КОРРЕКТУРА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОРРЕКТУ́РА (лат. correсtura – оңдоо, жакшыртуу) – басмаканалык макалалардын граммат., тех. ж-а мазмундук каталарын оңдоо процесси; 2) басмаканалык терүүнүн оттиски. Байкалган каталарды белгилөө үчүн К-лык белгилер колдонулат. К-нын басмалык түп нуска-макет б-ча окулма, басмаканалык ж-а репродукциялык басуу формаларынын К-сы деген 4 түрү бар. К-нын биринчи эки түрүндө терүүдө кетирилген каталар оңдолот. Басмалык К-да автордун, редактордун ж-а тех. редактордун оңдоолору киргизилет. Репродукциялык басуу формаларынын К-сында текшерүү үчүн берилген бир түстүү оттисктер түп нусканын (кол жазма) өзү м-н салыштырылат да, барактын четине басуу элементин күчөтүү же басаңдатуу керектиги белгиленип, басуу формасында оңдолот.