КОСТЯКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОСТЯКО́В Алексей Николаевич [16(28). 3. 1887, Москва обл., Серпухов – 30. 8. 1957, Москва) – орус илимпозу, мелиорация илимине негиз салуучу. СССР ИАнын корр. мүчөсү (1933), ВАСХНИЛдин академиги (1935). Эки жолку СССР мамл. сыйл. лауреаты (1951, 1952). РСФСРдин илимге эмг. сиңирген ишмери (1936). Москва а. ч. ин-тун (азыркы В. А. Тимирязев атн. Москва а. ч. академиясы) бүткөн (1912).
К. 1912–19-ж. Россияда алгачкы гидромодулдук (тажрыйба-мелиорациялык) изилдөөлөрдү уюш­турган. Анын демилгеси м-н Пётр а. ч. акаде­миясы, Москва суу чарба инженердик ин-ту, 1923-ж. Мамл. а. ч. мелиорация ин-туна караш­туу мелиорация кафедрасы (1929-жылга чейин башчысы болгон) уюшулган. Мелиорация сис­темасын пландаштыруу, долбоорлоо ж-а куруу ыкмаларын негиздеген, сугат режимин ж-а су­гаруу жолдорун иштеп чыккан. Бүткүл союз­дук гидротех. ж-а мелиорация анализи ин-туна К-дун ысмы берилген (1958). Эки Ленин, үч Эм­гек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.