КӨК-САЙ МОЛИБДЕН КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨК-САЙ МОЛИБДЕ́Н КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу районунда, Жыргалаң суусунун оң куймасы – Көк-Сай суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 3150 м бийикте. 1950–54-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы каледондогу боз граниттерден, аплит сымал кызгылт граниттерден ж-а аплиттерден түзүлгөн. Молибден–порфир чачырандылары калыңдыгы 1–10 см келген тик жантайган кварц тарамдары м-н байланышкан. Кенташ тарамдары топтолуп, штокверкти түзөт. Штокверктин аянты 450x250 м. Жантаюусу б-ча уз. 500 м. Негизги минералдары: молибденит, пирит. Молибдендин орт. өлчөмү 0,05%, запасы 67500 т.