КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР</b> | <b type='title'>КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР</b> Кыргызстандын түндүгүндө табылган коло кенчтер жана казыналар аймакта биздин заманга чейинки XII–IX кылымдарда металл иштетүү болгондугун далилдейт. | ||
түндүгүндө табылган коло кенчтер | |||
Алар археология или­минде Жети-Суу очогу деп аталат. Жети-Суу очогунан 12 кенч табылып, анда 100дөн ашык буюм болгон. 12 кенчтин тогузу Чүй өрөөнүндөгү Садовый айылынан Ысык-Көлдүн Ак-Суу району­нун Каракол айылына чейинки аймакта табылган. | |||
[[File:КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР6.png | thumb | 1 – оролгон жырткычтын сүрөттөлүшү, таман астында сайгактын башы. Коло. Биздин заманга чейинки VI–V кылымдар. (Ысык-Көл өрөөнү); 2 – оролгон пантеранын сүрөттөлүшү бар тактача. Ат жабдыктарынын бөлүгү. Коло. Биздин заманга чейинки VIII–VII кылымдар. (Ысык-Көл өрөөнү).]] | |||
Металл өндүрүү жана андан буюмдарды жа­соо технологиясы коло доорунун маданиятын окуп үйрөнүүдө мааниси зор. А. Д. Дегтяреванын изилдөөсү боюнча Жети-Суу очогунда коло буюм­дарын даярдоодо коргошун, висмут, күмүш, мышьяк көп кошулуп, калыпка куюлгандан кийин металлдын сапатына жараша ысытып, кээде муздак да чабышкан. Жети-Суунун ба­йыркы металл иштетүүчүлөрүнүн салттуу так­шалган ыкмалары болгон, алар укумдан-тукумга өтүп турган. Профессор Е. Е. Кузьмина Орто Азия­дагы коло доорунун кенчтерин эки түргө айырмалайт: | |||
[[File:КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР7.png | thumb | Коло кумура жана табак. XIV кылым.]] | |||
1) уютулган коло, куюлуп жасал­ган жана жарым-жартылай даяр буюмдар; 2) эм­гек, согуш куралдары, кооздуктар жана өздүк буюмдар. Коло доорундагы кенчтер жеке менчиктин пайда болу­шу, өз ара согуштардын тереңдеши, мүлктүк тең­сиздиктин жогорулашы, металл иштетүүчү­лөрдүн өз алдынча адистеши, соода, алма­шуунун өнүгүшү менен байланыштуу. | |||
[[File:КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР7.png | thumb | Коло кумура жана табак. XIV | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
09:33, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР Кыргызстандын түндүгүндө табылган коло кенчтер жана казыналар аймакта биздин заманга чейинки XII–IX кылымдарда металл иштетүү болгондугун далилдейт.
Алар археология илиминде Жети-Суу очогу деп аталат. Жети-Суу очогунан 12 кенч табылып, анда 100дөн ашык буюм болгон. 12 кенчтин тогузу Чүй өрөөнүндөгү Садовый айылынан Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Каракол айылына чейинки аймакта табылган.

Металл өндүрүү жана андан буюмдарды жасоо технологиясы коло доорунун маданиятын окуп үйрөнүүдө мааниси зор. А. Д. Дегтяреванын изилдөөсү боюнча Жети-Суу очогунда коло буюмдарын даярдоодо коргошун, висмут, күмүш, мышьяк көп кошулуп, калыпка куюлгандан кийин металлдын сапатына жараша ысытып, кээде муздак да чабышкан. Жети-Суунун байыркы металл иштетүүчүлөрүнүн салттуу такшалган ыкмалары болгон, алар укумдан-тукумга өтүп турган. Профессор Е. Е. Кузьмина Орто Азиядагы коло доорунун кенчтерин эки түргө айырмалайт:

1) уютулган коло, куюлуп жасалган жана жарым-жартылай даяр буюмдар; 2) эмгек, согуш куралдары, кооздуктар жана өздүк буюмдар. Коло доорундагы кенчтер жеке менчиктин пайда болушу, өз ара согуштардын тереңдеши, мүлктүк теңсиздиктин жогорулашы, металл иштетүүчүлөрдүн өз алдынча адистеши, соода, алмашуунун өнүгүшү менен байланыштуу.