КЕНЕСАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЕНЕСАРЫ</b> Касымов (1802, Казакстан, Көкчө- Тоо аймагы – 1847, Кырг-н, Токмокко жакын Май-Дөбө, Кекиликтин сеңири деген жерлер)
'''КЕНЕСАРЫ''' '''Касым уулу''' (каз. Қасымұлы, ор. Касымов) [1802, азыркы [[Казакстан]], Көкчө-Тоо аймагы – 1847, азыркы [[Кыргызстан]], [[Токмок шаары]]на жакын Май-Дөбө, Кекиликтин сеңири деген жерлер]  [[Абылай хан]]дын небереси. [[Казак Республикасы]]нын тарыхында [[Казак  хандыгы]]нын акыр­кы ханы (1841–1847) болуп эсептелет. [[Наполеон]]дун армиясы жеңилгенден кийин [[Орто жүз]]гө караштуу казак урууларына [[Россия]]нын таасири күчөп, 1822-жылы Орус өкмөтү «Сибирь казактары туура­луу» устав кабыл алган. Ал боюнча Орто жүздөгү бир нече майда хандыктарды жоюп, ордуна Көкчө-Тоо жана Каркаралы округдарын ачкан. Бул реформа бүтүндөй Орто Жүз жана [[Улуу Жүз]]дөгү айрым уруулардын нааразылыгын туудурган, анткени ал жерлерде Абылай хандын көптөгөн тукумдары бийлеп турган. Бирок, алар алсыз болушкандыктан Вали хандын уулу Губайдулла (каз. Ғұбайдолла), Касым жана анын уулдары Саржан менен Кенесарыдан башкалары падышалык режимге каршы чыга алышкан эмес. 1824-жылы сентябрь айында Касым Аблайханов ал уставды жок кылып, орус аскерин аймактан алып кетүүнү талап кылган кат менен Батыш Сибирдин генерал-губернатору (1822–1827) П. М. Капцевичке кайрылган. Ушул учурлардан баштап Касымдын улуу уулу Саржан орус чептерине кол сала баштаган. Бирок ал 1836-жылы [[Ташкент]]тин беклербеги тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин Касым башка уулдары менен 1837-жылдын жазында [[Оренбург]]га караштуу жерлерге көчүп кеткен. 1840-жылы Кенесарынын атасы Касым төрө өлтүрүлгөндөн кийин [[Кокон хандыгы]]  Ка­закстандын түштүгүн карата баштаган. Ушул мезгилден баштап Кенесары Орто жүздө чоң атасы Абылай хан түзгөн хандыкты калыбына келтирүүнү жана өзүнүн жеке бийли­гин орнотууга киришкен. Архив документтери боюнча 1841-жылы июнь айынын башында [[Кичүү Жүз]]гө караштуу жаппас (Бай уулу) жана чүмөкөй, төрткара, алчын, чекти (Алим уулу) урууларынын өкүлдөрүн элдештирүү үчүн чакан жыйында (айрым документтерде атасы Касымдын ашында) Кенесарыны ошол урууларга хан көтөрүү тууралуу кеңеш жүргөн. Ал [[казак эли]]не [[Россия империясы]]нын таасиринин таралышына, үстөм­дүгүнүн орношуна тоскоол болууну, ошондой эле Ко­кон хандыгына каршы чечкиндүү түрдө күрөшүү­гө аракеттенген. Кенесары Россиянын курамына кире элек казак жерлерин сактап калуу үчүн бир нече жолу [[Николай I]]ге, Оренбург генерал-губернатор­лору В. А. Перовский, В. А. Обручев, Сибирь генерал-губернатору П. Д. Горчаковго кат жа­зып кайрылган. Бирок Россия империясы ка­зактарга каршы аскер жүрүштөрүн уюштуруп, 1838-жылы Ак-Моло, Ак-Тоо чептерине кол салып, өрттөшкөн. 1841-жылы Кенесары Кокон хандыгынын ка­рамагына өткөн Сузак, Жаңы-Коргон, Ак-Ме­чит чептерин алган. 