ГУДИМЕНКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУДИМЕ́НКО Николай Иванович [24. 02.1924, СССР, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Пишпек (азыркы Бишкек) шаары – 06. 06.1969, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары] – Даӊк орденинин толук кавалери. Кызыл Армиянын катарына Фрунзе шаардык аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы 12-октябрда чакырылып, 1943-жылы сентябрь айынан Воронеж, 1-жана 2-Украина фронтторунда салгылашып, Корсунь-Шевченко, Умань-Ботошань, Яссы-Кишинев, Сандомир-Силезия, Төмөнкү Силезия опепрациялары жана Берлин, Прага шаарларын бошотууга катышкан.

1944-жылы 31-майда Яссы шаарына жакын жерден душмандын 60 жоокери жана офицери менен 4 пулемётун кошуп 75 мм замбирегин жок кылган эрдиги үчүн сержант Н. И. Гудеменко 21. 06. 1944-жылы 3-даражадагы Даңк орденине (№ 155067) татыктуу болгон. Ошол эле жылы 27-августта Хуши (азыркы Румыния) шаарын бошотууда душмандын 70 жоокерин жок кылып, 29. 09. 1944-жылы 2- (№ 6280), ал эми 28. 08. 1944-жылы Жижия өзөнүнөн (Прут дарыясынын оң куймасы) өтүүдө көрсөткөн каармандыгы үчүн 10 04. 1945-жылдагы СССР Жогорку Советинин Президимунун указына ылайык 1-даражадагы (№ 1331) Даңк ордендери менен сыйланган. 1945-жылы демоблизациялангандан кийин Фрунзе шаарына кайтып келип, завод ж.б. ишканаларда эмгектенген.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.