КӨМҮР КЕНДЕРИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨМҮР КЕНДЕРИ - ө. ж-лык мааниге ээ болгон табигый көмур катмарлары орун алган жерлер. Аянты 1 км2ден тартып, жуздөгөн км2ге
жетет. Запасы миң, млн, кээде млрд τ болот.
Өсумдуктөрдун ташка айланган калдыктарынан
пайда болуп, кара тусту берет. Катуу, бек, нык
чөкмө тек болуп саналат. Курамында 50%ке чейин ар турдуу минералдардын кошулмалары
(кремний, алюминий, темир, кальций, натрий,
калий, кукурт, фосфор ж. б.) кездешет. Булар
чөкмө тектердин арасында катмарланып жатат.
Көмур тузулушу, курамы б-ча 3 тургө бөлунөт:
гумустуу - татаал тузулуштөгу өсумдуктөрдөн
пайда болгон, сапропелиттуу - жөнөкөй
тузулуштөгу өсумдуктөр м-н планктондордон
келип чыккан, гумус-сапропелиттуу
көмурдун пайда болушуна жогорку ж-а төмөнку
даражада өсуп жетилген өсумдуктөр кирет. Курамындагы көмур оксиди б-ча таш көмур, курөң
көмур болуп ажыратылат. Пайда болушу 3 генезистик типтен турат. Геосинклиналдык типте көмур катмарлары узатасынан
созулуп жатат. Калыңдыгы 10 кмге чейин жетет. Көмур запасы мол, тузулушу ар турдуу. Катмарлар тектон. буктөлуулөргө, бузулууларга
дуушар болгон. Платформалык типт е көмур катмары жука, араң эле жуздөгөн
мге жетет. Көмур кабаттары аз, линза турундө
болот. Метаморфизм процесси анчалык кучтуу
журбөгөндуктөн, курөң көмургө өткөн. Ө т м ө
тип геосинклиналдык ж-а платформалык типтердин ортосунда пайда болот. Зор аймакты
ээлеп жатат. Көмур катмарларынын калыңдыгы 1-2 кмге жетет. Астындагы кабаттар аз ж-а
бардык жерде кездешпейт. Метаморфизм процесси бардык учурда жургөн эмес. Ошол себептен курөң көмур да, таш көмур да кездешет. К. к.
кембрий мезгилинен тартып, неогенге чейинки
тоо тектердин катмарларында жолугат. Энергетикалык отун, хим. сырьё, кокс м-н газ өндуруу,
сейрек кездешуучу ж-а чачыранды элементтерди
(германий, уран, индий, скандий ж. б.) алуу учун
колдонулат. Ири К. к. Канада, АКШ, Германия,
Кытай, Россия, Казакстан ж. б. жерлерде бар.
Кырг-нда көмур Кара-Кече, Жыргалаң, Кызыл-
Кыя, Көк-Жаңгак, Таш-Көмур, Сүлүктү, Тегене,
Алмалык ж. б. жерлерден орун алган. Борб.
Азиядагы көмүр запасынын 46%и Кырг-нга
таандык.