КЕРЕГЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЕРЕГЕ</b> – <i>боз үйдүн</i> уук бекитилүүчү каптал
<b type='title'>КЕРЕГЕ</b> ''''''  <i>боз үйдүн</i> уук бекитилүүчү каптал жыгачтары.
жыгачтары.


[[File:КЕРЕГЕ49.png | thumb | none]]
[[File:КЕРЕГЕ49.png | thumb | none]]
Диаметри 2,5–3,5 <i>см</i>, уз. 230–
Диаметри 2,5–3,5 <i>см</i>, узундугу 230–300 <i>см</i>, баш аягы бирдей жумуру (56–60 даана) саканактардан (таякчалардан) жасалат. Сака&shy;нактарды эчки тал, сары талдын кабыгын аз аарчып, ичин көздөй бир ийип, теске салып, көлөкөгө кургатып жасайт, уук байланчу баш жагынан 15–20 <i>см</i> жери сыртын көздөй ийип маталат. Саканактардын ар бири 14–18 <i>см</i> ара&shy;лыкта бири-бири менен кайчылаштырылып кө&shy;зөлүп, ага өткөрүлгөн көктүн эки жагы түйүлүп бекитилет. Керегенин көктөлүп бириккен жери тем&shy;гек деп аталат. Ишти тездетүү, көктү, убакыт&shy;ты үнөмдөө максатында көпчүлүк керегелерде ар бир 3 же 4 катар темгектерден кийинки катары тем&shy;гектелбей (көзөлбөй, көктөлбөй, бош) «азат» калтырылат. Кереге жайылганда саканактардын кайчылашуусунан пайда болгон төрт жагы бир&shy;дей көзчөлөрдүн чоңураагы ж е л к ө з, кичи&shy;рээги т о р к ө з деп аталат. Саканактардын баш (жоон) жагынын 70–80 <i>см</i> жеринин ички бети алакандалып (жалпайтылып), ага 6–12 издүү сай салынат. Керегенин ар бир канаты узуну боюнча 18–20 көздүү, бийиктиги (туурасы) боюнча 6–10 көздүү болгон. Кереге канаттарынын четки кыска саканактары жетим же сыңар саканак делет. Жыйылган керегенин бийиктиги 2 <i>м</i>дей, эни 75 <i>см</i>дей болот. Жазганда бийиктиги төмөндөп, эни 2–2,5 <i>м</i>ге жетет. Керегенин уук байланчу жогорку ача&shy;кейлери кереге баш, анын карама-каршы төмөнкү бөлүгү керегенин аягы деп аталат. Кереге канаттарын бириктиргенде, алардын четки саканактары бири-бирине дал келип ашталганда, канат боо менен орой чалып байланат. Боз үйдүн чоңдугу кереге канаттарынын санына жараша: эң кичинеси 4, эң чоңу 12 канат деп өлчөнөт. Кереге жошо, сыр, боёк, темир даты менен боёлгон. Учурда боз үйдүн башка жыгачтары сыяктуу кереге да өндүрүштө даярдалат.
300 <i>см</i>, баш аягы бирдей жумуру (56–60 даана)
саканактардан (таякчалардан) жасалат. Сака&shy;нактарды эчки тал, сары талдын кабыгын аз аарчып, ичин көздөй бир ийип, теске салып, көлөкөгө кургатып жасайт, уук байланчу баш
жагынан 15–20 <i>см</i> жери сыртын көздөй ийип маталат. Саканактардын ар бири 14–18 <i>см</i> ара&shy;лыкта бири-бири м-н кайчылаштырылып кө&shy;зөлүп, ага өткөрүлгөн көктүн эки жагы түйүлүп бекитилет. К-нин көктөлүп бириккен жери тем&shy;гек деп аталат. Ишти тездетүү, көктү, убакыт&shy;ты үнөмдөө максатында көпчүлүк К-лерде ар бир 3 же 4 катар темгектерден кийинки катары тем&shy;гектелбей (көзөлбөй, көктөлбөй, бош) «азат» калтырылат. К. жайылганда саканактардын кайчылашуусунан пайда болгон төрт жагы бир&shy;дей көзчөлөрдүн чоңураагы ж е л к ө з, кичи&shy;рээги т о р к ө з деп аталат. Саканактардын
баш (жоон) жагынын 70–80 <i>см</i> жеринин ички
бети алакандалып (жалпайтылып), ага 6–12
издүү сай салынат. К-нин ар бир канаты узуну б-ча 18–20 көздүү, бийикт. (туурасы) б-ча 6–10
көздүү болгон. К. канаттарынын четки кыска саканактары жетим же сыңар саканак делет. Жыйылган К-нин бийикт. 2 <i>м</i>дей, эни 75 <i>см</i>дей
болот. Жазганда бийикт. төмөндөп, эни 2–
2,5 <i>м</i>ге жетет. К-нин уук байланчу жогорку ача&shy;кейлери К. баш, анын карама-каршы төмөнкү бөлүгү К-нин аягы деп аталат. К. канаттарын бириктиргенде, алардын четки саканактары бири-бирине дал келип ашталганда, канат боо м-н орой чалып байланат. Боз үйдүн чоңдугу К. канаттарынын санына жараша: эң кичинеси 4, эң чоңу 12 канат деп өлчөнөт. К. жошо, сыр, боёк, темир даты м-н боёлгон. Учурда боз үйдүн башка жыгачтары сыяктуу К. да өндүрүштө даярдалат.
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]

