ЕРЕВАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕРЕВА́Н''' (1878–1936- | '''ЕРЕВА́Н''' (1878–1936-жылдарда Эривань) – Армян Республикасы­нын борбор шаары. Өлкөнүн ири экономикалык, саясий жана маданий очогу. Арарат түздүгүнүн түндүк че­тинде, бир аз бөлүгү жанар тоолуу платодо, Раз­дан дарыясынын капчыгайында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2025). Ереванга жакын Звартноц эл аралык аэропорту жайгашкан. Метрополитен (1981). Ереван – дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири. 6-кылымдын башынан эскерилет. 782-жылы Урарту падышасы Аргишти I Эребуни чебин курдурат, кийинче­рээк бул жерде Ереван шаары пайда болот. 1440- жылдан Чыгыш Армениянын административдик жана соода ­кол өнөрчүлүк, 1604–1828-жылдарда Эриван хандыгы­нын борбору. 1826–28-жылдардагы орус-иран согу­шунда Ереванды орус аскерлери каратат да, Түрк­мөнчай келишими (1828) боюнча Россияга кошул­ган. Армения Республикасынын (1918–20), Армян ССРи­нин (1920–1990), Армян Республикасынын (1990-жыл­дан) борбору. Ереван – өлкөнүн индустриялуу ири борбору. Арменияда өндүрүлгөн өнөр жай продук­циясынын 50%ке жакыны чыгарылат. Ар түрдүү машина куруу, компьютерлер, радиотех­никалары жана өлчөөчү приборлор, химия жана нефть-химия, химиялык-фармацевтика, кара металлур­гия, жеӊил, тамак-аш, алюминий, курулуш материалдары, косметика каражаттарын чыга­руучу өнөр жай ишканалары иштейт. Тейлөө чөйрө­сүндө байланыш жана телекоммуникация секто­ру жана финансы-банк тармагы өнүккөн. Ереван – Арме­ниянын илимий, маданий жана билим берүү ири бор­бору. Армения илимдер академиясы, бир нече университет, байыркы кол жазмалар институту, китепканалар, консерватория, 13 театр, 21 музей, филармония бар. Эсте­ликтери: «Егерн» (1915-жылдагы армян геноци­динин курмандыктарына), «Майр Айастан» | ||
13 театр, 21 музей, филармония бар. Эсте­ликтери: «Егерн» (1915-жылдагы армян геноци­динин курмандыктарына), «Майр Айастан» | |||
[[File:ЕРЕВАН47.png | thumb | Еревандагы Аствацацин (Зоравор) чиркөөсү (1691– 1705).]] | [[File:ЕРЕВАН47.png | thumb | Еревандагы Аствацацин (Зоравор) чиркөөсү (1691– 1705).]] | ||
(«Эне-Армения» монументи), «Ераблур» (Кара­бах согушунун баатырларына) | («Эне-Армения» монументи), «Ераблур» (Кара­бах согушунун баатырларына) жана башка Урартунун, Эребуни жанаа Тейшебаини шаар-чептеринин уран­дылары, Авандагы Ыйык Ованес (13-кылым), крест­кумпалуу Катогике (13-кылым), Аствацацин Зоравор (1691–1705) чиркөөлөрү, кафедралуу собордун калдыктары (591–602), ак сарайлар (6-кылымдын аягы) жана башкалар сакталган. Еревандын көпчүлүк турак­-жай курулуштары жергиликтүү кызгылтым туфтан курулгандыктан, «Кызыл шаар» деп да аталат. Ереванда А. Хачатурян атындагы музыкант-аткаруу­чулардын эл аралык конкурсу, «Жаз панора­масы» эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Еревандан 20 ''км'' батышта Вагаршапат шаары, 24 ''км'' түндүктө Арзни курорту жайгашкан. Туризм өнүккөн. | ||
өнүккөн. | |||
Ад.: ''Азатян В.'' Ереван. 2-е изд. Ер. 1989; Ереван // Большая Российская энциклопедия. Т. 9. М., 2007. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | |||
05:04, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ЕРЕВА́Н (1878–1936-жылдарда Эривань) – Армян Республикасынын борбор шаары. Өлкөнүн ири экономикалык, саясий жана маданий очогу. Арарат түздүгүнүн түндүк четинде, бир аз бөлүгү жанар тоолуу платодо, Раздан дарыясынын капчыгайында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2025). Ереванга жакын Звартноц эл аралык аэропорту жайгашкан. Метрополитен (1981). Ереван – дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири. 6-кылымдын башынан эскерилет. 782-жылы Урарту падышасы Аргишти I Эребуни чебин курдурат, кийинчерээк бул жерде Ереван шаары пайда болот. 1440- жылдан Чыгыш Армениянын административдик жана соода кол өнөрчүлүк, 1604–1828-жылдарда Эриван хандыгынын борбору. 1826–28-жылдардагы орус-иран согушунда Ереванды орус аскерлери каратат да, Түркмөнчай келишими (1828) боюнча Россияга кошулган. Армения Республикасынын (1918–20), Армян ССРинин (1920–1990), Армян Республикасынын (1990-жылдан) борбору. Ереван – өлкөнүн индустриялуу ири борбору. Арменияда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 50%ке жакыны чыгарылат. Ар түрдүү машина куруу, компьютерлер, радиотехникалары жана өлчөөчү приборлор, химия жана нефть-химия, химиялык-фармацевтика, кара металлургия, жеӊил, тамак-аш, алюминий, курулуш материалдары, косметика каражаттарын чыгаруучу өнөр жай ишканалары иштейт. Тейлөө чөйрөсүндө байланыш жана телекоммуникация сектору жана финансы-банк тармагы өнүккөн. Ереван – Армениянын илимий, маданий жана билим берүү ири борбору. Армения илимдер академиясы, бир нече университет, байыркы кол жазмалар институту, китепканалар, консерватория, 13 театр, 21 музей, филармония бар. Эстеликтери: «Егерн» (1915-жылдагы армян геноцидинин курмандыктарына), «Майр Айастан»

(«Эне-Армения» монументи), «Ераблур» (Карабах согушунун баатырларына) жана башка Урартунун, Эребуни жанаа Тейшебаини шаар-чептеринин урандылары, Авандагы Ыйык Ованес (13-кылым), кресткумпалуу Катогике (13-кылым), Аствацацин Зоравор (1691–1705) чиркөөлөрү, кафедралуу собордун калдыктары (591–602), ак сарайлар (6-кылымдын аягы) жана башкалар сакталган. Еревандын көпчүлүк турак-жай курулуштары жергиликтүү кызгылтым туфтан курулгандыктан, «Кызыл шаар» деп да аталат. Ереванда А. Хачатурян атындагы музыкант-аткаруучулардын эл аралык конкурсу, «Жаз панорамасы» эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Еревандан 20 км батышта Вагаршапат шаары, 24 км түндүктө Арзни курорту жайгашкан. Туризм өнүккөн.
Ад.: Азатян В. Ереван. 2-е изд. Ер. 1989; Ереван // Большая Российская энциклопедия. Т. 9. М., 2007.