КАШКА ЧЫМЧЫКТАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАШКА ЧЫМЧЫКТАР</b> (Paridae) – куштардын сайрагыч та­ранчы сымалдар түркүмүнүн тукуму. Денеси жу­муру, узундугу 7,6–20 <i>см</i>ге чейин жетет. Жүнү жум­шак, тумшугу конустай, кээде учтуу. 2 туку­му – кашка чымчыктар (3 уруу, 48 түрү) ж-а куркулдайлар (4 уруу, 10 түрү) бар. | <b type='title'>КАШКА ЧЫМЧЫКТАР</b> (Paridae) – куштардын сайрагыч та­ранчы сымалдар түркүмүнүн тукуму. Денеси жу­муру, узундугу 7,6–20 <i>см</i>ге чейин жетет. Жүнү жум­шак, тумшугу конустай, кээде учтуу. 2 туку­му – кашка чымчыктар (3 уруу, 48 түрү) ж-а куркулдайлар (4 уруу, 10 түрү) бар. Түштук Америка, Мадагаскар ж-а Австралиядан башка жерлерде кеңири та- | ||
09:13, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАШКА ЧЫМЧЫКТАР (Paridae) – куштардын сайрагыч таранчы сымалдар түркүмүнүн тукуму. Денеси жумуру, узундугу 7,6–20 смге чейин жетет. Жүнү жумшак, тумшугу конустай, кээде учтуу. 2 тукуму – кашка чымчыктар (3 уруу, 48 түрү) ж-а куркулдайлар (4 уруу, 10 түрү) бар. Түштук Америка, Мадагаскар ж-а Австралиядан башка жерлерде кеңири та-

ралган. Көбүнчө токойдо жашайт. Канаты тегерек болгондуктан, алыска уча албайт. Буту кыска, тырмагы жакшы өөрчүгөндүктөн, бак-даракта шамдагай жөргөлөп, секирип жүрөт. Көпчүлүгүнүн төбөсү, алкымы кара же күрөң, башынын эки жагы ак. Дарак коңулдарына уялайт, кызыл тактуу 4–14 жумуртка тууйт. 14–17 күндө балапанын басып чыгарат. Зыянкеч курт-кумурскалар ж-а уруктар м-н азыктанат.