КЕСКИН КОНТИНЕНТТҮҮ КЛИМАТ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕСКИН КОНТИНЕНТТҮҮ КЛИ́МАТ</b> – конти­ненттик климаттын суткалык ж-а айлык | <b type='title'>КЕСКИН КОНТИНЕНТТҮҮ КЛИ́МАТ</b> – конти­ненттик климаттын суткалык ж-а айлык орточо температурасынын, ошондой эле айрым метеорологиялык көрсөт­күчтөрдүн өтө өзгөрүлмөлүүлүгү м-н айырмалан­ган түрү. Айлык орточо температура кээде 70°Сден ашып кетет. Кескин континенттүү климатка жаан-чачындын аз жаашы (көбүнчө 100 <i>мм</i>ден аз), абанын нымдуулугунун төмөндүгү, бир аз булуттуулук, буулануунун көптүгү мүнөздүү. Адатта, кескин континенттүү климаттуу аймак ма­териктин борбордук бөлүгүндө (мисалы, Азиянын борбордук бөлүгүндө), өзгөчө тоо аралык ойдуңдарда жай­гашат. Бул климатка мүнөздүү аймак – Чыгыш Сибирь; андагы Верхоянск – Оймякон аймагы Түндүк жарым шардын суук уюлу, анда январдын орточо температурасы –50°Сге, абсолюттук минимум –70°Сге же­тет. Кыргызстандын аймагында да кескин континенттүү климат мүнөздүү жерлер бар. Мисалы, <i>Ак-Сай өрөөнү.</i> Анда январ­дын орточо температурасы –29°С, июлдуку 8°С, абсолюттук минимум –53,6°С (Кыргызстандын «суук уюлу»). Жыл­дык жаан-чачыны 257 <i>мм</i>. | ||
Сибирь; андагы Верхоянск – Оймякон аймагы | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
08:22, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕСКИН КОНТИНЕНТТҮҮ КЛИ́МАТ – континенттик климаттын суткалык ж-а айлык орточо температурасынын, ошондой эле айрым метеорологиялык көрсөткүчтөрдүн өтө өзгөрүлмөлүүлүгү м-н айырмаланган түрү. Айлык орточо температура кээде 70°Сден ашып кетет. Кескин континенттүү климатка жаан-чачындын аз жаашы (көбүнчө 100 ммден аз), абанын нымдуулугунун төмөндүгү, бир аз булуттуулук, буулануунун көптүгү мүнөздүү. Адатта, кескин континенттүү климаттуу аймак материктин борбордук бөлүгүндө (мисалы, Азиянын борбордук бөлүгүндө), өзгөчө тоо аралык ойдуңдарда жайгашат. Бул климатка мүнөздүү аймак – Чыгыш Сибирь; андагы Верхоянск – Оймякон аймагы Түндүк жарым шардын суук уюлу, анда январдын орточо температурасы –50°Сге, абсолюттук минимум –70°Сге жетет. Кыргызстандын аймагында да кескин континенттүү климат мүнөздүү жерлер бар. Мисалы, Ак-Сай өрөөнү. Анда январдын орточо температурасы –29°С, июлдуку 8°С, абсолюттук минимум –53,6°С (Кыргызстандын «суук уюлу»). Жылдык жаан-чачыны 257 мм.