КОМПЬЮТЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОМПЬЮ́ТЕР</b> ( | <b type='title'>КОМПЬЮ́ТЕР</b> (англисче сomputer, сomputer – са­ноо, латынча – эсептөө дегенден) <i>маалыматты</i> иштетүү процессин автоматташтыруу үчүн кол­донулуучу түзүлүш. Компьютердин иш-аракети програм­ма аркылуу ишке ашырылат. «Компьютер» терминин 1- жолу 1946-ж. англиялык врач, илимпоз-энциклопе­дист Т. Браун киргизген. 1950-жылдан баштап эсептөө маселелерин чыгаруу үчүн компьютер деп атал­ган электрондук эсептөөчү машиналар (ЭЭМ) колдонула баштаган. 1834-ж. Ч. Бэббиж 1-жолу механикалык эсептөөчү машина куруу идеясын айткан. 1930–40-жыл­дары Бэббиждин идеясы боюнча программа м-н башкарылуучу, релелик эсептөөчү машиналар (К. Цузенин Z-1 ж-а Z-3, Г. Айкендин Mark–I) курулган. 21-кылымда компьютердин бир канча мууну ал­машты. Азыркы компьютер алгачкы компьютерден архитектурасы ж-а элементтик базасы м-н айырмаланат. Ж. Фон Неймандын айрым жоболору принци­пиалдуу болбогондуктан, мисалы, фон Неймандын убагынан бери экилик системаны тандоо, неги­зинен элементтик база м-н аныкталган. Бирин­чи ж-а экинчи муундагы компьютер ушуга негизделген. Бирок кийин фоннейман системасынын чектелүү экендиги байкалган. Бул системага ылайык, про­цессор эстен команданын бирин тандайт ж-а опе­рандды текшерип, команданы аткарат да, жы­йынтыгын эске жазат. Мына ошентип, эсептөө процесси эстин ырааты м-н (кадамдап) өзгөрүл­гөн абалына алып келет. Кийин жарым өткөр­гүчтүү технологиялар өнүккөндүктөн, оператив­дик эске караганда, борбордук процессордун иштөөсү дайыма тез өнүккөн, бул болсо компьютер өндүрүмдүү­лүгүн жогорулаткан. Бул каршылыкты жок кы­луу үчүн борбордук процессор м-н киргизүү-чыгаруу убактыларын бириктирүү, берилмени буферлөө, эсти бөлүштүрүү, тез регистрдеги эс, көп деңгээл­дүү кэш-эс ж. б-ды киргизүү ишке ашырылган. Бул чечимдер процессор м-н эстин иштешин тең салмактайт, бирок бир эле команданы аткаруу­дан арылтпайт. Башка архитектуралык чечимдер бир эле убакта бир топ командаларды аткарууга шарт түзөт: процессордун бир программасынын бир нече командасын иштетүү убактысын би­риктирүү (конвейер), бир убакта бир нече про­грамманы же бир эле команданы түрдүү берил­мелер м-н аткарган көп процессордуу эсептөө системасын түзүү ж. б-ды ишке ашырылды.<br>Агымдык эсептөө тармагындагы биринчи иш­тер 1968-ж. (Д. Адамс) пайда болгон ж-а бир канча агымдык компьютер макети түзүлүп, агымдык про­граммалоо тили Id (1978), SISAL (1983) ж. б. сунушталып, алгачкы коммерциялык компьютер ишке киргизилген. Агымдык архитектураны ишке ашыруу­да бир топ техникалык ж-а технологиялык оор маселелер (кө­лөмдүү эс-тутум, татаал туташтыргычты куруу зарылчылыгы) келип чыккан. Учурда жарыш компьютер өзүнүн архитектурасында эсептөө моделинин фон­неймандык ж-а агымдык элементтерин кам­тыйт.