КИТЕПКАНА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
мNo edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КИТЕПКАНА</b> – басма сөз басылмаларын (<i>ки&shy;теп, гезит, журнал</i> ж. б.) топтоону, сактоону ж-а коомдук пайдаланууну камсыз кылуучу ме&shy;кеме. К. басмадан чыккан басылмаларды топ&shy;тоо, сактоо, окурмандарга сунуш кылуу ж-а пропагандалоо б-ча иш алып барат, о. эле маа&shy;лыматтык библиогр. иштерди жүргүзөт. К. окур&shy;манга өз алдынча билим алууга, маданий дең&shy;гээлин жогорулатууга жардам берет. Иштөө ык&shy;масына жараша К-лар массалык, ил. ж-а ата&shy;йын деп бөлүнөт. Массалык К-лар ад-ттарды тандоо ж-а окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жеткирүү, багыт берүү ишин аткарат. Мындай иштерди айылдык ж-а шаардык К-лар жүргүзөт. Ил. К-лар илим, мад-т ж-а эл чарба адистерин тейлейт, о. эле студенттердин, мугалимдердин муктаждыктарын канааттандырат. Буга мамл., акад., ун-ттик ж-а илимдин бардык тармагын&shy;дагы К-лар кирет. Ал эми атайын К-га мис., техника, тех. ишкана, ИИИлер м-н ЖОЖдор&shy;дун К-лары кирет. К-лар универсал, тармактуу ж-а көп тармактуу деп да бөлүнөт. К-лардын
<b type='title'>КИТЕПКАНА</b> – басма сөз басылмаларын (<i>ки&shy;теп, гезит, журнал</i> ж. б.) топтоону, сактоону жана коомдук пайдаланууну камсыз кылуучу ме&shy;кеме. Китепкана басмадан чыккан басылмаларды топ&shy;тоо, сактоо, окурмандарга сунуш кылуу жана пропагандалоо боюнча иш алып барат, ошондой эле маа&shy;лыматтык библиографиялык иштерди жүргүзөт. Китепкана окур&shy;манга өз алдынча билим алууга, маданий дең&shy;гээлин жогорулатууга жардам берет. Иштөө ык&shy;масына жараша китепканалар массалык, илимий жана  ата&shy;йын деп бөлүнөт. Массалык китепканалар адабияттарды тандоо жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жеткирүү, багыт берүү ишин аткарат. Мындай иштерди айылдык жана шаардык китепканалар жүргүзөт. Илимий китепканалар илим, маданият жана эл чарба адистерин тейлейт, ошондой эле студенттердин, мугалимдердин муктаждыктарын канааттандырат. Буга мамлекеттик, академиялык, университеттик жана илимдин бардык тармагын&shy;дагы китепканалар кирет. Ал эми атайын китепканага мисалы: техника, техникалык ишкана, ИИИлер менен ЖОЖдор&shy;дун китепканалары кирет. Китепканалар универсал, тармактуу жана көп тармактуу деп да бөлүнөт. Китепканалардын
негизги багыты – китеп фондун комплекттөө,
негизги багыты – китеп фондун комплекттөө,
уюштуруу ж-а окурмандарды тейлөө. <i>Китепка&shy;на фонду, китепкана аралык абонемент, ки&shy;тепкана каталогу, китепкана таануу, ки&shy;тепканалык-библиографиялык классификация</i> ж. б. у. с. тейлөө ыкмалары бар. К-лар жазма мурастар сакталчу жай катары байыркы заман&shy;да эле пайда болгон. Кайра жаралуу доорунда
уюштуруу жана окурмандарды тейлөө. <i>Китепка&shy;на фонду, китепкана аралык абонемент, ки&shy;тепкана каталогу, китепкана таануу, ки&shy;тепканалык-библиографиялык классификация</i> ж. б. у. с. тейлөө ыкмалары бар. Китепканалар жазма мурастар сакталчу жай катары байыркы заман&shy;да эле пайда болгон. Кайра жаралуу доорунда
(15–16 к.) Батыш Европада К. иши өзгөчө өнүк&shy;көн. Бирок ал кездеги К-ларда негизинен сей&shy;рек китептер гана сакталган. Россияда бирин&shy;чи К-ны 1037-ж. Киевде София соборунда Ярос&shy;лав Мудрый уюштурган. 11–12-к-да Новгород&shy;до, кийин 18-к-да Россияда бир нече К. уюшул&shy;ган. 15–17-к-да Москвада көптөгөн К-лар ачыл&shy;ган. Пётр Iнин реформасы м-н 19-к-дын аягы –
(15–16 к.) Батыш Европада китепкана иши өзгөчө өнүк&shy;көн. Бирок ал кездеги китепканаларда негизинен сей&shy;рек китептер гана сакталган. Россияда бирин&shy;чи китепкананы 1037-жылы Киевде София соборунда Ярос&shy;лав Мудрый уюштурган. 11–12-кылымдарда Новгород&shy;до, кийин 18-кылымда Россияда бир нече китепкана уюшул&shy;ган. 15–17-кылымдарда Москвада көптөгөн китепканалар ачыл&shy;ган. Пётр Iнин реформасы менен 19-кылымдын аягы –
20-к-дын башында Россияда К. иши ыкчам
20-кылымдын башында Россияда китепкана иши ыкчам
өнүккөн. 1917-жылдан кийин СССРде өзгөчө ыл&shy;дам темпте өнүгө баштаган. 20-к-дын 70-жыл&shy;дары К-нын саны Венгрияда 25 миң, Болгари&shy;яда 12 миң, Германияда 22 миң, Польшада 50 миңге жеткен. Ал эми Кырг-нда Октябрь рев&shy;ясына чейин бир эле К. болсо, 2010-ж. 2001 мас&shy;салык К. иштеп, <i>Кыргыз улуттук китепкана&shy;сы</i> ж-а К. Баялинов атн. <i>Кыргыз Республикасы&shy;нын балдар жана жаштар китепканасы</i> ири К. болуп эсептелет.
