КЕГЕТИ (Чүй районундагы суу): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КЕГЕТИ 1 to КЕГЕТИ (Чүй районундагы суу)) |
(Айырма жок)
| |
05:34, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕГЕТИ – Чүй районундагы суу. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталып, Чүй дарыясына жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Узундугу 55 км, алабынын аянты 290 км2. Баш жагында токойлуу кууш өрөөн м-н агып, нугунда шагыл таштар, босоголор бар. Тоодон чыга бериште өрөөнү кеңейип, салааларга бөлүнүп кетет. Жылдык орточо чыгымы 2,34 м3/сек. Эң көп чыгымы июлда, эң азы февралда байкалат. Декабрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймасы – Көл-Төр (17 км). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кегети, Ак-Бешим ж. б. кыштактар жайгашкан.