04:04, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЕРЕГЕ боз үйдүн уук бекитилүүчү каптал жыгачтары.

Диаметри 2,5–3,5 см, узундугу 230–300 см, баш аягы бирдей жумуру (56–60 даана) саканактардан (таякчалардан) жасалат. Сака­нактарды эчки тал, сары талдын кабыгын аз аарчып, ичин көздөй бир ийип, теске салып, көлөкөгө кургатып жасайт, уук байланчу баш жагынан 15–20 см жери сыртын көздөй ийип маталат. Саканактардын ар бири 14–18 см ара­лыкта бири-бири менен кайчылаштырылып кө­зөлүп, ага өткөрүлгөн көктүн эки жагы түйүлүп бекитилет. Керегенин көктөлүп бириккен жери тем­гек деп аталат. Ишти тездетүү, көктү, убакыт­ты үнөмдөө максатында көпчүлүк керегелерде ар бир 3 же 4 катар темгектерден кийинки катары тем­гектелбей (көзөлбөй, көктөлбөй, бош) «азат» калтырылат. Кереге жайылганда саканактардын кайчылашуусунан пайда болгон төрт жагы бир­дей көзчөлөрдүн чоңураагы ж е л к ө з, кичи­рээги т о р к ө з деп аталат. Саканактардын баш (жоон) жагынын 70–80 см жеринин ички бети алакандалып (жалпайтылып), ага 6–12 издүү сай салынат. Керегенин ар бир канаты узуну боюнча 18–20 көздүү, бийиктиги (туурасы) боюнча 6–10 көздүү болгон. Кереге канаттарынын четки кыска саканактары жетим же сыңар саканак делет. Жыйылган керегенин бийиктиги 2 мдей, эни 75 смдей болот. Жазганда бийиктиги төмөндөп, эни 2–2,5 мге жетет. Керегенин уук байланчу жогорку ача­кейлери кереге баш, анын карама-каршы төмөнкү бөлүгү керегенин аягы деп аталат. Кереге канаттарын бириктиргенде, алардын четки саканактары бири-бирине дал келип ашталганда, канат боо менен орой чалып байланат. Боз үйдүн чоңдугу кереге канаттарынын санына жараша: эң кичинеси 4, эң чоңу 12 канат деп өлчөнөт. Кереге жошо, сыр, боёк, темир даты менен боёлгон. Учурда боз үйдүн башка жыгачтары сыяктуу кереге да өндүрүштө даярдалат.