КОМПОЗИТ МАТЕРИАЛЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОМПОЗИ́Т МАТЕРИАЛЫ</b> (composit) – өзүнүн | <b type='title'>КОМПОЗИ́Т МАТЕРИАЛЫ</b> (composit) – өзүнүн касиетин жана курамын өзгөртпөгөн, эки же бир нече <i>компоненттерден</i> турган материал. Эрит­мелерден айырмаланып, композит материалдары майда бөлүкчө­лөрдүн кошундусунан туруп, бир түрдөгү катуу материалды түзөт. Композит материалдарынын касиети компо­ненттердин касиеттерине жараша болот. Бирок алардын кээ бири бузулууларга карата болгон туруктуулугу ж-а илээшкектүүлүгү м-н өзгөчө сапатка ээ. Алгачкы композит материалдары – самандан жасал­ган кыш байыркы Египетте даярдалган. Катуу­лугун жогорулатуу ж-а бири-бирин байланыш­тыруу үчүн саман кошулган. Азыркы темир-бе­тондун бышыктыгын ичке темир же болот ар­матуралар жогорулатат. Цементтин бекемдигин жогорулатуу үчүн була кошулат. Мурда мын­дай максатта асбест (кебез таш) буласы колдо­нулса, азыр айнектүү, полимердүү ж-а накта була колдонулат. Көп катмарлуу материалдар да композит материалдарына кирет. 1980-жылдары металл – матри­цалык композит материалдары пайда болгон ж-а керамика булалар, мисалы, алюминий оксиди ж-а кремний карбиди жеңил металл кошундуларынын бекемдигин жогорулатат. Мындай материалдардын сапаты жогорку температурада өзүнүн касиетин сактоочу ке­рамика булаларга байланыштуу. | ||
касиетин | |||
сапатка ээ. Алгачкы | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
12:54, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОМПОЗИ́Т МАТЕРИАЛЫ (composit) – өзүнүн касиетин жана курамын өзгөртпөгөн, эки же бир нече компоненттерден турган материал. Эритмелерден айырмаланып, композит материалдары майда бөлүкчөлөрдүн кошундусунан туруп, бир түрдөгү катуу материалды түзөт. Композит материалдарынын касиети компоненттердин касиеттерине жараша болот. Бирок алардын кээ бири бузулууларга карата болгон туруктуулугу ж-а илээшкектүүлүгү м-н өзгөчө сапатка ээ. Алгачкы композит материалдары – самандан жасалган кыш байыркы Египетте даярдалган. Катуулугун жогорулатуу ж-а бири-бирин байланыштыруу үчүн саман кошулган. Азыркы темир-бетондун бышыктыгын ичке темир же болот арматуралар жогорулатат. Цементтин бекемдигин жогорулатуу үчүн була кошулат. Мурда мындай максатта асбест (кебез таш) буласы колдонулса, азыр айнектүү, полимердүү ж-а накта була колдонулат. Көп катмарлуу материалдар да композит материалдарына кирет. 1980-жылдары металл – матрицалык композит материалдары пайда болгон ж-а керамика булалар, мисалы, алюминий оксиди ж-а кремний карбиди жеңил металл кошундуларынын бекемдигин жогорулатат. Мындай материалдардын сапаты жогорку температурада өзүнүн касиетин сактоочу керамика булаларга байланыштуу.