КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Ч. АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Ч. АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫ – салттуу, адеп-ахлактык, маданий көөнөрбөс баалуулуктарды өркүндөтүү м-н сактоого ж-а жаш муундарды рухий жактан тарбиялоого, гуманизм, демократия принциптерин бекемдөөгө кошкон өзгөчө салымы, ад-т м-н журналистиканын мыкты чыгармалары ж. б. үчүн жаш жарандарга ыйгарылуучу сыйлык, КРдин Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы ¹514 токтому м-н бекитилген. Сыйлык ыйгарылган лауреаттарга лауреаттын диплому, атайын байге ж-а 45 миң сом акчалай сыйлык берилет. Сыйлыкты ыйгаруу эки жылда бир жолу жүргүзүлөт. Изденип алуучулардын курагы 35 жаштан ашпоого тийиш. Сыйлык Жаштардын эл аралык күнүнө карата 10-ноябрда тапшырылат.