1843-жылдары орус аскери Кенесарыга каршы чечкиндүү аракетке өтүп, көптөгөн казак урууларын ага каршы коюуга жетишкен. Аскери азайып, абалы начарлаган Кенесары Борбордук Казакстанды калтырып, [[Жети-Суу]]га конуш которот. Кенесарынын 10 жылга созулган кый­мылы (1837–1847) басып алуучулук, талап-тоноо, зордук-зомбулук, кан төгүү менен коштолгон (кара: [[Кенесары хандын чапкыны]]). Ал Улуу жүз каза­гын жана кыргыздарды багындырууну, аларга таянып, падыша аскерлерине, Кокон хандыгы­на каршы күрөштү улантууну көздөгөн. Бирок ою ордунан чыкпай, анын акыркы жылдарда күч алган талоончул согуштары калктын кый­ла бөлүгүн, султан, бийлердин бир тобун кый­мылдан алыстоого түрткөн. 1846-жылы Кенесары кыргыз­дарга бүлгүн салганда, Орто жүздүн Аягөз, Кар­каралы, Көкбекти округдарынын айрым султан­дары хандан четтеп кетишкен. Улуу жүз казак султандары менен бийлеринин көбү Россия тарап­ка оогон. Абалы начарлагандыгына карабастан, кыргыздарды каратып, алардан салык, аскер алууга үмүттөнгөн Кенесары 1847-жылы кыргыздарга 2-жолу жортуул жасаган. Бул айыгышкан сал­гылашууда Кенесарынын колу Токмок шаарына жакын жерде кыргыздардан жеңилип, өзү Дайырбек, Жалбай, Калча Атамбековдор тарабынан Ал­малуу-Сай деген жерде колго түшкөн. Оозеки маалыматтарда казактардын колунан өлгөн Субанбектин иниси Тайсары Кенесарынын башын ке­сип алган. Падыша өкмөтү көргөзмө үчүн анын башын [[Санкт-Петербург]]дагы музейге койдуруш­кан.
<i>Казак хандыгынын</i> Орто жүзүнөн чыккан акыр&shy;кы ханы (1841–47), <i>Абылай</i> хандын небереси.<br>
Касымдын улуу аялынан К., Бопуй ж. б., кичүү аялынан Ноорузбайлар туулган. Абылай хан&shy;дын баласы Вали хандын тушунда (1781–1821)
Орто жүзгө Россиянын таасири күчөп, 1822-ж. орус падышасынын «Сибирь казактары туура&shy;луу» буйругу м-н Орто жүз хандыгы жоюлган. <i>Кокон хандыгы</i> 1836-ж. К-нын агасы Саржан&shy;ды, 1840-ж. атасы Касым төрөнү өлтүрүп, Ка&shy;закстандын түштүгүн карата баштаган. К. Орто жүздө чоң атасы Абылай хан түзгөн хандыкты калыбына келтирүүнү ж-а өзүнүн жеке бийли&shy;гин орнотууну эңсеген. Ал Казакстанда Россия империясынын таасиринин таралышына, үстөм&shy;дүгүнүн орношуна тоскоол болууну, о. эле Ко&shy;кон хандыгына каршы чечкиндүү түрдө күрөшүү&shy;гө аракеттенген. К. Россиянын курамына кире элек казак жерлерин сактап калуу үчүн бир нече жолу Николай Iге, Оренбург генерал-губернатор&shy;лору В. А. Перовский, В. А. Обручев, Сибирь генерал-губернатору П. Д. Горчаковго кат жа&shy;зып кайрылган. Бирок Россия империясы ка&shy;зактарга каршы аскер жүрүштөрүн уюштуруп, 1838-ж. Ак-Моло, Ак-Тоо чептерине кол салып,
өрттөшкөн. 1841-ж. К. Кокон хандыгынын ка&shy;рамагына өткөн Сузак, Жаңы-Коргон, Ак-Ме&shy;чит чептерин кайра алган. 1843-жылдары орус аскери К-га каршы чечкиндүү аракетке өтүп, көптөгөн казак урууларын ага каршы коюуга жетишкен. Аскери азайып, абалы начарлаган


Ад.: Кенесарин А. Кенесары и Садык. Таш., 1889; Джамгырчинов Б. Киргизы в эпоху Ормон хана (Из истории феодально-родовых войн киргизов в XIX в.). Ф., 1945; Бекмаханов Е. Казакстан в 20–40 годы XIX в. А.-А., 1947; Касымбаев Ж. Последний поход хана Кенесары и его гибель (декабрь 1846–1847 гг.). А., 2002; Алихан Букейхан (Степняк). Материалы к истории султана Кенесары Касымова (воспоминания кара-киргиза Калигуллы Алибекова о последних днях Кенесары)//Кыргызстан тарыхынын маселелери. Б., № 4, 2006.


К. Борб. Казакстанды калтырып, <i>Жети-Сууга</i>
Э. Турганбаев.
конуш которот. К-нын 10 жылга созулган кый&shy;мылы (1837–47) басып алуучулук, талап-тоноо,
зордук-зомбулук, кан төгүү м-н коштолгон (к. <i>Кенесары хандын чапкыны</i>). Ал Улуу жүз каза&shy;гын ж-а кыргыздарды багындырууну, аларга таянып, падыша аскерлерине, Кокон хандыгы&shy;на каршы күрөштү улантууну көздөгөн. Бирок ою ордунан чыкпай, анын акыркы жылдарда күч алган талоончул согуштары калктын кый&shy;ла бөлүгүн, султан, бийлердин бир тобун кый&shy;мылдан алыстоого түрткөн. 1846-ж. К. кыргыз&shy;дарга бүлгүн салганда, Орто жүздүн Аягуз, Кар&shy;каралы, Көкбекти округдарынын айрым султан&shy;дары хандан четтеп кетишкен. Улуу жүз казак султандары м-н бийлеринин көбү Россия тарап&shy;ка оогон. Абалы начарлагандыгына карабастан, кыргыздарды каратып, алардан салык, аскер алууга үмүттөнгөн К. 1847-ж. кыргыздарга 2- жолу жортуул жасаган. Бул айыгышкан сал&shy;гылашууда К-нын колу Токмок ш-на жакын жерде кыргыздардан жеңилип, өзү Дайырбек, Жалбай, Калча Атамбековдор тарабынан Ал&shy;малуу-Сай деген жерде колго түшкөн. Оозеки маалыматтарда казактардын колунан өлгөн Субанбектин иниси Тайсары К-нын башын ке&shy;сип алган. Падыша өкмөтү анын башын Санкт- Петербург музейине көргөзмө кылып коюш&shy;кан.
 
 
Ад.: <i>Кенесарин А.</i> Кенесары и Садык. Таш., 1889;
<i>Джамгырчинов Б.</i> Киргизы в эпоху Ормон хана (Из истории феодально-родовых войн киргизов в XIX в.).
Ф., 1945; <i>Бекмаханов Е.</i> Казакстан в 20–40 годы
XIX в. А.-А., 1947; <i>Касымбаев Ж.</i> Последний поход хана Кенесары и его гибель (декабрь 1846–1847 гг.).
А., 2002; <i>Алихан Букейхан (Степняк).</i> Материалы к истории султана Кенесары Касымова (воспоминания кара-киргиза Калигуллы Алибекова о последних днях Кенесары)//Кыргызстан тарыхынын маселелери. Б., ¹ 4, 2006.
<p align='right'><i type='author'>Э. Турганбаев.</i></p>
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]

07:03, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЕНЕСАРЫ Касым уулу (каз. Қасымұлы, ор. Касымов) [1802, азыркы Казакстан, Көкчө-Тоо аймагы – 1847, азыркы Кыргызстан, Токмок шаарына жакын Май-Дөбө, Кекиликтин сеңири деген жерлер] –  Абылай хандын небереси. Казак Республикасынын тарыхында Казак  хандыгынын акыр­кы ханы (1841–1847) болуп эсептелет. Наполеондун армиясы жеңилгенден кийин Орто жүзгө караштуу казак урууларына Россиянын таасири күчөп, 1822-жылы Орус өкмөтү «Сибирь казактары туура­луу» устав кабыл алган. Ал боюнча Орто жүздөгү бир нече майда хандыктарды жоюп, ордуна Көкчө-Тоо жана Каркаралы округдарын ачкан. Бул реформа бүтүндөй Орто Жүз жана Улуу Жүздөгү айрым уруулардын нааразылыгын туудурган, анткени ал жерлерде Абылай хандын көптөгөн тукумдары бийлеп турган. Бирок, алар алсыз болушкандыктан Вали хандын уулу Губайдулла (каз. Ғұбайдолла), Касым жана анын уулдары Саржан менен Кенесарыдан башкалары падышалык режимге каршы чыга алышкан эмес. 1824-жылы сентябрь айында Касым Аблайханов ал уставды жок кылып, орус аскерин аймактан алып кетүүнү талап кылган кат менен Батыш Сибирдин генерал-губернатору (1822–1827) П. М. Капцевичке кайрылган. Ушул учурлардан баштап Касымдын улуу уулу Саржан орус чептерине кол сала баштаган. Бирок ал 1836-жылы Ташкенттин беклербеги тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин Касым башка уулдары менен 1837-жылдын жазында Оренбургга караштуу жерлерге көчүп кеткен. 1840-жылы Кенесарынын атасы Касым төрө өлтүрүлгөндөн кийин Кокон хандыгы  Ка­закстандын түштүгүн карата баштаган. Ушул мезгилден баштап Кенесары Орто жүздө чоң атасы Абылай хан түзгөн хандыкты калыбына келтирүүнү жана өзүнүн жеке бийли­гин орнотууга киришкен. Архив документтери боюнча 1841-жылы июнь айынын башында Кичүү Жүзгө караштуу жаппас (Бай уулу) жана чүмөкөй, төрткара, алчын, чекти (Алим уулу) урууларынын өкүлдөрүн элдештирүү үчүн чакан жыйында (айрым документтерде атасы Касымдын ашында) Кенесарыны ошол урууларга хан көтөрүү тууралуу кеңеш жүргөн. Ал казак элине Россия империясынын таасиринин таралышына, үстөм­дүгүнүн орношуна тоскоол болууну, ошондой эле Ко­кон хандыгына каршы чечкиндүү түрдө күрөшүү­гө аракеттенген. Кенесары Россиянын курамына кире элек казак жерлерин сактап калуу үчүн бир нече жолу Николай Iге, Оренбург генерал-губернатор­лору В. А. Перовский, В. А. Обручев, Сибирь генерал-губернатору П. Д. Горчаковго кат жа­зып кайрылган. Бирок Россия империясы ка­зактарга каршы аскер жүрүштөрүн уюштуруп, 1838-жылы Ак-Моло, Ак-Тоо чептерине кол салып, өрттөшкөн. 1841-жылы Кенесары Кокон хандыгынын ка­рамагына өткөн Сузак, Жаңы-Коргон, Ак-Ме­чит чептерин алган. 1843-жылдары орус аскери Кенесарыга каршы чечкиндүү аракетке өтүп, көптөгөн казак урууларын ага каршы коюуга жетишкен. Аскери азайып, абалы начарлаган Кенесары Борбордук Казакстанды калтырып, Жети-Сууга конуш которот. Кенесарынын 10 жылга созулган кый­мылы (1837–1847) басып алуучулук, талап-тоноо, зордук-зомбулук, кан төгүү менен коштолгон (кара: Кенесары хандын чапкыны). Ал Улуу жүз каза­гын жана кыргыздарды багындырууну, аларга таянып, падыша аскерлерине, Кокон хандыгы­на каршы күрөштү улантууну көздөгөн. Бирок ою ордунан чыкпай, анын акыркы жылдарда күч алган талоончул согуштары калктын кый­ла бөлүгүн, султан, бийлердин бир тобун кый­мылдан алыстоого түрткөн. 1846-жылы Кенесары кыргыз­дарга бүлгүн салганда, Орто жүздүн Аягөз, Кар­каралы, Көкбекти округдарынын айрым султан­дары хандан четтеп кетишкен. Улуу жүз казак султандары менен бийлеринин көбү Россия тарап­ка оогон. Абалы начарлагандыгына карабастан, кыргыздарды каратып, алардан салык, аскер алууга үмүттөнгөн Кенесары 1847-жылы кыргыздарга 2-жолу жортуул жасаган. Бул айыгышкан сал­гылашууда Кенесарынын колу Токмок шаарына жакын жерде кыргыздардан жеңилип, өзү Дайырбек, Жалбай, Калча Атамбековдор тарабынан Ал­малуу-Сай деген жерде колго түшкөн. Оозеки маалыматтарда казактардын колунан өлгөн Субанбектин иниси Тайсары Кенесарынын башын ке­сип алган. Падыша өкмөтү көргөзмө үчүн анын башын Санкт-Петербургдагы музейге койдуруш­кан.

Ад.: Кенесарин А. Кенесары и Садык. Таш., 1889; Джамгырчинов Б. Киргизы в эпоху Ормон хана (Из истории феодально-родовых войн киргизов в XIX в.). Ф., 1945; Бекмаханов Е. Казакстан в 20–40 годы XIX в. А.-А., 1947; Касымбаев Ж. Последний поход хана Кенесары и его гибель (декабрь 1846–1847 гг.). А., 2002; Алихан Букейхан (Степняк). Материалы к истории султана Кенесары Касымова (воспоминания кара-киргиза Калигуллы Алибекова о последних днях Кенесары)//Кыргызстан тарыхынын маселелери. Б., № 4, 2006.

Э. Турганбаев.