ЕВФРАТ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕВФРА́Т – '''Түркия, Сирия, Ирак аймактары аркылуу аккан дарыя. Мурат | '''ЕВФРА́Т – '''Түркия, Сирия, Ирак аймактары аркылуу аккан дарыя. Мурат жана Кара-Суу дарыяларынын кошулушунан пайда болот. Узундугу (Мурат дарыясынын башталышынан Тигр менен кошулганга че­йинки) 3065 ''км'', алабынын аянты 673 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Армян тайпак тоосунан башталып, Жезире пла­тосу, Месопотамия ойдуӊу аркылуу агат. Төмөн­кү агымында Тигр дарыясына кошулуп, Перс булуӊу­на куйган Шатт-эль-Араб дарыясын түзөт. Жазында ташкындап, жайында тартылат. Орточо чыгымы Хит шаары тушта (ушул жерден баштап кеме жүрөт) 840 ''м''<sup>3</sup>/''сек'', төмөн жагында 300–400 ''м''<sup>3</sup>/''сек''га че­йин азаят. Негизинен сугатка пайдаланылат (Месопотамия ойдуӊундагы жээктеринде оазис­тер көп). Евфратка Кебан (Түркия), Табка (Сирия) гидротүйүндөрү курулган. Боюнан Бирежик (Түркия), Эр-Ракка, Дейр-эз-Зор (Сирия), Эр-Ра­мади, Эль-Фаллужа, Эль-Куфа, Эс-Самава, Эн-Насирия (Ирак) шаарлары орун алган. Евфрат менен Тигр- | ||
[[File:ЕВФРАТ11.png | thumb | none]] | [[File:ЕВФРАТ11.png | thumb | none]] | ||
[[File:ЕВФРАТ12.png | thumb | Евфрат. Сириядагы Дейр-эз-Зор шаары тушта.]] | [[File:ЕВФРАТ12.png | thumb | Евфрат. Сириядагы Дейр-эз-Зор шаары тушта.]] | ||
дин аралыгы байыркы цивилизациянын очо­гу болуп (к. ''Шумер, Ассирия, Вавилония'' мака­лаларын), байыркы ''Вавилон'' | дин аралыгы байыркы цивилизациянын очо­гу болуп (к. ''Шумер, Ассирия, Вавилония'' мака­лаларын), байыркы ''Вавилон'' шаары Евфраттын боюнда турган. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | ||
06:13, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ЕВФРА́Т – Түркия, Сирия, Ирак аймактары аркылуу аккан дарыя. Мурат жана Кара-Суу дарыяларынын кошулушунан пайда болот. Узундугу (Мурат дарыясынын башталышынан Тигр менен кошулганга чейинки) 3065 км, алабынын аянты 673 миӊ км2. Армян тайпак тоосунан башталып, Жезире платосу, Месопотамия ойдуӊу аркылуу агат. Төмөнкү агымында Тигр дарыясына кошулуп, Перс булуӊуна куйган Шатт-эль-Араб дарыясын түзөт. Жазында ташкындап, жайында тартылат. Орточо чыгымы Хит шаары тушта (ушул жерден баштап кеме жүрөт) 840 м3/сек, төмөн жагында 300–400 м3/секга чейин азаят. Негизинен сугатка пайдаланылат (Месопотамия ойдуӊундагы жээктеринде оазистер көп). Евфратка Кебан (Түркия), Табка (Сирия) гидротүйүндөрү курулган. Боюнан Бирежик (Түркия), Эр-Ракка, Дейр-эз-Зор (Сирия), Эр-Рамади, Эль-Фаллужа, Эль-Куфа, Эс-Самава, Эн-Насирия (Ирак) шаарлары орун алган. Евфрат менен Тигр-


дин аралыгы байыркы цивилизациянын очогу болуп (к. Шумер, Ассирия, Вавилония макалаларын), байыркы Вавилон шаары Евфраттын боюнда турган.