ГУДИМЕНКО: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (6 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГУДИМЕ́НКО ''' Николай Иванович | '''ГУДИМЕ́НКО ''' '''Николай Иванович''' [24. 02.1924, [[СССР]], [[РСФСР]], [[Түркстан АССРи]], [[Жети-Суу облусу]], [[Пишпек уезди]], [[Пишпек]] (азыркы Бишкек) шаары – 06. 06.1969, СССР, [[Кыргыз ССРи]], [[Фрунзе]] (азыркы Бишкек) шаары] – Даӊк орденинин толук кавалери. Кызыл Армиянын катарына Фрунзе шаардык аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы 12-октябрда чакырылып, 1943-жылы сентябрь айынан Воронеж, 1-жана 2-[[Украина]] фронтторунда салгылашып, Корсунь-Шевченко, Умань-Ботошань, Яссы-Кишинев, Сандомир-Силезия, Төмөнкү Силезия опепрациялары жана [[Берлин]], [[Прага]] шаарларын бошотууга катышкан. | ||
[[File:ГУДИМЕНКО55.png | thumb | none]] | [[File:ГУДИМЕНКО55.png | thumb | none]] | ||
1944-жылы 31-майда Яссы шаарына жакын жерден душмандын 60 жоокери жана офицери менен 4 пулемётун кошуп 75 мм замбирегин жок кылган эрдиги үчүн сержант Н. И. Гудеменко 21. 06. 1944-жылы 3-даражадагы Даңк орденине (№ 155067) татыктуу болгон. Ошол эле жылы 27-августта Хуши (азыркы [[Румыния]]) шаарын бошотууда душмандын 70 жоокерин жок кылып, 29. 09. 1944-жылы 2- (№ 6280), ал эми 28. 08. 1944-жылы Жижия өзөнүнөн (Прут дарыясынын оң куймасы) өтүүдө көрсөткөн каармандыгы үчүн 10 04. 1945-жылдагы [[СССР Жогорку Советинин Президиму]]нун указына ылайык 1-даражадагы (№ 1331) Даңк ордендери менен сыйланган. 1945-жылы демоблизациялангандан кийин Фрунзе шаарына кайтып келип, завод ж.б. ишканаларда эмгектенген. | |||
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
01:36, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ГУДИМЕ́НКО Николай Иванович [24. 02.1924, СССР, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Пишпек (азыркы Бишкек) шаары – 06. 06.1969, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары] – Даӊк орденинин толук кавалери. Кызыл Армиянын катарына Фрунзе шаардык аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы 12-октябрда чакырылып, 1943-жылы сентябрь айынан Воронеж, 1-жана 2-Украина фронтторунда салгылашып, Корсунь-Шевченко, Умань-Ботошань, Яссы-Кишинев, Сандомир-Силезия, Төмөнкү Силезия опепрациялары жана Берлин, Прага шаарларын бошотууга катышкан.

1944-жылы 31-майда Яссы шаарына жакын жерден душмандын 60 жоокери жана офицери менен 4 пулемётун кошуп 75 мм замбирегин жок кылган эрдиги үчүн сержант Н. И. Гудеменко 21. 06. 1944-жылы 3-даражадагы Даңк орденине (№ 155067) татыктуу болгон. Ошол эле жылы 27-августта Хуши (азыркы Румыния) шаарын бошотууда душмандын 70 жоокерин жок кылып, 29. 09. 1944-жылы 2- (№ 6280), ал эми 28. 08. 1944-жылы Жижия өзөнүнөн (Прут дарыясынын оң куймасы) өтүүдө көрсөткөн каармандыгы үчүн 10 04. 1945-жылдагы СССР Жогорку Советинин Президимунун указына ылайык 1-даражадагы (№ 1331) Даңк ордендери менен сыйланган. 1945-жылы демоблизациялангандан кийин Фрунзе шаарына кайтып келип, завод ж.б. ишканаларда эмгектенген.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.