КЕН КАЗУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЕН КАЗУУ</b> – жер кыртышындагы кен бай&shy;лыктарды орун алган жеринен бөлүп алуу иш&shy;тери. Кендин геол. шартына, физ.-мех. касиет&shy;терине жараша бир топ ыкмалар колдонулат. Адам күчү, механизмдерди колдонуу, жардыруу, физ. ж-а хим. жолдор м-н казып алуу. Көмүрдү казып алууда катмарлардын жайгашуусуна, ка&shy;лыңдыгына, түзүлүшүнө көңүл бөлүнөт. Адеген&shy;де көңдөйлөп, тилке жасап, катмардын калган бөлүгү талкалоочу балка же жардыруучу зат м-н талкалап уратылат. Бургулап жардыруу ыкмасы да колдонулат. Мында майда шнурлар ж-а терең скважиналар аркылуу жардырылат. Камералык дүрмөт минасы да пайдаланылат. Жер үстүнөн кенди казуу иштери экскаватор, бульдозер м-н ишке ашырылат. Катуу, бек кен&shy;таштарды казууда, адегенде, бургулап жарды&shy;рылат. Тоо тектерди бөлүктөргө бөлүп талка&shy;лайт. Борпоң кендер гидромеханизмдер м-н ка&shy;зып алынат. Кесек тектерди, талкаланган кен&shy;дерди драга, топурак соргуч, гидромонитор м-н
<b type='title'>КЕН КАЗУУ</b> – жер кыртышындагы кен бай&shy;лыктарды орун алган жеринен бөлүп алуу иш&shy;тери. Кендин геологиялык шартына, физикалык-механикалык касиет&shy;терине жараша бир топ ыкмалар колдонулат. Адам күчү, механизмдерди колдонуу, жардыруу, физикалык ж-а химиялык жолдор м-н казып алуу. Көмүрдү казып алууда катмарлардын жайгашуусуна, ка&shy;лыңдыгына, түзүлүшүнө көңүл бөлүнөт. Адеген&shy;де көңдөйлөп, тилке жасап, катмардын калган бөлүгү талкалоочу балка же жардыруучу зат м-н талкалап уратылат. Бургулап жардыруу ыкмасы да колдонулат. Мында майда шнурлар ж-а терең скважиналар аркылуу жардырылат. Камералык дүрмөт минасы да пайдаланылат. Жер үстүнөн кенди казуу иштери экскаватор, бульдозер м-н ишке ашырылат. Катуу, бек кен&shy;таштарды казууда, адегенде, бургулап жарды&shy;рылат. Тоо тектерди бөлүктөргө бөлүп талка&shy;лайт. Борпоң кендер гидромеханизмдер м-н ка&shy;зып алынат. Кесек тектерди, талкаланган кен&shy;дерди драга, топурак соргуч, гидромонитор м-н өндүрүп, күчтүү экскаваторлор колдонулат. Нефть м-н газ терең бургулоо скважиналары ар&shy;кылуу өндүрүлөт. Көмүрдү жер астынан күйгүзүп, газга айландырып, газын алса болот. Кээ бир кендер жер астында эритүү жолу м-н өндүрүлөт.
өндүрүп, күчтүү экскаваторлор колдонулат. Нефть м-н газ терең бургулоо скважиналары ар&shy;кылуу өндүрүлөт. Көмүрдү жер астынан күйгүзүп, газга айландырып, газын алса болот. Кээ бир кендер жер астында эритүү жолу м-н өндүрүлөт.


 
Ад.: <i>Шевяков Л. Д.</i> Разработка месторождений полезных ископаемых. М., 1963.
Ад.: <i>Шевяков Л. Д.</i> Разработка месторождений
полезных ископаемых. М., 1963.
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]

07:31, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЕН КАЗУУ – жер кыртышындагы кен бай­лыктарды орун алган жеринен бөлүп алуу иш­тери. Кендин геологиялык шартына, физикалык-механикалык касиет­терине жараша бир топ ыкмалар колдонулат. Адам күчү, механизмдерди колдонуу, жардыруу, физикалык ж-а химиялык жолдор м-н казып алуу. Көмүрдү казып алууда катмарлардын жайгашуусуна, ка­лыңдыгына, түзүлүшүнө көңүл бөлүнөт. Адеген­де көңдөйлөп, тилке жасап, катмардын калган бөлүгү талкалоочу балка же жардыруучу зат м-н талкалап уратылат. Бургулап жардыруу ыкмасы да колдонулат. Мында майда шнурлар ж-а терең скважиналар аркылуу жардырылат. Камералык дүрмөт минасы да пайдаланылат. Жер үстүнөн кенди казуу иштери экскаватор, бульдозер м-н ишке ашырылат. Катуу, бек кен­таштарды казууда, адегенде, бургулап жарды­рылат. Тоо тектерди бөлүктөргө бөлүп талка­лайт. Борпоң кендер гидромеханизмдер м-н ка­зып алынат. Кесек тектерди, талкаланган кен­дерди драга, топурак соргуч, гидромонитор м-н өндүрүп, күчтүү экскаваторлор колдонулат. Нефть м-н газ терең бургулоо скважиналары ар­кылуу өндүрүлөт. Көмүрдү жер астынан күйгүзүп, газга айландырып, газын алса болот. Кээ бир кендер жер астында эритүү жолу м-н өндүрүлөт.

Ад.: Шевяков Л. Д. Разработка месторождений полезных ископаемых. М., 1963.