КВАНТТЫК ЭЛЕКТР-ДИНАМИКА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КВАНТТЫК ЭЛЕ́КТР-ДИНА́МИКА</b> – электр­магнит талаасынын ж-а анын заряддуу бөлүкчө­лөрү (негизинен электрон, позитрон ж-а мюон) м-н | <b type='title'>КВАНТТЫК ЭЛЕ́КТР-ДИНА́МИКА</b> – электр­магнит талаасынын ж-а анын заряддуу бөлүкчө­лөрү (негизинен электрон, позитрон ж-а мюон) м-н өз ара аракеттенишинин кванттык теориясы. Таж­рыйбада далилденген электр-магнит нурлануу­сунун дискреттүүлүгү жөнүндөгү түшүнүк кванттык электр-динамиканын негизи болуп эсептелет. 1900-жылы М. <i>Планк</i> мо­нохром жарыктын нурлануу процессинин дис­креттүүлүгү жөнүндөгү гипотезаны айткан. Бул ги­потеза боюнча электр-магнит талаасынын энергия­сы белгилүү чоңдукта, башкача айтканда порция түрүндө өз­гөрөт. А. <i>Эйнштейн</i> фотоэффект теориясын су­нуш кылган. Ал теория боюнча электр-магнит та­лаасы фотон деп аталуучу элементардык талаа­лардан турат. Бул эки гипотеза азыркы кезде далилденген. Электр-магнит талаасынын кван­ты (фотону) – жыштыктын берилген чоңдугун­да талаанын мүмкүн болгон минимум энергия­сын <i>Е=h</i>v ж-а импульсун <i>p=h/l</i> алып жүрөт, мында <i>h – Планк турактуулугу, l=с/u</i> – тол­кун узундугу, с – жарык ылдамдыгы. Демек электр-магнит нурлануусуна v ж-а А м-н мү­нөздөлүүчү жалаң эле толкундук эмес, ошондой эле дискреттүүлүк, корпускулалык касиет да тие­шелүү. Электр-магнит нурлануусунун заряддуу бөлүкчөлөр м-н өз ара аракеттениши кванттык электр-динамикада бөлүкчөлөрдүн фотондорду жутушу ж-а бөлүп чыгарышы катары каралат. Фотондордун ал­машуусу заряддуу бөлүкчөлөрдүн өз ара аракет­тенишин шарттайт. Бөлүкчө фотондорду бөлүп чыгарат, аларды кайра жутат; бөлүкчөлөрдүн өзүнүн талаасы м-н өздүк аракети же өз-ара ара­кеттениши төмөндөгүдөй натыйжага алып ке­лет: атомдордогу энергия деңгээлинин Лемб жылышуусу, чачырабашы ж. б. Классикалык электр-динамика түшүндүрө албаган айрым ма­селелер. Кванттык электр-динамикада толук чечмеленген, мисалы, нер­селердин жылуулук бөлүп чыгарышы, жутушу, чачыратышы, заряддуу бөлүкчөлөрдүн электр­магниттик өз ара аракеттениши ж. б. Мындан тышкары электр-магниттик нурдун электрон­дор ж-а позитрондор м-н өз ара аракеттениши сыяктуу башка кубулуштарды да кванттык электр-динамика өтө так түшүндүрөт. | ||
өз ара аракеттенишинин кванттык теориясы. Таж­рыйбада далилденген электр-магнит нурлануу­сунун дискреттүүлүгү | |||
мында <i>h – Планк | |||
электр-магнит нурлануусуна v ж-а А м-н мү­нөздөлүүчү жалаң эле толкундук эмес, | |||
чыгарышы катары каралат. Фотондордун ал­машуусу заряддуу бөлүкчөлөрдүн өз ара аракет­тенишин шарттайт. Бөлүкчө фотондорду бөлүп | |||
чыгарат, аларды кайра жутат; бөлүкчөлөрдүн | |||
өзүнүн талаасы м-н өздүк аракети же өз-ара ара­кеттениши төмөндөгүдөй натыйжага алып ке­лет: атомдордогу энергия деңгээлинин Лемб жылышуусу, чачырабашы ж. б. Классикалык электр-динамика түшүндүрө албаган айрым ма­селелер. | |||
чачыратышы, заряддуу бөлүкчөлөрдүн электр­магниттик өз ара аракеттениши ж. б. Мындан тышкары электр-магниттик нурдун электрон­дор ж-а позитрондор м-н өз ара аракеттениши сыяктуу башка кубулуштарды да | |||
Ад.: <i>Фейнман Р.</i> Квантовая электродинамика. М., 2004. | Ад.: <i>Фейнман Р.</i> Квантовая электродинамика. М., 2004. | ||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
04:02, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КВАНТТЫК ЭЛЕ́КТР-ДИНА́МИКА – электрмагнит талаасынын ж-а анын заряддуу бөлүкчөлөрү (негизинен электрон, позитрон ж-а мюон) м-н өз ара аракеттенишинин кванттык теориясы. Тажрыйбада далилденген электр-магнит нурлануусунун дискреттүүлүгү жөнүндөгү түшүнүк кванттык электр-динамиканын негизи болуп эсептелет. 1900-жылы М. Планк монохром жарыктын нурлануу процессинин дискреттүүлүгү жөнүндөгү гипотезаны айткан. Бул гипотеза боюнча электр-магнит талаасынын энергиясы белгилүү чоңдукта, башкача айтканда порция түрүндө өзгөрөт. А. Эйнштейн фотоэффект теориясын сунуш кылган. Ал теория боюнча электр-магнит талаасы фотон деп аталуучу элементардык талаалардан турат. Бул эки гипотеза азыркы кезде далилденген. Электр-магнит талаасынын кванты (фотону) – жыштыктын берилген чоңдугунда талаанын мүмкүн болгон минимум энергиясын Е=hv ж-а импульсун p=h/l алып жүрөт, мында h – Планк турактуулугу, l=с/u – толкун узундугу, с – жарык ылдамдыгы. Демек электр-магнит нурлануусуна v ж-а А м-н мүнөздөлүүчү жалаң эле толкундук эмес, ошондой эле дискреттүүлүк, корпускулалык касиет да тиешелүү. Электр-магнит нурлануусунун заряддуу бөлүкчөлөр м-н өз ара аракеттениши кванттык электр-динамикада бөлүкчөлөрдүн фотондорду жутушу ж-а бөлүп чыгарышы катары каралат. Фотондордун алмашуусу заряддуу бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттенишин шарттайт. Бөлүкчө фотондорду бөлүп чыгарат, аларды кайра жутат; бөлүкчөлөрдүн өзүнүн талаасы м-н өздүк аракети же өз-ара аракеттениши төмөндөгүдөй натыйжага алып келет: атомдордогу энергия деңгээлинин Лемб жылышуусу, чачырабашы ж. б. Классикалык электр-динамика түшүндүрө албаган айрым маселелер. Кванттык электр-динамикада толук чечмеленген, мисалы, нерселердин жылуулук бөлүп чыгарышы, жутушу, чачыратышы, заряддуу бөлүкчөлөрдүн электрмагниттик өз ара аракеттениши ж. б. Мындан тышкары электр-магниттик нурдун электрондор ж-а позитрондор м-н өз ара аракеттениши сыяктуу башка кубулуштарды да кванттык электр-динамика өтө так түшүндүрөт.
Ад.: Фейнман Р. Квантовая электродинамика. М., 2004.