КЛИМАКС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЛИ&#769;МАКС</b> (гр. klimax – шаты) – адамдын жы&shy;ныс органдарынын функциясы акырындап ба&shy;саңдоочу физиол. мезгил. Ал организмдин кар&shy;тайышына байланыштуу. Эркекте 50–60 жаш&shy;та башталып, узакка созулат, көпчүлүгүнүн жыныс безинин функциясынын басаңдашы баш&shy;ка оорулар м-н коштолбойт. Жыныс гормондо&shy;рун иштеп чыгаруучу клеткалардын саны аза&shy;йып, жыныс гормондорунун төмөндөшүнө алып келет. Жүрөктүн тушу ооруп, кагышы тездейт, артерия басымы көтөрүлүп, башы айланат, кө&shy;ңүлү чөгөт, санааркайт, уйкусу качат, унутчаак
<b type='title'>КЛИ&#769;МАКС</b> (гр. klimax – шаты) – адамдын жы&shy;ныс органдарынын функциясы акырындап ба&shy;саңдоочу физиологиялык  мезгил. Ал организмдин кар&shy;тайышына байланыштуу. Эркекте 50–60 жаш&shy;та башталып, узакка созулат, көпчүлүгүнүн жыныс безинин функциясынын басаңдашы баш&shy;ка оорулар м-н коштолбойт. Жыныс гормондо&shy;рун иштеп чыгаруучу клеткалардын саны аза&shy;йып, жыныс гормондорунун төмөндөшүнө алып келет. Жүрөктүн тушу ооруп, кагышы тездейт, артерия басымы көтөрүлүп, башы айланат, кө&shy;ңүлү чөгөт, санааркайт, уйкусу качат, унутчаак болуп, ишке жөндөмү төмөндөйт. Айрым учур&shy;да жыныстык жөндөмдүүлүгү басаңдайт. Аял&shy;да 45–50 жашта башталат. Кээде эрте (35–36 жа&shy;шында) башталып, ага көбүнчө <i>ангина, грипп,</i> өнөкөт тонзиллит, <i>гайморит</i> ж. б. себеп болот. Климакс убагында <i>гипофиздин</i> ж-а жыныс система&shy;сынын ишин жөнгө салуучу нейрогормондорду бөлүп чыгаруу начарлайт. Аялда 3–5 жылча (этек кир таптакыр токтогуча) созулат. Анын алгачкы белгиси – этек кирдин келбей калы&shy;шы. Кээ бир аялдарда 3–4 айда бир келсе, ай&shy;рымдарда тез-тез келет. Көпчүлүк аялдын орга&shy;низминде анча өзгөрүү болбойт. Климакс  учурунда ги&shy;поталамус тканында өзгөрүүлөр болуп, жыныс системасына таасир этүүчү гормон бөлүп чыга&shy;руу бузулат. Натыйжада энелик бездер, энелик клеткалар өөрчүбөй, жатындын былжыр чели жукарат, андан энелик безге ж-а гипоталамус&shy;ка кеткен нерв импульстары начарлайт. Организмдеги мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын ж&shy;а нервдин бузулушуна алып келет. Бул учурда климактерий синдрому деп аталган ар кандай белгилер пайда болот (күнүнө бир нече жолу өң кубарып, көл-шал тердөө, себепсиз тынчы кетүү, коркуу, туталануу). Айрым учурда артерия ба&shy;сымы көтөрүлөт, жүрөктүн кагуусу тездейт же жайлайт, мезгили м-н жүрөк, көкүрөк ж-а жү&shy;рөк тушу ооруйт, жүрөк-кан тамырдын иштөөсү бузулат. Башы айланып, кулагы дүңгүрөйт, де&shy;неси чымырайт, уйкусу бузулат. Климакста болгон организмдеги өзгөрүүлөр, адатта, өзүнөн-өзү жо&shy;голот, себеби организм акырындап жаңы фи&shy;зиологиялык  шартка ыңгайланат.
болуп, ишке жөндөмү төмөндөйт. Айрым учур&shy;да жыныстык жөндөмдүүлүгү басаңдайт. Аял&shy;да 45–50 жашта башталат. Кээде эрте (35–36 жа&shy;шында) башталып, ага көбүнчө <i>ангина, грипп,</i>
өнөкөт тонзиллит, <i>гайморит</i> ж. б. себеп болот. К. убагында <i>гипофиздин</i> ж-а жыныс система&shy;сынын ишин жөнгө салуучу нейрогормондорду
бөлүп чыгаруу начарлайт. Аялда 3–5 жылча
(этек кир таптакыр токтогуча) созулат. Анын алгачкы белгиси – этек кирдин келбей калы&shy;шы. Кээ бир аялдарда 3–4 айда бир келсе, ай&shy;рымдарда тез-тез келет. Көпчүлүк аялдын орга&shy;низминде анча өзгөрүү болбойт. К. учурунда ги&shy;поталамус тканында өзгөрүүлөр болуп, жыныс системасына таасир этүүчү гормон бөлүп чыга&shy;руу бузулат. Натыйжада энелик бездер, энелик клеткалар өөрчүбөй, жатындын былжыр чели жукарат, андан энелик безге ж-а гипоталамус&shy;ка кеткен нерв импульстары начарлайт. Орга-




