КӨРҮҮ ОРГАНЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨРҮҮ ОРГАНЫ – жаныбар ж-а адамдын жарык сезүү органы. Омурткасыз ж-а бардык омурткалуу жаныбарда болот. Көп клеткалууларда жарык сезгич клеткалар (фоторецепторлор) К. о-нын негизги элементи болуп эсептелет. Көпчүлүк жаныбардын көзү башында жайгашып, көрүү нерви аркылуу мээ м-н байланышкан. Эң жөнөкөй К. о. дененин үстүңкү бетиндеги эпителий клеткаларынын арасында жайгашкан өзүнчө көрүү клеткаларынан турат. Мындай органдар караңгыны жарыктан гана айырмалайт (мис., сөөлжандыкы). К. о-нын татаалданышы эволюция процессинде чачкын көрүү клеткаларынын чогулушунан, пигмент экрандарынын, о. эле жарык сындыруучу, аккомодациялык, көздү кыймылдатуу, коргонуу ж. б. ыңгайлануулардын калыптанышынан пайда болот. Татаалданган К. о. ыйлаакча же кээде алардын көңдөйү жарык чагылтуучу килкилдек зат м-н толгон. Айрым моллюскалардын, муунак буттуулардын К. о-нын диоптрий ж-а жарык чагылтуучу аппараты болот. Кээ бир муунак буттуулардын К. о. өзүнчө айрым көзөнөкчөлөрдөн туруп, фасеттүү көздү түзөт. Организм К. о. аркылуу объектилерден чагылган жарыктарды, шоолаларды баамдоо м-н тышкы дүйнөнү кабыл алат, б. а. тышкы дүйнө ж-дө маалымат алат. Кишинин ж-а бардык омурткалуулардын (айрыкча куштар), кээ бир омуртасыздардын К. о. мыкты өөрчүгөн, к. Көз, Көрүү.