<br>Компьютер иштөө принцибине ж-а иштетилүүчү маа­лыматты көрсөтүү ыкмасына жараша аналог­дук ж-а санариптик, арналышы боюнча көп кыр­дуу (универсал) ж-а адистештирилген (башка­руучу, <i>серверлер, жумушчу станция</i> ж. б.) компьютер болуп айырмаланат. Тигил же бул мүнөздөмө­сүнө жараша (өндүрүмдүүлүгү, процессор ж-а эс­тин өткөрүү жөндөмдүүлүгү, оперативдүү эс сы­йымдуулугу, көлөмү ж. б.) суперкомпьютер <i>(су­пер-ЭВМ),</i> чоң компьютер (к. <i>Мэйнфрейм</i>), миникомпью­тер (к. <i>Жеке компьютер</i>), микрокомпьютерге бөлүнөт. Мисалы, суперкомпьютердин (CDC-6600, 1964) өндүрүмдүүлүгү 1 <i>секунда</i>да 10 млн операция болсо, ал эми тез ылдамдыктагы Roadrunner (IBM компаниясы иштеп чыккан, 2008) эң ал­гачкы болуп 1,026 петафлопс, башкача айтканда 1 квадрил­лион операция/сек чегинен ашты.<br>Компьютер ЭЭМге окшош, бирок электрондук компьютер баш­ка да – электр-механикалык (релелик) компьютер, кванттык компьютер,оптикалык компьютер да белгилүү. 21-к-да тирүү клет­ка, биомолекула, вирус жана башкаларга негизделген био­логоялык компютер жасоо боюнча изилдөө жүргүзүлүүдө. Колум­бия университетинде (АКШ,2006) жөнөкөй ДНК-Кнын прототиби MAYA-II (Molekular Array of YES and AND logic gates – логикалык элементтин молекулалык матрицасы «ооба», «жок» ж-а «ж-а» операция­сы) көрсөтүлгөн. Компютердин сандык мүнөздөмөсүнүн өсүшүнө (анын чакан, эптүү болушуна, тез иш­төөсүнө ж. б.) ж-а баасынын төмөндөшүнө бай­ланыштуу адистин иш ордунун гана атрибуту эмес, күнүмдүк турмуштун да атрибуту болуп калды. Бул программалык камсыздоо базары­нын, анын ичинде даярдыгы жок колдонуучуга багыт­талган колдонмо программанын өсүшүнө, өз кезегинде суроо-талаптын көбөйүшүнө алып келди. Жеке компьютер м-н бир катар портативдик компьютер <i>(ноутбук),</i> чөнтөк компютери, жумушчу станция, сер­вер ж. б. да таркалган. Эң жөнөкөй комрьютер – видео­оюндар үчүн оюн түзмөктөрү, турмуш-тиричи­лик прибору, мобилдик телефон, сыналгы, фо­тоаппараттардын ишин башкаруучу орнотулма ж-а мобилдик эсептөө түзүлүштөрү эсептелет. 20-к-дын аягы – 21-к-дын башында компьютер маани­лүү социалдык ж-а маданий феноменге айлан­ды. Компьютер технологиясын киргизүүнүн аркасында өндүрүш, байланыш, банк иши, илим, билим, маданият, искусство, ММК, турмуш-тиричиликте зор өзгөртүүлөр болууда. Компьютер билим берүүнүн (ара­лыктан окутуу ж. б.), илимий маалыматтардын (JSTOR китепканасы, <i>Интернет</i> ж. б.), көркөм ж-а философиялык чыгармалар ж. б. адабияттардын (элек­трондук китепканалар ж. б. долбоорлор), ада­бий баалуулуктар (виртуалдык музей, экскур­сия ж. б.) жетимдүүлүгүн камсыз кылууда не­гизги ролду ойнойт. Компьютерди колдонуу жаңы көркөм технологиянын (компьютердик графика, ком­пьютердик анимация, веб-дизайн ж. б.) пайда болушуна өбөлгө түздү. | ||
иштетүү процессин автоматташтыруу үчүн кол­донулуучу түзүлүш. | |||
1834-ж. Ч. Бэббиж 1-жолу | |||
(К. Цузенин Z-1 ж-а Z-3, Г. Айкендин Mark–I) | |||
курулган. 21- | |||
Ж. Фон Неймандын айрым жоболору принци­пиалдуу болбогондуктан, | |||
Бирок кийин фоннейман системасынын чектелүү экендиги байкалган. Бул системага ылайык, про­цессор эстен команданын бирин тандайт ж-а опе­рандды текшерип, команданы аткарат да, жы­йынтыгын эске жазат. Мына ошентип, эсептөө процесси эстин ырааты м-н (кадамдап) өзгөрүл­гөн абалына алып келет. Кийин жарым өткөр­гүчтүү технологиялар өнүккөндүктөн, оператив­дик эске караганда, | |||
