КЫЛ КУРТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЛ КУРТТАР (Gordiacea) – алгачкы көңдөйлүү курттар классы. Денеси кылдай, жумуру, ичке, узун, бир нече смден 1,5 мге жетет, жоондугу 0,5–2 мм. Курт-кумурскалардын, рак сымалдардын митеси. Даяр азыктарды бүткүл денеси м-н соруп азыктанат, себеби алардын ичегиси өөрчүгөн эмес. Бөлүп чыгаруу органы да жок. Нерв системасы кулкундун айланасындагы нерв шакекчесинен башталган нерв түркүктөрүнөн турат. Айрым жыныстуу. Дүйнөдө 5 түркүмү, 300 түрү белгилүү. Жетилген К. к. деңизде, тузсуз сууда жашайт. Алар миллиондогон жумурт­касын ак жиптей кылып, бири бирине чаптап таштайт. Андан чыккан личинкасы аралык ээсинин (ийнеликтер, ызылдак чиркейлер ж-а күнүмдүктөрдүн личинкалары) денесине кый­мылдуу тумшугунун жардамы м-н тешип ки­рип, катуу кабык м-н капталып, цистага айла­нат. Жырткыч, ири курт-кумурскалар (акыркы ээси) аралык ээси м-н азыктанганда, циста ээси­нин организминде мителик кылып өөрчүйт, же­тилгенде анын денесин тешип сыртка чыгат (де­мейде ээси өлөт). Өөрчүшү 1 жылга созулат. Тузсуз көлмөдө уз. 1 мге жеткен кадимки К. к. көп таралган, бирок кишиге зыяны жок.