КӨК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КӨК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ</b> – | <b type='title'>КӨК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ</b> – I–VI кылымдарга таандык ар­хеологиялык эстелик. Жумгал районунун аймагында, Коч­кор – Чаек автомобиль жолунан 25–30 <i>км</i> ара­лыкта, Кара-Кече көмүр разрезине кеткен жол­дун боюнда жайгашкан. Түндүктөн түштүктү карай багытталган эки таш дөбө-мүрзөдөн ту­рат. Бийиктиги 0,25–0,9 <i>м</i>, диаметри 7–12 <i>м.</i> Ба­йыркы убакта эле айрым мүрзөлөрдү ачып, ан­дагы буюм-тайымдарды алып кетишкени бай­калат. 1985-жылы археолог М. И. Москалёв баян­дап жазган. Казып изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес. | ||
[[Категория:4-том, 497-546 бб]] | [[Категория:4-том, 497-546 бб]] | ||
08:00, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ – I–VI кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Жумгал районунун аймагында, Кочкор – Чаек автомобиль жолунан 25–30 км аралыкта, Кара-Кече көмүр разрезине кеткен жолдун боюнда жайгашкан. Түндүктөн түштүктү карай багытталган эки таш дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,25–0,9 м, диаметри 7–12 м. Байыркы убакта эле айрым мүрзөлөрдү ачып, андагы буюм-тайымдарды алып кетишкени байкалат. 1985-жылы археолог М. И. Москалёв баяндап жазган. Казып изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес.