КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Ч. АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Ч. АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫ – салттуу, адеп-ахлактык, маданий көөнөрбөс баалуулуктарды өркүндөтүү м-н сак­тоого ж-а жаш муундарды рухий жактан тар­биялоого, гуманизм, демократия принциптерин бекемдөөгө кошкон өзгөчө салымы, ад-т м-н журналистиканын мыкты чыгармалары ж. б. үчүн жаш жарандарга ыйгарылуучу сыйлык, КРдин Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августунда­гы ¹514 токтому м-н бекитилген. Сыйлык ый­гарылган лауреаттарга лауреаттын диплому, атайын байге ж-а 45 миң сом акчалай сыйлык берилет. Сыйлыкты ыйгаруу эки жылда бир жолу жүргүзүлөт. Изденип алуучулардын кура­гы 35 жаштан ашпоого тийиш. Сыйлык Жаш­тардын эл аралык күнүнө карата 10-ноябрда тапшырылат.