тук ладдарын, ритмдерин, обондорун, күүлөрүн иштеп чыгышкан. Кыргыз элдик музыкалык аспаптарынын ар биринин өзүнө таандык үнү, аткаруу ыкмалары, кайта­лангыс өзгөчөлүктөрү бар. Алар жөнүндө маалы­маттар оозеки элдик ырларда, уламыштарда жана дастандарда айтылат, биздин заманга чейинки III–VIII кылымдардагы жана XI–XII кылымдардагы орус жана чет элдик саякатчы­лар менен илимпоздордун эмгектеринен да кездеш­тирүүгө болот. Алгачкы аспаптар жыгачтан, түрдүү өсүмдүктөрдөн, малдын териси менен сөө­гүнөн, мүйүзү менен кылынан жасалган. Музыкалык ас­паптарга чыгарылган обондор жар чакырууда, жоокерлерди чогултууда, жоого аттанууда, улуу жеңиштерди даңктоодо, кабарлоодо, белги берүүдө, аңды үркүткөндө, куш салууда жана башкаларда пайдаланылган.Кыргыз элдик музыкалык аспаптары үйлөмө [чоор түрлөрү: чопо чоор, ышкырык чоор, чогойно чоор, бал­тыркан чоор, сыбызгы, сурнай, керней, жалбы­рак, чыңырткы, зуулдак, барылдак, ышкырык, чымылдак]; какма (темир ооз комуз, жыгач ооз | ||
Муундан-муунга мурас болуп келе жаткан түрдүү | комуз), дирилдек, асатаяк, шалдырак, коңгуроо, жылаажын, жекесан; кылдуу чертме (ко­муз); тартма (кыл кыяк); урма (добулбас, до­булбаш, доол) болуп бөлүнөт. | ||
өздөрүнүн кулк-мүнөздөрүнө айкалышкан улут­тук ладдарын, ритмдерин, обондорун, күүлөрүн иштеп чыгышкан. | |||
өзүнө таандык үнү, аткаруу ыкмалары, кайта­лангыс өзгөчөлүктөрү бар. Алар | |||
чопо чоор, ышкырык чоор, чогойно чоор, бал­тыркан чоор, сыбызгы, сурнай, керней, жалбы­рак, чыңырткы, зуулдак, барылдак, ышкырык, | |||
чымылдак]; какма (темир ооз комуз, жыгач ооз | |||
комуз), дирилдек, асатаяк, шалдырак, | |||
[[File:КЫРГЫЗ ЭЛДИК МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫ46.png | thumb | 1. Комуз. 2. Кыяк. 3. Темир комуз. 4. Жыгач комуз. 5. Тай туяк. 6. Добулбас. 7. Шалдырак. 8. Чопо | [[File:КЫРГЫЗ ЭЛДИК МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫ46.png | thumb | 1. Комуз. 2. Кыяк. 3. Темир комуз. 4. Жыгач комуз. 5. Тай туяк. 6. Добулбас. 7. Шалдырак. 8. Чопо-чоорлор. 9. Чоорлор. 10. Сурнай. 11. Керней.]] | ||
чоорлор. 9. Чоорлор. 10. Сурнай. 11. Керней.]] | Кыргыз элдик музыкалык аспаптарын өр­күндөтүү 1930-жылдан башталган. Комуздун алгачкы жаңы түрлөрү (комуз-прима, комуз-се­кунда, комуз-альт, комуз-тенор, комуз-бас) Москвадагы Сокольники музыкалык фабрикасында ус­талар В. Лазарев, А. Токмаков, П. Шошин жана П. Гренев биргелешип иштөөсү менен өркүндө­түлгөн (1935). Кыл кыяктын жаңы түрлөрүн П. Шошин (1938–1940), Ташкент илимий-изилдөө институтунун профессору А. Петросянц менен С. Дидеренко (1952–1953) модернизациялашкан. Акыркы 15 жылда Кыр­гыз эл аспаптар оркестринде, «Камбаркан» эт­нографиялык-фольклордук, «Ордо сахна» ансамблде­ринде улуттук музыкалык аспаптар кеңири пайдала­нылат. <i>Б. Алагушов.</i> | ||
П. Шошин ( | |||
