КВАНТТЫК МЕХАНИКА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КВАНТТЫК МЕХА́НИКА</b> , т о л к у н м е х а­н и к а с ы – микробөлүкчөлөрдүн ( | <b type='title'>КВАНТТЫК МЕХА́НИКА</b> , т о л к у н м е х а­ н и к а с ы – микробөлүкчөлөрдүн (мисалы, атом, молекула, кристалл электрондору) кыймыл за­кондорун ж-а түшүндүрүү ыкмаларын аныктоо­чу физикалык теория; кванттык теориянын негизги бөлүмдөрүнүн бири. Кванттык механика атом структурасын, спектрин ж-а элементтердин мезгилдүү система­сын биринчи жолу түшүндүрүүгө, химиялык байла­ныштын табиятын аныктоого мүмкүндүк бер­ди. 20-кылымдын башында Ньютон классикалык механикасы м-н электр-магниттик талаанын классикалык теориясынын жоболору жарыктын зат м-н өз ара аракеттенишине ж-а атомдо бо­луучу процесстерге колдонулбай тургандыгын аныктаган. Бул процесстерди жаңы теориянын негизинде түшүндүрүү үчүн жүргүзгөн аракеттер­дин натыйжасы кванттык механиканын закондорун ачууга алып келди. Квант түшүнүгүн физикага бирин­чи жолу М. Планк жылуулук чыгаруу теория­сына арналган илимий эмгегинде киргизген (1900). Макроскопиялык нерселердин касиеттери алар­ды түзгөн бөлүкчөлөрдүн кыймылы ж-а өз ара аракеттери м-н аныкталат. Кванттык механиканын закондору ядро энергетикасын, кванттык электрониканын ж. б-ды түшүндүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Классикалык механиканын теориясынан айыр­маланып, Кванттык механикада бардык бөлүкчөлөр корпуску­лалык ж-а толкундук (дуализм) касиетке ээ деп эсептелет. Кванттык механикада каралуучу микробөлүкчөлөр­дүн (мисалы, атом электрондорунун) энергиясы дис­креттүү (үзгүлтүксүз) деп далилденет. Кванттык системанын абалы толкундук функция м-н чеч­меленет, ал функциянын модулунун квадраты системанын берилген абалынын ыктымалдуу­лугун ж-а ал маанинин чоңдугун аныктайт. Кванттык механикадан бардык эле физ. чоңдуктар бир убакта так мааниге ээ болбойт деген натыйжа келип чыгат. Толкун функциясы бөлүкчөлөрдүн диф­ракциясын түшүндүрүүчү суперпозиция принци­бине баш иет. Кванттык теориянын өзгөчөлүгү – көпчүлүк физикалык чоңдуктардын мүмкүн болуучу маанилеринин дискреттүүлүгү, мисалы, атом элек­трондорунун энергиясы, кыймыл санынын мо­менти ж-а анын ар кандай багытка проекция­сы ж. б. Кванттык механикада планк туруктуулугу (<i>h</i>) не­гизги мааниге ээ, ал – кубулуштарды туура тү­шүндүрүү үчүн классикалык физика же квант­тык теорияны колдонуларын аныктоочу негиз­ги табият масштабынын (ченинин) бири. Эгер физикалык кубулуш классикалык физика м-н түшүн­дүрүлсө, анда <i>h</i>=0. Бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгын жарык ылдамдыгынан аз учурду караштыруу­чу релятивдик эмес кванттык механика карама-каршылык­сыз толук теория болуп эсептелет. Кванттык механиканын за­кондору көптөгөн макроскопиялык кубулуш­тарды түшүндүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Мис, катуу нерселердин көптөгөн касиеттерин түшүнүүгө, өтө өткөрүмдүүлүк кубулушун, фер­ромагнетизмди, өтө агуучулукту ж. б. түшүн­дүрүүгө мүмкүндүк берди. Кванттык механиканын закондору­нун негизинде ядро энергиясы, кванттык элек­троника түшүндүрүлөт. | ||
молекула, кристалл электрондору) кыймыл за­кондорун ж-а түшүндүрүү ыкмаларын аныктоо­чу | |||
Ад.: <i>Блохинцев Д. И.</i> Основы квантовой механики. 7-е изд. СПб., 2004; <i>Фок В. А.</i> Начала квантовой механики. 5-е изд. М., 2008. | |||
