КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ</b> Т. С а­т ы л г а | <b type='title'>КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ</b> Т. С а­т ы л г а н о в а т ы н д а – кыргыз эл ырлары менен күүлөрүн, дүйнө элдеринин музыкалык маданиятын угуу­чулардын калың катмарына жайылтууга кон­церттик ишмердигин багыттаган мамл. мекеме. 1936-жылы 7-октябрда Кыргыз музыкалык драма театрын­да П. Шубиндин жетекчилиги менен 16 кишиден (комузчу, кыл кыякчы М. Күрөңкөев, комузчу­лар К. Орозов, Ы. Туманов, Ч. Иманкулов, ки­йинчерээк А. Тыныбеков, Ш. Шеркулов, манас­чылар М. Мусулманкулов, С. Каралаев, акын­дар: К. Акыев, О. Бөлөбалаев, А. Үсөнбаев, куу­дул Ш. Термечиков, темир комузчу А. Байба­тыров, ырчылар: М. Баетов, А. Огомбаев, кыл кыякчы С. Бекмуратов, музыканттар: Ш. Оро­зов, Ш. Аралбаев жана башкалар) турган Кыргыз эл ас­паптар оркестри уюшулган; ошол эле жылы концерттик | ||
күүлөрүн, дүйнө элдеринин | |||
[[File:КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ40.png | thumb | none]] | [[File:КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ40.png | thumb | none]] | ||
топ түзүлгөн. Ал республикада биринчи өт­көрүлгөн кароонун жеңүүчүлөрү менен толукталып, филармониянын уюткусу болуп калган. 1936-жылдын 29-октябрында Кыргыз мамлекеттик филар­мониясы уюшулган. Филармониянын көркөм жетекчиси композитор В. Фере. Анын алгачкы тобун 41 ырчы, комузчу, обончу, манасчы, куудулдар, эл аспаптар оркестри, мамлекеттик хор, комузчулар ансамбли, эркектердин вокалдык квартети, дун­ган ансамбли, үйлөмө аспаптар оркестри жана башкалар түзгөн. Бир жылдан кийин эл аспаптар оркест­ри 60 кишиге (көркөм жетекчиси П. Шубин), хору 50 кишиге (көркөм жетекчиси В. Фере, хор­мейстери Я. Чмелёв) жеткен. 1939-жылы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүнө эл ас­паптар оркестри, мамлекеттик хор, бий ансамблдери, ырчылар, комузчулар, манасчылар катышкан. Алардын аткарган чыгармалары Москва угуу­чуларына терең таасир калтырган. СССР Жо­горку Советинин Президиумунун 1939-жылдын 7-июнундагы жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик фи­лармониясы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сый­ланган. 1940-жылы Кыргыз ССР Жогорку Совети­нин Президиумунун Жарлыгы менен филармо­нияга Т. Сатылгановдун ысмы берилген. Кыр­гыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн экин­чи он күндүгүнө (1958) филармониянын эл ас­паптар оркестри, комузчулар ансамбли, кыргыз хору, Карамолдо, Ыбырай, Мыскал, Ысмайыл, Алымкул, Осмонкул баштаган өнөрпоздор ка­тышкан. Анда Кыргыз филармониясынын чоң чыгармачылык тобу: ырчылар, комузчулар, төкмө акындар жана башкалар ордендер жана медалдар менен сый­ланган. 1960-жылдан тартып филармонияда К. Орозов атындагы Кыргыз эл аспаптар оркестри (башкы дирижёрлору А. Жумакматов, К. Мол­добасанов, Н. Давлесов, Э. Жумабаев, Т. Томо­тоев, С. Жумалиев, Б. Тилегенов), фольклор тобу (жетекчиси Э. Турсуналиев), 15 кишиден тур­ган темир комузчулар ансамбли (жетекчиси Т. Тыныбеков), эстрада тобу (жетекчиси (Ч. Ко­жомжаров), бий ансамбли (жетекчилери Н. Тү­гөлов, Э. Мадемилова), 2 жылдык студия, «Ара­шан» вокалдык-аспаптык ансамбль (жетекчи­си К. Кожомкулов), «Наристе» вокалдык-аспап­тык топ (жетекчиси В. Томаренко), «Семетей» тобу (жетекчиси А. Сапаралиев), музыкалык лекторий (жетекчиси