модернизациялашкан. Акыркы 15 жылда Кыр­гыз эл аспаптар оркестринде, «Камбаркан» эт­ | |||
Ад.: <i>С. Субаналиев.</i> Киргизские музыкальные ин­струменты. Ионофоны, мебранафоны и аэрофоны. Ф., 1985; <i>Б. Алагушов.</i> Кыргыз музыкасы. Энциклопе­дия. Б., 2007. | Ад.: <i>С. Субаналиев.</i> Киргизские музыкальные ин­струменты. Ионофоны, мебранафоны и аэрофоны. Ф., 1985; <i>Б. Алагушов.</i> Кыргыз музыкасы. Энциклопе­дия. Б., 2007. | ||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
12:24, 16 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ ЭЛДИК МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫ . Муундан-муунга мурас болуп келе жаткан түрдүү музыкалык аспаптарда кыргыз элинин жашоо-турмушун, кубанычын, кайгы-капасын, махабатын, эрдиктерин жана башкаларды күүгө салуу, ырга кошуу менен өздөрүнүн кулк-мүнөздөрүнө айкалышкан улуттук ладдарын, ритмдерин, обондорун, күүлөрүн иштеп чыгышкан. Кыргыз элдик музыкалык аспаптарынын ар биринин өзүнө таандык үнү, аткаруу ыкмалары, кайталангыс өзгөчөлүктөрү бар. Алар жөнүндө маалыматтар оозеки элдик ырларда, уламыштарда жана дастандарда айтылат, биздин заманга чейинки III–VIII кылымдардагы жана XI–XII кылымдардагы орус жана чет элдик саякатчылар менен илимпоздордун эмгектеринен да кездештирүүгө болот. Алгачкы аспаптар жыгачтан, түрдүү өсүмдүктөрдөн, малдын териси менен сөөгүнөн, мүйүзү менен кылынан жасалган. Музыкалык аспаптарга чыгарылган обондор жар чакырууда, жоокерлерди чогултууда, жоого аттанууда, улуу жеңиштерди даңктоодо, кабарлоодо, белги берүүдө, аңды үркүткөндө, куш салууда жана башкаларда пайдаланылган.Кыргыз элдик музыкалык аспаптары үйлөмө [чоор түрлөрү: чопо чоор, ышкырык чоор, чогойно чоор, балтыркан чоор, сыбызгы, сурнай, керней, жалбырак, чыңырткы, зуулдак, барылдак, ышкырык, чымылдак]; какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз), дирилдек, асатаяк, шалдырак, коңгуроо, жылаажын, жекесан; кылдуу чертме (комуз); тартма (кыл кыяк); урма (добулбас, добулбаш, доол) болуп бөлүнөт.

Кыргыз элдик музыкалык аспаптарын өркүндөтүү 1930-жылдан башталган. Комуздун алгачкы жаңы түрлөрү (комуз-прима, комуз-секунда, комуз-альт, комуз-тенор, комуз-бас) Москвадагы Сокольники музыкалык фабрикасында усталар В. Лазарев, А. Токмаков, П. Шошин жана П. Гренев биргелешип иштөөсү менен өркүндөтүлгөн (1935). Кыл кыяктын жаңы түрлөрүн П. Шошин (1938–1940), Ташкент илимий-изилдөө институтунун профессору А. Петросянц менен С. Дидеренко (1952–1953) модернизациялашкан. Акыркы 15 жылда Кыргыз эл аспаптар оркестринде, «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук, «Ордо сахна» ансамблдеринде улуттук музыкалык аспаптар кеңири пайдаланылат. Б. Алагушов.
Ад.: С. Субаналиев. Киргизские музыкальные инструменты. Ионофоны, мебранафоны и аэрофоны. Ф., 1985; Б. Алагушов. Кыргыз музыкасы. Энциклопедия. Б., 2007.