бир нече командасын иштетүү убактысын би­риктирүү (конвейер), бир убакта бир нече про­грамманы же бир эле команданы түрдүү берил­мелер м-н аткарган көп процессордуу эсептөө системасын түзүү ж. б-ды ишке ашырылды.<br> | |||
Агымдык эсептөө тармагындагы биринчи иш­тер 1968-ж. (Д. Адамс) пайда болгон ж-а бир канча агымдык | |||
оптикалык | |||
AND logic gates – логикалык элементтин | |||
матрицасы «ооба», «жок» ж-а «ж-а» операция­сы) көрсөтүлгөн. | |||
өсүшүнө (анын чакан, эптүү болушуна, тез иш­төөсүнө ж. б.) ж-а баасынын төмөндөшүнө бай­ланыштуу адистин иш ордунун гана атрибуту эмес, күнүмдүк турмуштун да атрибуту болуп калды. Бул программалык камсыздоо базары­нын, | |||
20-к-дын аягы – 21-к-дын башында | |||
өндүрүш, байланыш, банк иши, илим, билим, маданият, | |||
| 24 сап: | 6 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Ж. Асанкожоева.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ж. Асанкожоева.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
12:23, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОМПЬЮ́ТЕР (англисче сomputer, сomputer – саноо, латынча – эсептөө дегенден) маалыматты иштетүү процессин автоматташтыруу үчүн колдонулуучу түзүлүш. Компьютердин иш-аракети программа аркылуу ишке ашырылат. «Компьютер» терминин 1- жолу 1946-ж. англиялык врач, илимпоз-энциклопедист Т. Браун киргизген. 1950-жылдан баштап эсептөө маселелерин чыгаруу үчүн компьютер деп аталган электрондук эсептөөчү машиналар (ЭЭМ) колдонула баштаган. 1834-ж. Ч. Бэббиж 1-жолу механикалык эсептөөчү машина куруу идеясын айткан. 1930–40-жылдары Бэббиждин идеясы боюнча программа м-н башкарылуучу, релелик эсептөөчү машиналар (К. Цузенин Z-1 ж-а Z-3, Г. Айкендин Mark–I) курулган. 21-кылымда компьютердин бир канча мууну алмашты. Азыркы компьютер алгачкы компьютерден архитектурасы ж-а элементтик базасы м-н айырмаланат. Ж. Фон Неймандын айрым жоболору принципиалдуу болбогондуктан, мисалы, фон Неймандын убагынан бери экилик системаны тандоо, негизинен элементтик база м-н аныкталган. Биринчи ж-а экинчи муундагы компьютер ушуга негизделген. Бирок кийин фоннейман системасынын чектелүү экендиги байкалган. Бул системага ылайык, процессор эстен команданын бирин тандайт ж-а операндды текшерип, команданы аткарат да, жыйынтыгын эске жазат. Мына ошентип, эсептөө процесси эстин ырааты м-н (кадамдап) өзгөрүлгөн абалына алып келет. Кийин жарым өткөргүчтүү технологиялар өнүккөндүктөн, оперативдик эске караганда, борбордук процессордун иштөөсү дайыма тез өнүккөн, бул болсо компьютер өндүрүмдүүлүгүн жогорулаткан. Бул каршылыкты жок кылуу үчүн борбордук процессор м-н киргизүү-чыгаруу убактыларын бириктирүү, берилмени буферлөө, эсти бөлүштүрүү, тез регистрдеги эс, көп деңгээлдүү кэш-эс ж. б-ды киргизүү ишке ашырылган. Бул чечимдер процессор м-н эстин иштешин тең салмактайт, бирок бир эле команданы аткаруудан арылтпайт. Башка архитектуралык чечимдер бир эле убакта бир топ командаларды аткарууга шарт түзөт: процессордун бир программасынын бир нече командасын иштетүү убактысын бириктирүү (конвейер), бир убакта бир нече программаны же бир эле команданы түрдүү берилмелер м-н аткарган көп процессордуу эсептөө системасын түзүү ж. б-ды ишке ашырылды.
