КЫЛ КУРТТАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЛ КУРТТАР (Gordiacea) – алгачкы көңдөйлүү курттар классы. Денеси кылдай, жумуру, ичке, узун, бир нече смден 1,5 мге жетет, жоондугу 0,5–2 мм. Курт-кумурскалардын, рак сымалдардын митеси. Даяр азыктарды бүткүл денеси м-н соруп азыктанат, себеби алардын ичегиси өөрчүгөн эмес. Бөлүп чыгаруу органы да жок. Нерв системасы кулкундун айланасындагы нерв шакекчесинен башталган нерв түркүктөрүнөн турат. Айрым жыныстуу. Дүйнөдө 5 түркүмү, 300 түрү белгилүү. Жетилген К. к. деңизде, тузсуз сууда жашайт. Алар миллиондогон жумурткасын ак жиптей кылып, бири бирине чаптап таштайт. Андан чыккан личинкасы аралык ээсинин (ийнеликтер, ызылдак чиркейлер ж-а күнүмдүктөрдүн личинкалары) денесине кыймылдуу тумшугунун жардамы м-н тешип кирип, катуу кабык м-н капталып, цистага айланат. Жырткыч, ири курт-кумурскалар (акыркы ээси) аралык ээси м-н азыктанганда, циста ээсинин организминде мителик кылып өөрчүйт, жетилгенде анын денесин тешип сыртка чыгат (демейде ээси өлөт). Өөрчүшү 1 жылга созулат. Тузсуз көлмөдө уз. 1 мге жеткен кадимки К. к. көп таралган, бирок кишиге зыяны жок.