КОЛОРАДО 2: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОЛОРА́ДО – АКШ м-н Мексикадагы дарыя.
Уз. 2334 км (оң салаасы Грин-Ривер м-н 3200 км), алабынын аянты 635 миң км2. Аска­луу тоолордон башталат да, жарым чөл ж-а чөлдүү аймактар аркылуу агып, Калифорния бу­луңуна куят. Дельтасынын аянты 8000 км2. Дарыя Колорадо платосунда жалпы уз. 800 кмге жеткен терең (1800 мге чейин) шаңшаарларды (Чоң Каньон ж. б.) пайда кылат. Куймалары: Сан-Хуан, Литл-Колорадо, Хила (сол), Грин- Ривер, Дерти-Девил, Эскаланте, Пария, Канаб-


Крик, Вержин (оң). Кар ж-а жамгыр суусунан куралат. Суусу апрелден июлга чейин ташкын­дап, күзүндө ж-а кышында азаят. Орт. чыгымы ортонку агымында 677 м3/сек, сугат каналда­рына ж-а шаарларды суу м-н камсыз кылуу үчүн таралгандыктан, чатында чыгымы 5 м3/сек гана болуп калат. Калифорния булуңунда суу кир­генде анын ташкыны (бийикт. 10 мге чейин) дарыя өрөөнү б-ча 56 кмден ашык аралыкка че­йин жетет. Дарыянын суу ресурстары энергети­када, ирригацияда ж-а суу м-н камсыз кылуу­да пайдаланылат. К-го ири суу сактагычтар ж-а ГЭСтер курулган. К. – АКШдагы агымы жөнгө салынган бирден бир дарыя; анын суусу өлкөнүн башка дарыяларына караганда сугат­ка ж. б. чарбалык муктаждыктарга арбын пай­даланылат. Натыйжада К-нун суусу Мексикага дээрлик жетпейт. Төмөнкү агымында деңиз ке­мелери ж-а биржалар каттайт, бирок дарыянын транспорттук мааниси чектелүү гана. К-нун ала­бында улуттук парктар (мис., Гранд-Каньон, Каньонлендс, Арчес) ж-а эс алуу зоналары бар.