КӨК-САЙ МОЛИБДЕН КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨК-САЙ МОЛИБДЕ́Н КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу районунда, Жыргалаң суусунун оң куймасы – Көк-Сай суусунун сол жээгинде, де­ңиз деңг. 3150 м бийикте. 1950–54-ж. издөө иш­тери жүргүзүлгөн. Кен аймагы каледондогу боз граниттерден, аплит сымал кызгылт граниттер­ден ж-а аплиттерден түзүлгөн. Молибден–пор­фир чачырандылары калыңдыгы 1–10 см кел­ген тик жантайган кварц тарамдары м-н бай­ланышкан. Кенташ тарамдары топтолуп, шток­веркти түзөт. Штокверктин аянты 450x250 м. Жантаюусу б-ча уз. 500 м. Негизги минералда­ры: молибденит, пирит. Молибдендин орт. өл­чөмү 0,05%, запасы 67500 т.