Агымдык эсептөө тармагындагы биринчи иштер 1968-ж. (Д. Адамс) пайда болгон ж-а бир канча агымдык компьютер макети түзүлүп, агымдык программалоо тили Id (1978), SISAL (1983) ж. б. сунушталып, алгачкы коммерциялык компьютер ишке киргизилген. Агымдык архитектураны ишке ашырууда бир топ техникалык ж-а технологиялык оор маселелер (көлөмдүү эс-тутум, татаал туташтыргычты куруу зарылчылыгы) келип чыккан. Учурда жарыш компьютер өзүнүн архитектурасында эсептөө моделинин фоннеймандык ж-а агымдык элементтерин камтыйт.
Компьютер иштөө принцибине ж-а иштетилүүчү маалыматты көрсөтүү ыкмасына жараша аналогдук ж-а санариптик, арналышы боюнча көп кырдуу (универсал) ж-а адистештирилген (башкаруучу, серверлер, жумушчу станция ж. б.) компьютер болуп айырмаланат. Тигил же бул мүнөздөмөсүнө жараша (өндүрүмдүүлүгү, процессор ж-а эстин өткөрүү жөндөмдүүлүгү, оперативдүү эс сыйымдуулугу, көлөмү ж. б.) суперкомпьютер (супер-ЭВМ), чоң компьютер (к. Мэйнфрейм), миникомпьютер (к. Жеке компьютер), микрокомпьютерге бөлүнөт. Мисалы, суперкомпьютердин (CDC-6600, 1964) өндүрүмдүүлүгү 1 секундада 10 млн операция болсо, ал эми тез ылдамдыктагы Roadrunner (IBM компаниясы иштеп чыккан, 2008) эң алгачкы болуп 1,026 петафлопс, башкача айтканда 1 квадриллион операция/сек чегинен ашты.
Компьютер ЭЭМге окшош, бирок электрондук компьютер башка да – электр-механикалык (релелик) компьютер, кванттык компьютер,оптикалык компьютер да белгилүү. 21-к-да тирүү клетка, биомолекула, вирус жана башкаларга негизделген биологоялык компютер жасоо боюнча изилдөө жүргүзүлүүдө. Колумбия университетинде (АКШ,2006) жөнөкөй ДНК-Кнын прототиби MAYA-II (Molekular Array of YES and AND logic gates – логикалык элементтин молекулалык матрицасы «ооба», «жок» ж-а «ж-а» операциясы) көрсөтүлгөн. Компютердин сандык мүнөздөмөсүнүн өсүшүнө (анын чакан, эптүү болушуна, тез иштөөсүнө ж. б.) ж-а баасынын төмөндөшүнө байланыштуу адистин иш ордунун гана атрибуту эмес, күнүмдүк турмуштун да атрибуту болуп калды. Бул программалык камсыздоо базарынын, анын ичинде даярдыгы жок колдонуучуга багытталган колдонмо программанын өсүшүнө, өз кезегинде суроо-талаптын көбөйүшүнө алып келди. Жеке компьютер м-н бир катар портативдик компьютер (ноутбук), чөнтөк компютери, жумушчу станция, сервер ж. б. да таркалган. Эң жөнөкөй комрьютер – видеооюндар үчүн оюн түзмөктөрү, турмуш-тиричилик прибору, мобилдик телефон, сыналгы, фотоаппараттардын ишин башкаруучу орнотулма ж-а мобилдик эсептөө түзүлүштөрү эсептелет. 20-к-дын аягы – 21-к-дын башында компьютер маанилүү социалдык ж-а маданий феноменге айланды. Компьютер технологиясын киргизүүнүн аркасында өндүрүш, байланыш, банк иши, илим, билим, маданият, искусство, ММК, турмуш-тиричиликте зор өзгөртүүлөр болууда. Компьютер билим берүүнүн (аралыктан окутуу ж. б.), илимий маалыматтардын (JSTOR китепканасы, Интернет ж. б.), көркөм ж-а философиялык чыгармалар ж. б. адабияттардын (электрондук китепканалар ж. б. долбоорлор), адабий баалуулуктар (виртуалдык музей, экскурсия ж. б.) жетимдүүлүгүн камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Компьютерди колдонуу жаңы көркөм технологиянын (компьютердик графика, компьютердик анимация, веб-дизайн ж. б.) пайда болушуна өбөлгө түздү.
Ад.: Полунов Ю. Л. От абака до компьютера: судьбы людей и машин. Т. 1–2. М., 2004–2005.
Ж. Асанкожоева.