«КЕРЗОН ЛИНИЯСЫ»: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КЕ́РЗОН ЛИНИЯСЫ» – </b>Польшанын чыгыш чек | <b type='title'>«КЕ́РЗОН ЛИНИЯСЫ» – </b>Польшанын чыгыш чек | ||
арасы катары 1919- | арасы катары 1919-жылы декабрда Антантанын Жогорку Совети тарабынан сунуш кылынган линиянын шарттуу аталышы. Чек ара жөнүндө Бри­таниянын тышкы иштер министри Ж. Керзон Совет өкмөтүнө жиберген нотасында Кызыл Армиянын чабуулу белгиленген линияда (Грод­но – Яловк – Немиров – Брест-Литовск – Доро­гуск – Устилуг – Крылов – Грубешовдун чы­гыш ж-а Рава-Русскаянын батышынан, Пере­мышлдан Карпатка чейин) токтотулушун та­лап кылган. Совет өкмөтү ага макулдугун бил­дирген. Британиялык дипломат Ж. Керзондун ысмынан «Керзон линиясы» деп аталган. 1939-жылы сентябр­да Германия Польшаны басып алгандан ки­йин, Украина м-н Беларуссиянын батыш бөлүк­төрү СССРге кошулуп, бул жер жөнүндөгү тарыхый чындык калыбына келтирилген. Совет өкмөтү 1944-жылы 11-январдагы билдирүүсүндө ж-а 1945- жылдагы Крым конференциясында согуштан кийин­ки советтик-польшалык чек ара «Керзон линиясы» боюнча өтсө, аны тааный тургандыгын билдирген. 1945-жылы 16-августта СССР м-н элдик демократиялык Польша­нын ортосунда келишимге кол коюлуп, ал боюнча советтик-польшалык чек ара биротоло аныкталган. | ||
ысмынан | |||
чындык калыбына келтирилген. Совет өкмөтү | |||
1944- | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
08:20, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
«КЕ́РЗОН ЛИНИЯСЫ» – Польшанын чыгыш чек арасы катары 1919-жылы декабрда Антантанын Жогорку Совети тарабынан сунуш кылынган линиянын шарттуу аталышы. Чек ара жөнүндө Британиянын тышкы иштер министри Ж. Керзон Совет өкмөтүнө жиберген нотасында Кызыл Армиянын чабуулу белгиленген линияда (Гродно – Яловк – Немиров – Брест-Литовск – Дорогуск – Устилуг – Крылов – Грубешовдун чыгыш ж-а Рава-Русскаянын батышынан, Перемышлдан Карпатка чейин) токтотулушун талап кылган. Совет өкмөтү ага макулдугун билдирген. Британиялык дипломат Ж. Керзондун ысмынан «Керзон линиясы» деп аталган. 1939-жылы сентябрда Германия Польшаны басып алгандан кийин, Украина м-н Беларуссиянын батыш бөлүктөрү СССРге кошулуп, бул жер жөнүндөгү тарыхый чындык калыбына келтирилген. Совет өкмөтү 1944-жылы 11-январдагы билдирүүсүндө ж-а 1945- жылдагы Крым конференциясында согуштан кийинки советтик-польшалык чек ара «Керзон линиясы» боюнча өтсө, аны тааный тургандыгын билдирген. 1945-жылы 16-августта СССР м-н элдик демократиялык Польшанын ортосунда келишимге кол коюлуп, ал боюнча советтик-польшалык чек ара биротоло аныкталган.