КӨМҮР КЕНДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨМҮР КЕНДЕРИ - ө. ж-лык мааниге ээ бол­гон табигый көмур катмарлары орун алган жер­лер. Аянты 1 км2ден тартып, жуздөгөн км2ге жетет. Запасы миң, млн, кээде млрд τ болот.
Өсумдуктөрдун ташка айланган калдыктарынан пайда болуп, кара тусту берет. Катуу, бек, нык чөкмө тек болуп саналат. Курамында 50%ке че­йин ар турдуу минералдардын кошулмалары (кремний, алюминий, темир, кальций, натрий, калий, кукурт, фосфор ж. б.) кездешет. Булар чөкмө тектердин арасында катмарланып жатат.
Көмур тузулушу, курамы б-ча 3 тургө бөлунөт: гумустуу - татаал тузулуштөгу өсумдуктөрдөн пайда болгон, сапропелиттуу - жөнөкөй тузулуштөгу өсумдуктөр м-н планктондордон келип чыккан, гумус-сапропелиттуу көмурдун пайда болушуна жогорку ж-а төмөнку даражада өсуп жетилген өсумдуктөр кирет. Ку­рамындагы көмур оксиди б-ча таш көмур, курөң көмур болуп ажыратылат. Пайда болушу 3 ге­незистик типтен турат. Геосинклиналдык типте көмур катмарлары узатасынан созулуп жатат. Калыңдыгы 10 кмге чейин же­тет. Көмур запасы мол, тузулушу ар турдуу. Кат­марлар тектон. буктөлуулөргө, бузулууларга дуушар болгон. Платформалык тип­т е көмур катмары жука, араң эле жуздөгөн мге жетет. Көмур кабаттары аз, линза турундө болот. Метаморфизм процесси анчалык кучтуу журбөгөндуктөн, курөң көмургө өткөн. Ө т м ө тип геосинклиналдык ж-а платформалык тип­тердин ортосунда пайда болот. Зор аймакты ээлеп жатат. Көмур катмарларынын калыңды­гы 1-2 кмге жетет. Астындагы кабаттар аз ж-а бардык жерде кездешпейт. Метаморфизм про­цесси бардык учурда жургөн эмес. Ошол себеп­тен курөң көмур да, таш көмур да кездешет. К. к. кембрий мезгилинен тартып, неогенге чейинки тоо тектердин катмарларында жолугат. Энерге­тикалык отун, хим. сырьё, кокс м-н газ өндуруу, сейрек кездешуучу ж-а чачыранды элементтерди (германий, уран, индий, скандий ж. б.) алуу учун

колдонулат. Ири К. к. Канада, АКШ, Германия, Кытай, Россия, Казакстан ж. б. жерлерде бар.
Кырг-нда көмур Кара-Кече, Жыргалаң, Кызыл- Кыя, Көк-Жаңгак, Таш-Көмур, Сүлүктү, Тегене, Алмалык ж. б. жерлерден орун алган. Борб.
Азиядагы көмүр запасынын 46%и Кырг-нга таандык.