КӨРӨҢГӨ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КӨРӨҢГӨ</b> – жаңыртып ачытуу үчүн идиштин | <b type='title'>КӨРӨҢГӨ</b> – жаңыртып ачытуу үчүн идиштин түбүндө азын-оолак калтырылган <i>кымыз, бозо, максым.</i> Аны күзгү кымыздын үрпүн (идиштеги кымыздын түбүнө чөккөн коюусунун сүзүп жана кургатып алынганы) чогултуп, ышталган ча­начтын түбүнө сактайт. Жаз келип, бээ саанга киргенде, ошол коюу үрптү саамалга же кайна­тылган жылымык сууга эзип, үстүнө саамал куюп, 2–3 күн ачытып, көпкө бышып, кымыз­ды көрөңгөлөп алат. Ошондой эле кышкы же кеч күз­дөгү кымыздан (үрпү менен) муздак жерге тоң­дуруп коюп, көрөңгө катары пайдаланат. Көрөңгөгө жара­ша<span style="letter-spacing:2px;"> ж а ш</span> кымыз (бир күндүк),<span style="letter-spacing:2px;"> к ү ч т ү ү</span> кы­мыз (эки күндүк) жана<span style="letter-spacing:2px;"> ө т к ү л</span> кымыз (үч күндүк) деп аталат. | ||
түбүндө | |||
куюп, 2–3 күн ачытып, көпкө бышып, кымыз­ды көрөңгөлөп алат. | |||
[[Категория:4-том, 497-546 бб]] | [[Категория:4-том, 497-546 бб]] | ||
08:55, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨРӨҢГӨ – жаңыртып ачытуу үчүн идиштин түбүндө азын-оолак калтырылган кымыз, бозо, максым. Аны күзгү кымыздын үрпүн (идиштеги кымыздын түбүнө чөккөн коюусунун сүзүп жана кургатып алынганы) чогултуп, ышталган чаначтын түбүнө сактайт. Жаз келип, бээ саанга киргенде, ошол коюу үрптү саамалга же кайнатылган жылымык сууга эзип, үстүнө саамал куюп, 2–3 күн ачытып, көпкө бышып, кымызды көрөңгөлөп алат. Ошондой эле кышкы же кеч күздөгү кымыздан (үрпү менен) муздак жерге тоңдуруп коюп, көрөңгө катары пайдаланат. Көрөңгөгө жараша ж а ш кымыз (бир күндүк), к ү ч т ү ү кымыз (эки күндүк) жана ө т к ү л кымыз (үч күндүк) деп аталат.