КЕС-СЕҢИР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕС-СЕҢИР</b> – Күнгөй Ала-Тоонун | <b type='title'>КЕС-СЕҢИР</b> – Күнгөй Ала-Тоонун түштүк этегин­де Ысык-Көлгө эңкейиш кыр, көлгө кирип тур­ган тумшук. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинин дал ортосунда, Чоң Сөгөттү ж-а Кичи Сөгөттү суу­ларынын аралыгында жайгашкан. Узундугу 4 <i>км</i>, эң жазы жери 2,5 <i>км</i>, деңиз деңгээлинен 2000–1600 <i>м</i> би­йикте. Жеринин бети аска-таштуу, капталда­ры көбүнчө тик. Тикендүү майда бадалдар, чо­гойно, шыраалжын ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Не­гизи силур, девондун граниттеринен, эки жагы олигоцен, миоцендин конгломерат, алевролит ж. б. тоо тектеринен турат. Көл жээгиндеги жолду тороп, жүргүнчүлөргө тоскоол болгондук­тан, сеңирдин жапыз жерин оюп, кесип жол салынган. Бул кыр илгери эле Кес-Сеңир, ал эми жол­дун өткөн жери Кескен-Бел аталган делет. Но­мендин экөө тең 19-кылымдын 1-жарымында эле бол­гон; 1856–60-жылдарда тартылган карталарда топоним Кессеңгир, Кесексеңгир, Кисенгыр, Ч. <i>Валиха­новдун</i> эмгектеринде (1856–61) Керсенгир, Ки­сенгыр түрүндө кезигет. Кес-Сеңир «Пришиб» деп да жазылып жүрөт. Почта тартуу, жол катнашы үчүн 1870–71-жылдарда Кес-Сеңирдин тумшугун жарып жол салынган. | ||
жазы жери 2,5 <i>км</i>, деңиз | |||
Кессеңгир, Кесексеңгир, Кисенгыр, Ч. <i>Валиха­новдун</i> эмгектеринде (1856–61) Керсенгир, Ки­сенгыр түрүндө кезигет. | |||
үчүн 1870–71- | |||
салынган. | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
05:17, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕС-СЕҢИР – Күнгөй Ала-Тоонун түштүк этегинде Ысык-Көлгө эңкейиш кыр, көлгө кирип турган тумшук. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинин дал ортосунда, Чоң Сөгөттү ж-а Кичи Сөгөттү сууларынын аралыгында жайгашкан. Узундугу 4 км, эң жазы жери 2,5 км, деңиз деңгээлинен 2000–1600 м бийикте. Жеринин бети аска-таштуу, капталдары көбүнчө тик. Тикендүү майда бадалдар, чогойно, шыраалжын ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Негизи силур, девондун граниттеринен, эки жагы олигоцен, миоцендин конгломерат, алевролит ж. б. тоо тектеринен турат. Көл жээгиндеги жолду тороп, жүргүнчүлөргө тоскоол болгондуктан, сеңирдин жапыз жерин оюп, кесип жол салынган. Бул кыр илгери эле Кес-Сеңир, ал эми жолдун өткөн жери Кескен-Бел аталган делет. Номендин экөө тең 19-кылымдын 1-жарымында эле болгон; 1856–60-жылдарда тартылган карталарда топоним Кессеңгир, Кесексеңгир, Кисенгыр, Ч. Валихановдун эмгектеринде (1856–61) Керсенгир, Кисенгыр түрүндө кезигет. Кес-Сеңир «Пришиб» деп да жазылып жүрөт. Почта тартуу, жол катнашы үчүн 1870–71-жылдарда Кес-Сеңирдин тумшугун жарып жол салынган.