ЕРЕВАН
ЕРЕВА́Н (1878–1936-жылдарда Эривань) – Армян Республикасынын борбор шаары. Өлкөнүн ири экономикалык, саясий жана маданий очогу. Арарат түздүгүнүн түндүк четинде, бир аз бөлүгү жанар тоолуу платодо, Раздан дарыясынын капчыгайында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2025). Ереванга жакын Звартноц эл аралык аэропорту жайгашкан. Метрополитен (1981). Ереван – дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири. 6-кылымдын башынан эскерилет. 782-жылы Урарту падышасы Аргишти I Эребуни чебин курдурат, кийинчерээк бул жерде Ереван шаары пайда болот. 1440- жылдан Чыгыш Армениянын административдик жана соода кол өнөрчүлүк, 1604–1828-жылдарда Эриван хандыгынын борбору. 1826–28-жылдардагы орус-иран согушунда Ереванды орус аскерлери каратат да, Түркмөнчай келишими (1828) боюнча Россияга кошулган. Армения Республикасынын (1918–20), Армян ССРинин (1920–1990), Армян Республикасынын (1990-жылдан) борбору. Ереван – өлкөнүн индустриялуу ири борбору. Арменияда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 50%ке жакыны чыгарылат. Ар түрдүү машина куруу, компьютерлер, радиотехникалары жана өлчөөчү приборлор, химия жана нефть-химия, химиялык-фармацевтика, кара металлургия, жеӊил, тамак-аш, алюминий, курулуш материалдары, косметика каражаттарын чыгаруучу өнөр жай ишканалары иштейт. Тейлөө чөйрөсүндө байланыш жана телекоммуникация сектору жана финансы-банк тармагы өнүккөн. Ереван – Армениянын илимий, маданий жана билим берүү ири борбору. Армения илимдер академиясы, бир нече университет, байыркы кол жазмалар институту, китепканалар, консерватория, 13 театр, 21 музей, филармония бар. Эстеликтери: «Егерн» (1915-жылдагы армян геноцидинин курмандыктарына), «Майр Айастан»

(«Эне-Армения» монументи), «Ераблур» (Карабах согушунун баатырларына) жана башка Урартунун, Эребуни жанаа Тейшебаини шаар-чептеринин урандылары, Авандагы Ыйык Ованес (13-кылым), кресткумпалуу Катогике (13-кылым), Аствацацин Зоравор (1691–1705) чиркөөлөрү, кафедралуу собордун калдыктары (591–602), ак сарайлар (6-кылымдын аягы) жана башкалар сакталган. Еревандын көпчүлүк турак-жай курулуштары жергиликтүү кызгылтым туфтан курулгандыктан, «Кызыл шаар» деп да аталат. Ереванда А. Хачатурян атындагы музыкант-аткаруучулардын эл аралык конкурсу, «Жаз панорамасы» эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Еревандан 20 км батышта Вагаршапат шаары, 24 км түндүктө Арзни курорту жайгашкан. Туризм өнүккөн.
Ад.: Азатян В. Ереван. 2-е изд. Ер. 1989; Ереван // Большая Российская энциклопедия. Т. 9. М., 2007.