өнүккөн. 1917-жылдан кийин СССРде өзгөчө ыл&shy;дам темпте өнүгө баштаган. 20-кылымдын 70-жыл&shy;дары китепкананын саны Венгрияда 25 миң, Болгари&shy;яда 12 миң, Германияда 22 миң, Польшада 50 миңге жеткен. Ал эми Кыргызстанда Октябрь революци&shy;ясына чейин бир эле китепкана болсо, 2001-2010- жылдары мас&shy;салык китепканалар иштей баштады. Учурда Кыргызстанда <i>Кыргыз улуттук китепкана&shy;сы</i> жана К. Баялинов атындагы <i>Кыргыз Республикасы&shy;нын балдар жана жаштар китепканасы</i> ири китепкана  болуп эсептелинет.
[[Категория:4-том, 307-352 бб]]
[[Категория:4-том, 307-352 бб]]

05:34, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КИТЕПКАНА – басма сөз басылмаларын (ки­теп, гезит, журнал ж. б.) топтоону, сактоону жана коомдук пайдаланууну камсыз кылуучу ме­кеме. Китепкана басмадан чыккан басылмаларды топ­тоо, сактоо, окурмандарга сунуш кылуу жана пропагандалоо боюнча иш алып барат, ошондой эле маа­лыматтык библиографиялык иштерди жүргүзөт. Китепкана окур­манга өз алдынча билим алууга, маданий дең­гээлин жогорулатууга жардам берет. Иштөө ык­масына жараша китепканалар массалык, илимий жана ата­йын деп бөлүнөт. Массалык китепканалар адабияттарды тандоо жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жеткирүү, багыт берүү ишин аткарат. Мындай иштерди айылдык жана шаардык китепканалар жүргүзөт. Илимий китепканалар илим, маданият жана эл чарба адистерин тейлейт, ошондой эле студенттердин, мугалимдердин муктаждыктарын канааттандырат. Буга мамлекеттик, академиялык, университеттик жана илимдин бардык тармагын­дагы китепканалар кирет. Ал эми атайын китепканага мисалы: техника, техникалык ишкана, ИИИлер менен ЖОЖдор­дун китепканалары кирет. Китепканалар универсал, тармактуу жана көп тармактуу деп да бөлүнөт. Китепканалардын негизги багыты – китеп фондун комплекттөө, уюштуруу жана окурмандарды тейлөө. Китепка­на фонду, китепкана аралык абонемент, ки­тепкана каталогу, китепкана таануу, ки­тепканалык-библиографиялык классификация ж. б. у. с. тейлөө ыкмалары бар. Китепканалар жазма мурастар сакталчу жай катары байыркы заман­да эле пайда болгон. Кайра жаралуу доорунда (15–16 к.) Батыш Европада китепкана иши өзгөчө өнүк­көн. Бирок ал кездеги китепканаларда негизинен сей­рек китептер гана сакталган. Россияда бирин­чи китепкананы 1037-жылы Киевде София соборунда Ярос­лав Мудрый уюштурган. 11–12-кылымдарда Новгород­до, кийин 18-кылымда Россияда бир нече китепкана уюшул­ган. 15–17-кылымдарда Москвада көптөгөн китепканалар ачыл­ган. Пётр Iнин реформасы менен 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Россияда китепкана иши ыкчам өнүккөн. 1917-жылдан кийин СССРде өзгөчө ыл­дам темпте өнүгө баштаган. 20-кылымдын 70-жыл­дары китепкананын саны Венгрияда 25 миң, Болгари­яда 12 миң, Германияда 22 миң, Польшада 50 миңге жеткен. Ал эми Кыргызстанда Октябрь революци­ясына чейин бир эле китепкана болсо, 2001-2010- жылдары мас­салык китепканалар иштей баштады. Учурда Кыргызстанда Кыргыз улуттук китепкана­сы жана К. Баялинов атындагы Кыргыз Республикасы­нын балдар жана жаштар китепканасы ири китепкана болуп эсептелинет.