КӨРҮҮ ОРГАНЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨРҮҮ ОРГАНЫ – жаныбар ж-а адамдын жа­рык сезүү органы. Омурткасыз ж-а бардык омурткалуу жаныбарда болот. Көп клеткалуу­ларда жарык сезгич клеткалар (фоторецептор­лор) К. о-нын негизги элементи болуп эсепте­лет. Көпчүлүк жаныбардын көзү башында жай­гашып, көрүү нерви аркылуу мээ м-н байланыш­кан. Эң жөнөкөй К. о. дененин үстүңкү бетинде­ги эпителий клеткаларынын арасында жайгаш­кан өзүнчө көрүү клеткаларынан турат. Мын­дай органдар караңгыны жарыктан гана айыр­малайт (мис., сөөлжандыкы). К. о-нын татаал­данышы эволюция процессинде чачкын көрүү клеткаларынын чогулушунан, пигмент экран­дарынын, о. эле жарык сындыруучу, аккомода­циялык, көздү кыймылдатуу, коргонуу ж. б. ыңгайлануулардын калыптанышынан пайда бо­лот. Татаалданган К. о. ыйлаакча же кээде алар­дын көңдөйү жарык чагылтуучу килкилдек зат м-н толгон. Айрым моллюскалардын, муунак буттуулардын К. о-нын диоптрий ж-а жарык чагылтуучу аппараты болот. Кээ бир муунак бут­туулардын К. о. өзүнчө айрым көзөнөкчөлөрдөн туруп, фасеттүү көздү түзөт. Организм К. о. ар­кылуу объектилерден чагылган жарыктарды, шоолаларды баамдоо м-н тышкы дүйнөнү ка­был алат, б. а. тышкы дүйнө ж-дө маалымат алат. Кишинин ж-а бардык омурткалуулардын (айрыкча куштар), кээ бир омуртасыздардын К. о. мыкты өөрчүгөн, к. Көз, Көрүү.