«КОЗУ КӨРПӨШ-БАЯН СУЛУУ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
мNo edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КОЗУ КӨРПӨШ-БАЯН СУЛУУ»</b> – казак эли­нин лирика-эпикалык дастаны. Анын бир ва­рианты 1812- | <b type='title'>«КОЗУ КӨРПӨШ-БАЯН СУЛУУ»</b> – казак эли­нин лирика-эпикалык дастаны. Анын бир ва­рианты 1812-жылы башкыр тилинде чыккан. Ка­зактарда поэманын 16дан ашуун варианты бар. Дастан 19-кылымда Жөжө жана Жанак деген казак ырчыларынын айтуусунда эл арасына тараган. 19-кылымдын 2-жарымында академик В. В. Радлов жазып алып (1870), немис жана орус тилдеринде бастырган. Ал анын көп томдуу эмгектеринин 3-томунда орун алган. Кийинчерээк Петербург университетинин профессору И. Н. Березин жазып алып (1876), «Түрк хрестоматиясы» деген эмгегинде жарыялаган. Эпосто 90 миң жылкылуу Кара­бай 83 жашка келгенде, Баян аттуу кыздуу бол­гону айтылат. Ал Сарыбай менен бел куда болот, | ||
бирок ал өлгөндөн кийин Карабай кызын же­тим балага бергиси келбей, башка жакка көчүп жөнөйт. Жолдо Бетпак талаага туш келип, мал-­жаны кырыла турган болгондо Кодар аттуу сыйкырчы жигит кудук казып, суу чыгарып, Карабайды кырсыктан сактап калат. Ал ыраа­зычылыгын билдирип, Баянды ага бермекчи болот. Козу Көрпөш Баянды издеп келип, Ко­дардын колунан каза табат. Поэма татар, ал­тай, ногой, кыргыз элдеринде да айтылат. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда дастандын төрт варианты (Б. Алыкулов айткан вариант­тан тараган деп эсептелет) сакталып турат. | |||
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 3-том. Б., 2002. | Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 3-том. Б., 2002. | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
04:52, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
«КОЗУ КӨРПӨШ-БАЯН СУЛУУ» – казак элинин лирика-эпикалык дастаны. Анын бир варианты 1812-жылы башкыр тилинде чыккан. Казактарда поэманын 16дан ашуун варианты бар. Дастан 19-кылымда Жөжө жана Жанак деген казак ырчыларынын айтуусунда эл арасына тараган. 19-кылымдын 2-жарымында академик В. В. Радлов жазып алып (1870), немис жана орус тилдеринде бастырган. Ал анын көп томдуу эмгектеринин 3-томунда орун алган. Кийинчерээк Петербург университетинин профессору И. Н. Березин жазып алып (1876), «Түрк хрестоматиясы» деген эмгегинде жарыялаган. Эпосто 90 миң жылкылуу Карабай 83 жашка келгенде, Баян аттуу кыздуу болгону айтылат. Ал Сарыбай менен бел куда болот, бирок ал өлгөндөн кийин Карабай кызын жетим балага бергиси келбей, башка жакка көчүп жөнөйт. Жолдо Бетпак талаага туш келип, мал-жаны кырыла турган болгондо Кодар аттуу сыйкырчы жигит кудук казып, суу чыгарып, Карабайды кырсыктан сактап калат. Ал ыраазычылыгын билдирип, Баянды ага бермекчи болот. Козу Көрпөш Баянды издеп келип, Кодардын колунан каза табат. Поэма татар, алтай, ногой, кыргыз элдеринде да айтылат. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда дастандын төрт варианты (Б. Алыкулов айткан варианттан тараган деп эсептелет) сакталып турат.
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 3-том. Б., 2002.