низмдеги мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын ж&shy;а нервдин бузулушуна алып келет. Бул учурда климактерий синдрому деп аталган ар кандай белгилер пайда болот (күнүнө бир нече жолу өң кубарып, көл-шал тердөө, себепсиз тынчы кетүү, коркуу, туталануу). Айрым учурда артерия ба&shy;сымы көтөрүлөт, жүрөктүн кагуусу тездейт же жайлайт, мезгили м-н жүрөк, көкүрөк ж-а жү&shy;рөк тушу ооруйт, жүрөк-кан тамырдын иштөөсү бузулат. Башы айланып, кулагы дүңгүрөйт, де&shy;неси чымырайт, уйкусу бузулат. К-та болгон организмдеги өзгөрүүлөр, адатта, өзүнөн-өзү жо&shy;голот, себеби организм акырындап жаңы фи&shy;зиол. шартка ыңгайланат.
Ад.: <i>Смежных. В. П.</i> Медицина климактерия. М.,2006.
 
 
Ад.: <i>Смежных. В. П.</i> Медицина климактерия. М.,
2006.
[[Категория:4-том, 307-352 бб]]
[[Категория:4-том, 307-352 бб]]

08:48, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЛИ́МАКС (гр. klimax – шаты) – адамдын жы­ныс органдарынын функциясы акырындап ба­саңдоочу физиологиялык мезгил. Ал организмдин кар­тайышына байланыштуу. Эркекте 50–60 жаш­та башталып, узакка созулат, көпчүлүгүнүн жыныс безинин функциясынын басаңдашы баш­ка оорулар м-н коштолбойт. Жыныс гормондо­рун иштеп чыгаруучу клеткалардын саны аза­йып, жыныс гормондорунун төмөндөшүнө алып келет. Жүрөктүн тушу ооруп, кагышы тездейт, артерия басымы көтөрүлүп, башы айланат, кө­ңүлү чөгөт, санааркайт, уйкусу качат, унутчаак болуп, ишке жөндөмү төмөндөйт. Айрым учур­да жыныстык жөндөмдүүлүгү басаңдайт. Аял­да 45–50 жашта башталат. Кээде эрте (35–36 жа­шында) башталып, ага көбүнчө ангина, грипп, өнөкөт тонзиллит, гайморит ж. б. себеп болот. Климакс убагында гипофиздин ж-а жыныс система­сынын ишин жөнгө салуучу нейрогормондорду бөлүп чыгаруу начарлайт. Аялда 3–5 жылча (этек кир таптакыр токтогуча) созулат. Анын алгачкы белгиси – этек кирдин келбей калы­шы. Кээ бир аялдарда 3–4 айда бир келсе, ай­рымдарда тез-тез келет. Көпчүлүк аялдын орга­низминде анча өзгөрүү болбойт. Климакс учурунда ги­поталамус тканында өзгөрүүлөр болуп, жыныс системасына таасир этүүчү гормон бөлүп чыга­руу бузулат. Натыйжада энелик бездер, энелик клеткалар өөрчүбөй, жатындын былжыр чели жукарат, андан энелик безге ж-а гипоталамус­ка кеткен нерв импульстары начарлайт. Организмдеги мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын ж­а нервдин бузулушуна алып келет. Бул учурда климактерий синдрому деп аталган ар кандай белгилер пайда болот (күнүнө бир нече жолу өң кубарып, көл-шал тердөө, себепсиз тынчы кетүү, коркуу, туталануу). Айрым учурда артерия ба­сымы көтөрүлөт, жүрөктүн кагуусу тездейт же жайлайт, мезгили м-н жүрөк, көкүрөк ж-а жү­рөк тушу ооруйт, жүрөк-кан тамырдын иштөөсү бузулат. Башы айланып, кулагы дүңгүрөйт, де­неси чымырайт, уйкусу бузулат. Климакста болгон организмдеги өзгөрүүлөр, адатта, өзүнөн-өзү жо­голот, себеби организм акырындап жаңы фи­зиологиялык шартка ыңгайланат.


Ад.: Смежных. В. П. Медицина климактерия. М.,2006.