КЕТМЕН-ТӨБӨ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕТМЕН-ТӨБӨ ӨРӨӨНҮ – </b>Ички Теңир-Тоодо­гу | <b type='title'>КЕТМЕН-ТӨБӨ ӨРӨӨНҮ – </b>Ички Теңир-Тоодо­гу тектоникалык өрөөн. Түндүгүнөн Талас ж-а Сууса­мыр, батыш ж-а түштүк-батышынан Узун-Акмат, Ат-Ойнок тоолору, түштүгүнөн Фергана, түштүк-чыгышынан Көк-Ирим-Тоо кырка тоолору м-н чектешет. Токтогул районунда. Аянты 8170 <i>км</i><sup>2</sup>. | ||
чыгышынан Көк-Ирим-Тоо кырка тоолору м-н | |||
чектешет. Токтогул | |||
[[File:КЕТМЕН-ТӨБӨ ӨРӨӨНҮ18.png | thumb | Токтогул суу сактагычынын бир бөлүгү.]] | [[File:КЕТМЕН-ТӨБӨ ӨРӨӨНҮ18.png | thumb | Токтогул суу сактагычынын бир бөлүгү.]] | ||
Басымдуу | Басымдуу бийиктиги 800–1200 <i>м</i>. Таманынын узундугу 50 <i>км</i>, туурасы 22 <i>км</i>. Кетмен -Төбө өрөөнүнүн таманы жал­пысынан батышты карай бир аз жантайыңкы келип, конус шилендилери – пролювий, делю­вий түздүктөрүнөн ж-а дарыя өрөөнүнүн тектир­челеринен турат. Өрөөн майда агын суулардын өзөндөрү, сайлар, кокту-колоттор (тереңдиги 5– 10 <i>м</i>) м-н тилмеленген. Сугат каналдарынын нуктары көп. Кетмен-Төбө өрөөнүндө палеоген, неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринде пайда болгон калың­дыгы 2 <i>км</i>ге жеткен чөкмө тектер палеозойдун тоо тектерин жаап жатат. Өрөөн – тектоникалык тү­зүлүшү боюнча кеңдик багытындагы асимметрия­луу грабен-мегасинклиналь. Ал неоген мезги­линдеги тоо пайда болуу процессинде Талас – Фергана тектоникасынын жаракасын бойлой кысымдын күчөшүнөн пайда болгон. Кен байлыктарынын негизгиси – неогендин көл чөкмөлөрүндөгү таш туз катмарлары (<i>Кетмен-Төбө туз кени</i>). Кли­маты кескин континенттик, июлдун орточо температу­расы 24°С, январдыкы –14°С. Жылдык жаан-­чачыны 376 <i>мм.</i> Ири суулары: Кара-Суу, Чыч­кан, Узун-Акмат, Торкен. Эң ири көлү – Кара-Суу (аянты 3,88 <i>км</i><sup>2</sup>). Кетмен-Төбө өрөөнүнө боз топурактуу эфемер-шыбактуу жарым чөл (800–1300 <i>м</i> би­йикте), бозомтук-коңур топурактуу шыбактуу кылкандуу кургак талаа (1300–2000 <i>м</i>); кара коңур топурактуу кылкандуу дүйүм чөптүү та­лаа ж-а токой-шалбаалуу талаа (2000–2800 <i>м</i>), субальп ж-а альп (2800–3200<i>м</i>) шалбаасы,аска зоокалуу, кар-мөңгүлүү гляциалдык-нивалдык (3200 <i>м</i>ден жогору) ландшафт алкактары мү­нөздүү. Өрөөндүн 284 <i>км</i><sup>2 </sup>аянтын <i>Токтогул суу сактагычы</i> ээлейт. Өрөөндү түндүктү карай <i>Чыч­кан өрөөнү</i> улап кетет. Кетмен-Төбө өрөөнү аркылуу Биш­кек – Ош автомобиль жолу өтөт. | ||
келип, конус шилендилери – пролювий, делю­вий түздүктөрүнөн ж-а дарыя өрөөнүнүн тектир­челеринен турат. Өрөөн майда агын суулардын | |||
өзөндөрү, сайлар, кокту-колоттор (тереңдиги 5– | |||
10 <i>м</i>) м-н тилмеленген. Сугат каналдарынын нуктары көп. | |||
тоо тектерин жаап жатат. Өрөөн – | |||
Фергана | |||
негизгиси – неогендин көл чөкмөлөрүндөгү таш | |||
туз катмарлары (<i>Кетмен-Төбө туз кени</i>). Кли­маты кескин континенттик, июлдун | |||
Суу (аянты 3,88 <i>км</i><sup>2</sup>). | |||
коңур топурактуу кылкандуу дүйүм чөптүү та­лаа ж-а токой-шалбаалуу талаа (2000–2800 <i>м</i>), | |||
