КОРРЕКТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРРЕКТУ́РА (лат. correсtura – оңдоо, жакшыр­туу) – басмаканалык макалалардын граммат., тех. ж-а мазмундук каталарын оңдоо процесси; 2) басмаканалык терүүнүн оттиски. Байкалган каталарды белгилөө үчүн К-лык белгилер кол­донулат. К-нын басмалык түп нуска-макет б-ча окулма, басмаканалык ж-а репродукциялык басуу формаларынын К-сы деген 4 түрү бар. К-нын биринчи эки түрүндө терүүдө кетирилген каталар оңдолот. Басмалык К-да автордун, ре­дактордун ж-а тех. редактордун оңдоолору кир­гизилет. Репродукциялык басуу формаларынын К-сында текшерүү үчүн берилген бир түстүү от­тисктер түп нусканын (кол жазма) өзү м-н са­лыштырылат да, барактын четине басуу элемен­тин күчөтүү же басаңдатуу керектиги белгиле­нип, басуу формасында оңдолот.