КИТЕПКАНА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
мNo edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИТЕПКАНА</b> – басма сөз басылмаларын (<i>ки­теп, гезит, журнал</i> ж. б.) топтоону, сактоону | <b type='title'>КИТЕПКАНА</b> – басма сөз басылмаларын (<i>ки­теп, гезит, журнал</i> ж. б.) топтоону, сактоону жана коомдук пайдаланууну камсыз кылуучу ме­кеме. Китепкана басмадан чыккан басылмаларды топ­тоо, сактоо, окурмандарга сунуш кылуу жана пропагандалоо боюнча иш алып барат, ошондой эле маа­лыматтык библиографиялык иштерди жүргүзөт. Китепкана окур­манга өз алдынча билим алууга, маданий дең­гээлин жогорулатууга жардам берет. Иштөө ык­масына жараша китепканалар массалык, илимий жана ата­йын деп бөлүнөт. Массалык китепканалар адабияттарды тандоо жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жеткирүү, багыт берүү ишин аткарат. Мындай иштерди айылдык жана шаардык китепканалар жүргүзөт. Илимий китепканалар илим, маданият жана эл чарба адистерин тейлейт, ошондой эле студенттердин, мугалимдердин муктаждыктарын канааттандырат. Буга мамлекеттик, академиялык, университеттик жана илимдин бардык тармагын­дагы китепканалар кирет. Ал эми атайын китепканага мисалы: техника, техникалык ишкана, ИИИлер менен ЖОЖдор­дун китепканалары кирет. Китепканалар универсал, тармактуу жана көп тармактуу деп да бөлүнөт. Китепканалардын | ||
негизги багыты – китеп фондун комплекттөө, | негизги багыты – китеп фондун комплекттөө, | ||
уюштуруу | уюштуруу жана окурмандарды тейлөө. <i>Китепка­на фонду, китепкана аралык абонемент, ки­тепкана каталогу, китепкана таануу, ки­тепканалык-библиографиялык классификация</i> ж. б. у. с. тейлөө ыкмалары бар. Китепканалар жазма мурастар сакталчу жай катары байыркы заман­да эле пайда болгон. Кайра жаралуу доорунда | ||
(15–16 к.) Батыш Европада | (15–16 к.) Батыш Европада китепкана иши өзгөчө өнүк­көн. Бирок ал кездеги китепканаларда негизинен сей­рек китептер гана сакталган. Россияда бирин­чи китепкананы 1037-жылы Киевде София соборунда Ярос­лав Мудрый уюштурган. 11–12-кылымдарда Новгород­до, кийин 18-кылымда Россияда бир нече китепкана уюшул­ган. 15–17-кылымдарда Москвада көптөгөн китепканалар ачыл­ган. Пётр Iнин реформасы менен 19-кылымдын аягы – | ||
20- | 20-кылымдын башында Россияда китепкана иши ыкчам | ||
өнүккөн. 1917-жылдан кийин СССРде өзгөчө ыл­дам темпте өнүгө баштаган. 20- | өнүккөн. 1917-жылдан кийин СССРде өзгөчө ыл­дам темпте өнүгө баштаган. 20-кылымдын 70-жыл­дары китепкананын саны Венгрияда 25 миң, Болгари­яда 12 миң, Германияда 22 миң, Польшада 50 миңге жеткен. Ал эми Кыргызстанда Октябрь революци­ясына чейин бир эле китепкана болсо, 2001-2010- жылдары мас­салык китепканалар иштей баштады. Учурда Кыргызстанда <i>Кыргыз улуттук китепкана­сы</i> жана К. Баялинов атындагы <i>Кыргыз Республикасы­нын балдар жана жаштар китепканасы</i> ири китепкана болуп эсептелинет. | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
05:34, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИТЕПКАНА – басма сөз басылмаларын (китеп, гезит, журнал ж. б.) топтоону, сактоону жана коомдук пайдаланууну камсыз кылуучу мекеме. Китепкана басмадан чыккан басылмаларды топтоо, сактоо, окурмандарга сунуш кылуу жана пропагандалоо боюнча иш алып барат, ошондой эле маалыматтык библиографиялык иштерди жүргүзөт. Китепкана окурманга өз алдынча билим алууга, маданий деңгээлин жогорулатууга жардам берет. Иштөө ыкмасына жараша китепканалар массалык, илимий жана атайын деп бөлүнөт. Массалык китепканалар адабияттарды тандоо жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жеткирүү, багыт берүү ишин аткарат. Мындай иштерди айылдык жана шаардык китепканалар жүргүзөт. Илимий китепканалар илим, маданият жана эл чарба адистерин тейлейт, ошондой эле студенттердин, мугалимдердин муктаждыктарын канааттандырат. Буга мамлекеттик, академиялык, университеттик жана илимдин бардык тармагындагы китепканалар кирет. Ал эми атайын китепканага мисалы: техника, техникалык ишкана, ИИИлер менен ЖОЖдордун китепканалары кирет. Китепканалар универсал, тармактуу жана көп тармактуу деп да бөлүнөт. Китепканалардын негизги багыты – китеп фондун комплекттөө, уюштуруу жана окурмандарды тейлөө. Китепкана фонду, китепкана аралык абонемент, китепкана каталогу, китепкана таануу, китепканалык-библиографиялык классификация ж. б. у. с. тейлөө ыкмалары бар. Китепканалар жазма мурастар сакталчу жай катары байыркы заманда эле пайда болгон. Кайра жаралуу доорунда (15–16 к.) Батыш Европада китепкана иши өзгөчө өнүккөн. Бирок ал кездеги китепканаларда негизинен сейрек китептер гана сакталган. Россияда биринчи китепкананы 1037-жылы Киевде София соборунда Ярослав Мудрый уюштурган. 11–12-кылымдарда Новгороддо, кийин 18-кылымда Россияда бир нече китепкана уюшулган. 15–17-кылымдарда Москвада көптөгөн китепканалар ачылган. Пётр Iнин реформасы менен 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Россияда китепкана иши ыкчам өнүккөн. 1917-жылдан кийин СССРде өзгөчө ылдам темпте өнүгө баштаган. 20-кылымдын 70-жылдары китепкананын саны Венгрияда 25 миң, Болгарияда 12 миң, Германияда 22 миң, Польшада 50 миңге жеткен. Ал эми Кыргызстанда Октябрь революциясына чейин бир эле китепкана болсо, 2001-2010- жылдары массалык китепканалар иштей баштады. Учурда Кыргызстанда Кыргыз улуттук китепканасы жана К. Баялинов атындагы Кыргыз Республикасынын балдар жана жаштар китепканасы ири китепкана болуп эсептелинет.