Ад.: <i>Исаков И.</i> К морфологии Кетмень-Тюбинской депрессии // Изд. АН Кирг. ССР, сер. естественных и технических наук. Т. 1. Вып. 2. Ф., 1959; <i>Ботбаева М.</i> Растительность Кетмень-Тюбинской котловины. Ф., 1971; <i>Аламанов С., Акматов Р.</i> Токтогул суу сактагычы. Б., 1998; <i>Аламанов С., Акматов Р.</i> Кыргызстандын суу сактагычтары. Б., 2006. | Ад.: <i>Исаков И.</i> К морфологии Кетмень-Тюбинской депрессии // Изд. АН Кирг. ССР, сер. естественных и технических наук. Т. 1. Вып. 2. Ф., 1959; <i>Ботбаева М.</i> Растительность Кетмень-Тюбинской котловины. Ф., 1971; <i>Аламанов С., Акматов Р.</i> Токтогул суу сактагычы. Б., 1998; <i>Аламанов С., Акматов Р.</i> Кыргызстандын суу сактагычтары. Б., 2006. | ||
<p align='right'><i type='author'>Р. Акматов.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Р. Акматов.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
03:25, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕТМЕН-ТӨБӨ ӨРӨӨНҮ – Ички Теңир-Тоодогу тектоникалык өрөөн. Түндүгүнөн Талас ж-а Суусамыр, батыш ж-а түштүк-батышынан Узун-Акмат, Ат-Ойнок тоолору, түштүгүнөн Фергана, түштүк-чыгышынан Көк-Ирим-Тоо кырка тоолору м-н чектешет. Токтогул районунда. Аянты 8170 км2.

Басымдуу бийиктиги 800–1200 м. Таманынын узундугу 50 км, туурасы 22 км. Кетмен -Төбө өрөөнүнүн таманы жалпысынан батышты карай бир аз жантайыңкы келип, конус шилендилери – пролювий, делювий түздүктөрүнөн ж-а дарыя өрөөнүнүн тектирчелеринен турат. Өрөөн майда агын суулардын өзөндөрү, сайлар, кокту-колоттор (тереңдиги 5– 10 м) м-н тилмеленген. Сугат каналдарынын нуктары көп. Кетмен-Төбө өрөөнүндө палеоген, неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринде пайда болгон калыңдыгы 2 кмге жеткен чөкмө тектер палеозойдун тоо тектерин жаап жатат. Өрөөн – тектоникалык түзүлүшү боюнча кеңдик багытындагы асимметриялуу грабен-мегасинклиналь. Ал неоген мезгилиндеги тоо пайда болуу процессинде Талас – Фергана тектоникасынын жаракасын бойлой кысымдын күчөшүнөн пайда болгон. Кен байлыктарынын негизгиси – неогендин көл чөкмөлөрүндөгү таш туз катмарлары (Кетмен-Төбө туз кени). Климаты кескин континенттик, июлдун орточо температурасы 24°С, январдыкы –14°С. Жылдык жаан-чачыны 376 мм. Ири суулары: Кара-Суу, Чычкан, Узун-Акмат, Торкен. Эң ири көлү – Кара-Суу (аянты 3,88 км2). Кетмен-Төбө өрөөнүнө боз топурактуу эфемер-шыбактуу жарым чөл (800–1300 м бийикте), бозомтук-коңур топурактуу шыбактуу кылкандуу кургак талаа (1300–2000 м); кара коңур топурактуу кылкандуу дүйүм чөптүү талаа ж-а токой-шалбаалуу талаа (2000–2800 м), субальп ж-а альп (2800–3200м) шалбаасы,аска зоокалуу, кар-мөңгүлүү гляциалдык-нивалдык (3200 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Өрөөндүн 284 км2 аянтын Токтогул суу сактагычы ээлейт. Өрөөндү түндүктү карай Чычкан өрөөнү улап кетет. Кетмен-Төбө өрөөнү аркылуу Бишкек – Ош автомобиль жолу өтөт.
Ад.: Исаков И. К морфологии Кетмень-Тюбинской депрессии // Изд. АН Кирг. ССР, сер. естественных и технических наук. Т. 1. Вып. 2. Ф., 1959; Ботбаева М. Растительность Кетмень-Тюбинской котловины. Ф., 1971; Аламанов С., Акматов Р. Токтогул суу сактагычы. Б., 1998; Аламанов С., Акматов Р. Кыргызстандын суу сактагычтары. Б., 2006.
Р. Акматов.