КОСТЯКОВ
КОСТЯКО́В Алексей Николаевич [16(28). 3. 1887,
Москва обл., Серпухов – 30. 8. 1957, Москва) –
орус илимпозу, мелиорация илимине негиз салуучу. СССР ИАнын корр. мүчөсү (1933), ВАСХНИЛдин академиги (1935). Эки жолку СССР мамл. сыйл. лауреаты (1951, 1952). РСФСРдин илимге эмг. сиңирген ишмери (1936). Москва а. ч. ин-тун (азыркы В. А. Тимирязев атн. Москва а. ч. академиясы) бүткөн (1912).
К. 1912–19-ж. Россияда алгачкы гидромодулдук
(тажрыйба-мелиорациялык) изилдөөлөрдү уюштурган. Анын демилгеси м-н Пётр а. ч. академиясы, Москва суу чарба инженердик ин-ту, 1923-ж. Мамл. а. ч. мелиорация ин-туна караштуу мелиорация кафедрасы (1929-жылга чейин башчысы болгон) уюшулган. Мелиорация системасын пландаштыруу, долбоорлоо ж-а куруу ыкмаларын негиздеген, сугат режимин ж-а сугаруу жолдорун иштеп чыккан. Бүткүл союздук гидротех. ж-а мелиорация анализи ин-туна К-дун ысмы берилген (1958). Эки Ленин, үч Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.