Е. Соболева), комузчулар ансамбли (жетекчиси Ч. Исабаев), «Даткайым» скрипка­чылар ансамбли (жетекчиси Ч. Абдракманова), ошондой эле ырчылар Э. <i>Турсуналиев</i>, С. <i>Токтакунова</i>, З. <i>Үсөнбаев</i>, А. <i>Айталиев</i>, Т. <i>Абдиев</i>, Э. Мойду­нов, А. Ибраев, У. Полотов, С. <i>Садыкова</i>, ма­насчы У. <i>Мамбеталиев</i>, артистер Г. <i>Валиуллина</i>, З. Шакеева, Г. Мамашева, Г. Момушева, А. Са­паралиев, Ж. Чабалдаев, Н. Табалдиева, А. Ма­диева, Ж. Жумашев, М. Дүйшөкеева, Т. Исабеко­ва, куудулдар А. Шаршенов, К. Ниязов, М. Үмөта­лиев, кыл кыякчы Т. Мураталиев жана башкалар иштеш­кен. Филармониянын коллективи жыл сайын орто жана жогорку музыкалык билими бар таланттуу жаштар менен толукталууда. Кыргыз улуттук флармониясынын 1200 орундуу чоң жана 320 орундуу чакан концерттик залдары бар. Анда Москва симфониялык оркестринин, СССР бий ансамблинин жана башка чыгармачыл коллек­тивдердин концерттери өткөн. 2001-жылы филар­монияга улуттук макамы берилген. Учурда фи­лармонияда 376 адам иштейт (2009), анын ичинде К. Оро­зов атындагы академиялык кыргыз эл аспаптар ор­кестри, «Эл ырчысы Эстебес», А. Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» топтору, Ч. Исабаев атындагы «Кам­баркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли, «Ак марал» элдик бий ансамбли, «Насыйкат» каме­ралык ансамбли бар. Директорлору: С. Аденов, С. Бектурсунов, Ш. Орозов, Ө. Жетикашкаев, М. Токобаев, Ж. Садыков, Б. Ашымбаев, А. Эсен­гулов, С. Шимеев, А. Керимбаев, А. Токтосар­тов, Д. Назарматов, А. Жунушов, К. Турапов, З. Үсөнбаев иштешкен.<p align='right'><i type='author'>Б. Алагушов.</i></p> | |||
ырчылар, комузчулар, манасчылар катышкан. Алардын аткарган чыгармалары Москва угуу­чуларына терең таасир калтырган. СССР Жо­горку Советинин Президиумунун 1939-жылдын 7-июнундагы жарлыгы | |||
акындар | |||
«Эл шайырлары» топтору, Ч. Исабаев | |||
М. Токобаев, Ж. Садыков, Б. Ашымбаев, А. Эсен­гулов, С. Шимеев, А. Керимбаев, А. Токтосар­тов, Д. Назарматов, А. Жунушов, К. Турапов, З. Үсөнбаев | |||
<p align='right'><i type='author'>Б. Алагушов.</i></p> | |||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
12:08, 16 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ Т. С ат ы л г а н о в а т ы н д а – кыргыз эл ырлары менен күүлөрүн, дүйнө элдеринин музыкалык маданиятын угуучулардын калың катмарына жайылтууга концерттик ишмердигин багыттаган мамл. мекеме. 1936-жылы 7-октябрда Кыргыз музыкалык драма театрында П. Шубиндин жетекчилиги менен 16 кишиден (комузчу, кыл кыякчы М. Күрөңкөев, комузчулар К. Орозов, Ы. Туманов, Ч. Иманкулов, кийинчерээк А. Тыныбеков, Ш. Шеркулов, манасчылар М. Мусулманкулов, С. Каралаев, акындар: К. Акыев, О. Бөлөбалаев, А. Үсөнбаев, куудул Ш. Термечиков, темир комузчу А. Байбатыров, ырчылар: М. Баетов, А. Огомбаев, кыл кыякчы С. Бекмуратов, музыканттар: Ш. Орозов, Ш. Аралбаев жана башкалар) турган Кыргыз эл аспаптар оркестри уюшулган; ошол эле жылы концерттик

