КЕНТАШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕНТАШ</b> , р у д а – курамында казып ж-а бөлүп | <b type='title'>КЕНТАШ</b> , р у д а – курамында казып ж-а бөлүп | ||
алууга жарактуу металлдар же алардын бирик­мелери бар минералдардын табигый чогундусу. | алууга жарактуу металлдар же алардын бирик­мелери бар минералдардын табигый чогундусу. Өз ичинен металл ж-а металл эмес кенташ болуп эки түргө бөлүнөт. Металл эмеске асбест, барий, күкүрт, графит, корунд ж. б. кирет. Кенташты түзүүчү минералдардын орун алышына (текстура) жа­раша нык, катмарлуу, темгилдүү, тарамдашкан, ала-була, жол-жол, чачынды, чаар түрлөрдөн турат. Түзүлүшүнө карата бир өңчөй, текши эмес, бүртүктүү, оолит, порфир сыяктуу түрлөргө бөлү­нөт. Катуу, бек тектерде тулку, борпоң чөкмө­лөрдө чачыранды деп аталат. Бир эле минерал­дан турганы – мономинералдуу, көптөгөн ми­нералдардан турса полиминералдуу деп аталат. Курамындагы кымбат баалуу компоненттер боюнча бай, орто, жарды кенташ делет. Пайда болуу шартына жараша эндогендүү, экзогендүү ж-а ме­таморфогендүү түрлөрдөн турат. Кенташтын пайда­-зыяны технологиялык сыноолор ж-а салыштыруу жолу м-н аныкталат. Курамындагы эң негизги ком­поненттердин запасы, өлчөмү, саны, кошулма­ларынын зыян келтирбей турган максималдуу саны өнөр жайлык кондиция деп аталат. Ал кенташты казып алуу мүмкүнчүлүгүн аныктайт. | ||
Өз ичинен металл ж-а металл эмес | |||
Ад.: <i>Вольфсон Ф. И., Дружинин А. В.</i> Главнейшие типы рудных месторождений. М., 1982. | |||
Ад.: <i>Вольфсон Ф. И., Дружинин А. В.</i> Главнейшие | |||
типы рудных месторождений. М., 1982. | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
07:53, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕНТАШ , р у д а – курамында казып ж-а бөлүп алууга жарактуу металлдар же алардын бирикмелери бар минералдардын табигый чогундусу. Өз ичинен металл ж-а металл эмес кенташ болуп эки түргө бөлүнөт. Металл эмеске асбест, барий, күкүрт, графит, корунд ж. б. кирет. Кенташты түзүүчү минералдардын орун алышына (текстура) жараша нык, катмарлуу, темгилдүү, тарамдашкан, ала-була, жол-жол, чачынды, чаар түрлөрдөн турат. Түзүлүшүнө карата бир өңчөй, текши эмес, бүртүктүү, оолит, порфир сыяктуу түрлөргө бөлүнөт. Катуу, бек тектерде тулку, борпоң чөкмөлөрдө чачыранды деп аталат. Бир эле минералдан турганы – мономинералдуу, көптөгөн минералдардан турса полиминералдуу деп аталат. Курамындагы кымбат баалуу компоненттер боюнча бай, орто, жарды кенташ делет. Пайда болуу шартына жараша эндогендүү, экзогендүү ж-а метаморфогендүү түрлөрдөн турат. Кенташтын пайда-зыяны технологиялык сыноолор ж-а салыштыруу жолу м-н аныкталат. Курамындагы эң негизги компоненттердин запасы, өлчөмү, саны, кошулмаларынын зыян келтирбей турган максималдуу саны өнөр жайлык кондиция деп аталат. Ал кенташты казып алуу мүмкүнчүлүгүн аныктайт.
Ад.: Вольфсон Ф. И., Дружинин А. В. Главнейшие типы рудных месторождений. М., 1982.