КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫНЫН АНТОЛОГИЯСЫ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫНЫН АНТОЛОГИЯСЫ</b> – | <b type='title'>КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫНЫН АНТОЛОГИЯСЫ</b> – узак ойнолуучу грампластинкалар жыйынды­сы; калктын музыкалык-адабий фольклорунун түрлөрү, багыттары жөнүндөгү туңгуч музыкалык мурас. 1974-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин Телекөр­сөтүү жана радиоуктуруу боюнча мамлекеттик комитети тара­бынан Бүткүл союздук «Мелодия» фирмасы ар­кылуу Ленинграддагы грампластинкалар заводу­нан чыгарылган. Антология кыргыз, орус, анг­лис тилиндеги түшүндүрмө китепчеден, 36 та­бактан (пластинка) турат. Кыргыз музыка антолгиясын Б. Алагу­шов, К. Камбаров, Т. Бөрүбаев, С. Мусаев, А. Ак­маталиев жана башкалар түзгөн. Андагы 500дөн ашуун чыгарма төрт топко бөлүнгөн: 1) кыргыз күүлө­рүнүн антологиясы. Мунун 14 табактан турган 1-бөлүмүндө элдик комуз күүлөрүнүн түрү, XVIII–XIX кылымдардагы комузчулардын күүлөрү бар (7 табак); 2) XIX кылымдан берки комуз, кыяк, ооз комуз күү­лөрүн камтыйт (7 табак); 3) кыргыз эл дастан­дарынын, терме жана айтыш ырларынын анто­логиясы (7 табак). Мында «Манас» жомогунан 18 үзүндү, «Курманбек», «Кедейкан», «Жаныш- Байыш» дастандары, «Карагул ботом» кошок, дастандан тандалма үзүндүлөр, эскерме, айтыш, терме ырлардын үлгүлөрү бар; 4) кыргыз обон­дорунун антологиясына эзелки эл ырларынан азыркы белгилүү обондорго чейин киргизилген (9 табак); ошол учурдагы Кыргыз музыка антолгиясына кыргыз композиторлорунун тандалма ырлары жана ро­манстары, хорлору, аспаптык, опералык, балет­тик жана симфониялык чыгармалары топтоштурулган (6 табак). | ||
узак ойнолуучу грампластинкалар жыйынды­сы; калктын | |||
чыгарма төрт топко бөлүнгөн: 1) кыргыз күүлө­рүнүн антологиясы. Мунун 14 табактан турган 1-бөлүмүндө элдик комуз күүлөрүнүн түрү, | |||
2) | |||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
11:35, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫНЫН АНТОЛОГИЯСЫ – узак ойнолуучу грампластинкалар жыйындысы; калктын музыкалык-адабий фольклорунун түрлөрү, багыттары жөнүндөгү туңгуч музыкалык мурас. 1974-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Бүткүл союздук «Мелодия» фирмасы аркылуу Ленинграддагы грампластинкалар заводунан чыгарылган. Антология кыргыз, орус, англис тилиндеги түшүндүрмө китепчеден, 36 табактан (пластинка) турат. Кыргыз музыка антолгиясын Б. Алагушов, К. Камбаров, Т. Бөрүбаев, С. Мусаев, А. Акматалиев жана башкалар түзгөн. Андагы 500дөн ашуун чыгарма төрт топко бөлүнгөн: 1) кыргыз күүлөрүнүн антологиясы. Мунун 14 табактан турган 1-бөлүмүндө элдик комуз күүлөрүнүн түрү, XVIII–XIX кылымдардагы комузчулардын күүлөрү бар (7 табак); 2) XIX кылымдан берки комуз, кыяк, ооз комуз күүлөрүн камтыйт (7 табак); 3) кыргыз эл дастандарынын, терме жана айтыш ырларынын антологиясы (7 табак). Мында «Манас» жомогунан 18 үзүндү, «Курманбек», «Кедейкан», «Жаныш- Байыш» дастандары, «Карагул ботом» кошок, дастандан тандалма үзүндүлөр, эскерме, айтыш, терме ырлардын үлгүлөрү бар; 4) кыргыз обондорунун антологиясына эзелки эл ырларынан азыркы белгилүү обондорго чейин киргизилген (9 табак); ошол учурдагы Кыргыз музыка антолгиясына кыргыз композиторлорунун тандалма ырлары жана романстары, хорлору, аспаптык, опералык, балеттик жана симфониялык чыгармалары топтоштурулган (6 табак).