топ түзүлгөн. Ал республикада биринчи өткөрүлгөн кароонун жеңүүчүлөрү менен толукталып, филармониянын уюткусу болуп калган. 1936-жылдын 29-октябрында Кыргыз мамлекеттик филармониясы уюшулган. Филармониянын көркөм жетекчиси композитор В. Фере. Анын алгачкы тобун 41 ырчы, комузчу, обончу, манасчы, куудулдар, эл аспаптар оркестри, мамлекеттик хор, комузчулар ансамбли, эркектердин вокалдык квартети, дунган ансамбли, үйлөмө аспаптар оркестри жана башкалар түзгөн. Бир жылдан кийин эл аспаптар оркестри 60 кишиге (көркөм жетекчиси П. Шубин), хору 50 кишиге (көркөм жетекчиси В. Фере, хормейстери Я. Чмелёв) жеткен. 1939-жылы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүнө эл аспаптар оркестри, мамлекеттик хор, бий ансамблдери, ырчылар, комузчулар, манасчылар катышкан. Алардын аткарган чыгармалары Москва угуучуларына терең таасир калтырган. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жылдын 7-июнундагы жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик филармониясы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1940-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгы менен филармонияга Т. Сатылгановдун ысмы берилген. Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн экинчи он күндүгүнө (1958) филармониянын эл аспаптар оркестри, комузчулар ансамбли, кыргыз хору, Карамолдо, Ыбырай, Мыскал, Ысмайыл, Алымкул, Осмонкул баштаган өнөрпоздор катышкан. Анда Кыргыз филармониясынын чоң чыгармачылык тобу: ырчылар, комузчулар, төкмө акындар жана башкалар ордендер жана медалдар менен сыйланган. 1960-жылдан тартып филармонияда К. Орозов атындагы Кыргыз эл аспаптар оркестри (башкы дирижёрлору А. Жумакматов, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, Э. Жумабаев, Т. Томотоев, С. Жумалиев, Б. Тилегенов), фольклор тобу (жетекчиси Э. Турсуналиев), 15 кишиден турган темир комузчулар ансамбли (жетекчиси Т. Тыныбеков), эстрада тобу (жетекчиси (Ч. Кожомжаров), бий ансамбли (жетекчилери Н. Түгөлов, Э. Мадемилова), 2 жылдык студия, «Арашан» вокалдык-аспаптык ансамбль (жетекчиси К. Кожомкулов), «Наристе» вокалдык-аспаптык топ (жетекчиси В. Томаренко), «Семетей» тобу (жетекчиси А. Сапаралиев), музыкалык лекторий (жетекчиси Е. Соболева), комузчулар ансамбли (жетекчиси Ч. Исабаев), «Даткайым» скрипкачылар ансамбли (жетекчиси Ч. Абдракманова), ошондой эле ырчылар Э. Турсуналиев, С. Токтакунова, З. Үсөнбаев, А. Айталиев, Т. Абдиев, Э. Мойдунов, А. Ибраев, У. Полотов, С. Садыкова, манасчы У. Мамбеталиев, артистер Г. Валиуллина, З. Шакеева, Г. Мамашева, Г. Момушева, А. Сапаралиев, Ж. Чабалдаев, Н. Табалдиева, А. Мадиева, Ж. Жумашев, М. Дүйшөкеева, Т. Исабекова, куудулдар А. Шаршенов, К. Ниязов, М. Үмөталиев, кыл кыякчы Т. Мураталиев жана башкалар иштешкен. Филармониянын коллективи жыл сайын орто жана жогорку музыкалык билими бар таланттуу жаштар менен толукталууда. Кыргыз улуттук флармониясынын 1200 орундуу чоң жана 320 орундуу чакан концерттик залдары бар. Анда Москва симфониялык оркестринин, СССР бий ансамблинин жана башка чыгармачыл коллективдердин концерттери өткөн. 2001-жылы филармонияга улуттук макамы берилген. Учурда филармонияда 376 адам иштейт (2009), анын ичинде К. Орозов атындагы академиялык кыргыз эл аспаптар оркестри, «Эл ырчысы Эстебес», А. Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» топтору, Ч. Исабаев атындагы «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли, «Ак марал» элдик бий ансамбли, «Насыйкат» камералык ансамбли бар. Директорлору: С. Аденов, С. Бектурсунов, Ш. Орозов, Ө. Жетикашкаев, М. Токобаев, Ж. Садыков, Б. Ашымбаев, А. Эсенгулов, С. Шимеев, А. Керимбаев, А. Токтосартов, Д. Назарматов, А. Жунушов, К. Турапов, З. Үсөнбаев иштешкен.
Б. Алагушов.