Ад.: <i>Блохинцев Д. И.</i> Основы квантовой механики. | |||
7-е изд. СПб., 2004; <i>Фок В. А.</i> Начала квантовой механики. 5-е изд. М., 2008. | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
05:53, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КВАНТТЫК МЕХА́НИКА , т о л к у н м е х а н и к а с ы – микробөлүкчөлөрдүн (мисалы, атом, молекула, кристалл электрондору) кыймыл закондорун ж-а түшүндүрүү ыкмаларын аныктоочу физикалык теория; кванттык теориянын негизги бөлүмдөрүнүн бири. Кванттык механика атом структурасын, спектрин ж-а элементтердин мезгилдүү системасын биринчи жолу түшүндүрүүгө, химиялык байланыштын табиятын аныктоого мүмкүндүк берди. 20-кылымдын башында Ньютон классикалык механикасы м-н электр-магниттик талаанын классикалык теориясынын жоболору жарыктын зат м-н өз ара аракеттенишине ж-а атомдо болуучу процесстерге колдонулбай тургандыгын аныктаган. Бул процесстерди жаңы теориянын негизинде түшүндүрүү үчүн жүргүзгөн аракеттердин натыйжасы кванттык механиканын закондорун ачууга алып келди. Квант түшүнүгүн физикага биринчи жолу М. Планк жылуулук чыгаруу теориясына арналган илимий эмгегинде киргизген (1900). Макроскопиялык нерселердин касиеттери аларды түзгөн бөлүкчөлөрдүн кыймылы ж-а өз ара аракеттери м-н аныкталат. Кванттык механиканын закондору ядро энергетикасын, кванттык электрониканын ж. б-ды түшүндүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Классикалык механиканын теориясынан айырмаланып, Кванттык механикада бардык бөлүкчөлөр корпускулалык ж-а толкундук (дуализм) касиетке ээ деп эсептелет. Кванттык механикада каралуучу микробөлүкчөлөрдүн (мисалы, атом электрондорунун) энергиясы дискреттүү (үзгүлтүксүз) деп далилденет. Кванттык системанын абалы толкундук функция м-н чечмеленет, ал функциянын модулунун квадраты системанын берилген абалынын ыктымалдуулугун ж-а ал маанинин чоңдугун аныктайт. Кванттык механикадан бардык эле физ. чоңдуктар бир убакта так мааниге ээ болбойт деген натыйжа келип чыгат. Толкун функциясы бөлүкчөлөрдүн дифракциясын түшүндүрүүчү суперпозиция принцибине баш иет. Кванттык теориянын өзгөчөлүгү – көпчүлүк физикалык чоңдуктардын мүмкүн болуучу маанилеринин дискреттүүлүгү, мисалы, атом электрондорунун энергиясы, кыймыл санынын моменти ж-а анын ар кандай багытка проекциясы ж. б. Кванттык механикада планк туруктуулугу (h) негизги мааниге ээ, ал – кубулуштарды туура түшүндүрүү үчүн классикалык физика же кванттык теорияны колдонуларын аныктоочу негизги табият масштабынын (ченинин) бири. Эгер физикалык кубулуш классикалык физика м-н түшүндүрүлсө, анда h=0. Бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгын жарык ылдамдыгынан аз учурду караштыруучу релятивдик эмес кванттык механика карама-каршылыксыз толук теория болуп эсептелет. Кванттык механиканын закондору көптөгөн макроскопиялык кубулуштарды түшүндүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Мис, катуу нерселердин көптөгөн касиеттерин түшүнүүгө, өтө өткөрүмдүүлүк кубулушун, ферромагнетизмди, өтө агуучулукту ж. б. түшүндүрүүгө мүмкүндүк берди. Кванттык механиканын закондорунун негизинде ядро энергиясы, кванттык электроника түшүндүрүлөт.
Ад.: Блохинцев Д. И. Основы квантовой механики. 7-е изд. СПб., 2004; Фок В. А. Начала квантовой механики. 5-е изд. М., 2008.